Кыргызстандын бир катар ченемдик укуктук актылары англис тилине которулат

Кыргызстандын бир катар ченемдик укуктук актыларынын англис тилиндеги котормосу даярдалат. Министрлер кабинетинен билдиришкендей, Кылмыш-жаза кодекси, Укук бузуулар жана Салык кодекстери, “Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө”, “Тышкы миграция жөнүндө” мыйзамдар жана инвестиция багытындагы башка ченемдик укуктук актылар англис тилине которулат. Бул демилге чет өлкөлүк инвесторлордун өлкөнүн мыйзамдары жөнүндө… Кененирээк…

Бишкекке күзүндө 120 жаңы электробус алынат

Бишкекке күзүндө 120 жаңы электробус алынат. Бул тууралуу ордо калаанын вице-мэри Бактыбек Абдиев билдирди. Анын айтымында, учурда транспорт алуу үчүн тендер жарыяланды. Автобустар 350 миңден 420 миң еврого чейин бааланууда. Белгилеп кетсек, мэрия Азия өнүктүрүү банкы менен биргеликте 120 электробус сатып алууга 56 миллион 550… Кененирээк…

Кыргызстанда маймыл чечеги оорусу катталган жок

Кыргызстанда маймыл чечеги оорусу катталган жок. Санэпидкөзөмөл департаментинен билдиришкендей, 23-майга карата маймыл чечеги илдети дүйнөнүн Франция, Испания, Бельгия, Италия, Швеция, Австралия, АКШ жана Канада өлкөлөрүндө катталган. Ал эми Борбор Азияда аталган оору катталган эмес. Оорунун коркунучун азайтуу үчүн ДСУнун төмөнкү сунуштарын аткаруу керек: — оорулуу… Кененирээк…

Ак-Сайга мал айдап кеткен үч киши эки күндөн бери дайынсыз болууда

Ат-Башынын Ак-Муз айылынын үч тургуну Ак-Сай жайлоосуна мал айдап кеткен боюнча дайыны чыкпай жатат. Алар тоого 22-майда таңкы саат алтыда чыгышкан. Арасында мектеп окуучулары да бар. Бул тууралуу “Азаттыкка” Ак-Муз айыл аймагынын башчысы Нурлан Иса уулу билдирди. “Бүгүн түштөн кийин төрт кишиден турган топ аларды… Кененирээк…

АКШнын тургуну айлана-чөйрөнүн булгануусу боюнча көйгөйгө көңүл буруунун оригиналдуу жолун ойлоп тапты

АКШнын тургуну айлана-чөйрөнүн булгануусу боюнча көйгөйгө көңүл буруунун оригиналдуу жолун ойлоп тапты. Ал бир ай бою төрт жумада өзү чыгарган таштандыны денесинде ташыйт. Тагыраагы, таштандыларды, анын ичинде бөтөлкөлөрдү, стакандарды, пакеттерди чогултуп, тунук пластикалык костюмга салып кийип жүрөт. Активист адам канча таштанды чыгарарын көргөн эл продукцияны… Кененирээк…

ЖОЖдорго кабыл алуу онлайн жүргүзүлөт

ЖОЖдорго кабыл алуу онлайн жүргүзүлөт. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинин адиси Айнура Асан кызы билдирди. Ал мындай тажрыйба акыркы эки жылдан бери колдонулуп келе жатканын эске салды. Арыз берүүчү 2020.edu.gov.kg порталында катталып, жалпы республикалык тестирлөө сертификатынын номерин жана паспортун киргизиши керек. Андан кийин телефон номерге… Кененирээк…

Таксисттерди лицензия алууга милдеттендире турган мыйзам иштелип чыкты

Ички иштер министрлиги таксисттерди лицензия алууга милдеттендире турган мыйзам долбоорун иштеп чыкты. Ага ылайык, дээрлик бардык жүргүнчү ташуучулар лицензияланууга тийиш. Бир жылга лицензиянын баасы 500 сомду түзөт. Ведомстводон белгиешкендей, документтин максаты коопсуздукту камсыздоо. Мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды.

Унааларды тонировкалоонун тарифтери бекитилди

Унаалардын алдынкы каптал айнектерин күңүрттөө үчүн акы төлөө жана уруксатты каттоо тартиби бекитилди. Тиешелүү чечимге Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду. Ага ылайык, жеке адамдар 80 миң сом, юридикалык жактар 100 миң, чет элдик жарандар 120 миң сом төлөп транспорт каражаттарынын алдыңкы терезелерин карангылатса… Кененирээк…

Алтынбек Аттокур уулу Нарын облусуна прокурор болду

Алтынбек Аттокур уулу Нарын облусунун прокурору болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчулүгү билдирди. Маалыматка ылайык, жаңы дайындалган жетекчи аймактын активине бүгүн тааныштырылды. Алтынбек Аттокур уулу 1976-жылдын 18-февралында Жалал-Абад облусунун Сузак районунда туулган. Буга чейин Жалал-Абад облустук прокуратурасында тергөөчү, прокурордун жардамчысы, район, шаарлардын прокурорлорунун орун… Кененирээк…

Күздөн тарта Бишкектеги маршруткаларда да жол кире карта менен төлөнө баштайт

Күздөн тарта Бишкектеги маршруткаларда да жол кире карта менен төлөнө баштайт. Бул тууралуу шаардык транспорт департаментинин башчысы Максат Нусувалиев билдирди. Ал эми 1-июлдан тарта муниципалдык автобус жана троллейбустарда накталай төлөм системасы жоюлат. Ага ылайык, жүргүнчүлөр жол акыны бир гана “Тулпар” картасы менен төлөшү керек болот.… Кененирээк…