Мектептерде жуманын башында жана аягында милдетүү түрдө гимн ырдалат

Мындан ары мектептерде аптанын башында жана аягында милдетүү түрдө гимн ырдалат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев Баткенде өткөн көчмө жыйында билдирди. Белгиленгендей, бул демилге окуучуларда улуттук аң-сезимди, патриоттуулукту күчөтүү максатын көздөйт.

Кытайдын тургуну 50 миң доллар сарптап 10 итине особняк курду

Кытайдын тургуну 50 миң доллар сарптап 10 итине особняк курду. Бул жумуш иш үч жылга жакын убакытты алды. Иттердин үйүндө лифт, жеке оюн-зоок паркы жана бассейн бар. Жаныбарлар үчүн курулган сарай социалдык тармактарда элди эки жаатка бөлүп, ар кандай талкуууга жем таштады. Интернет колдонуучулардын айрымдары… Кененирээк…

Синоптиктер июнь айындагы аба-ырайы тууралуу маалымат беришти

Синоптиктер июнь айындагы аба ырайы тууралуу маалымат беришти. Жайдын биринчи айынын болжолун Кыргызгидрометтен билдиришти. Алсак, өлкөнүн түндүгүндө күндүз термометрлер +36, түнкүсүн +8 градуска чейин ысыйт. Түштүктө абанын температурасы күндүз +27ден +37ге чейин, түнкүсүн +11ден +15ке чейин өзгөрөт. Июнь айында жаан-чачындын орточо көлөмү нормага жакын болушу… Кененирээк…

Бишкекте мектептерге кошумча имараттарды куруу уланууда

Бишкекте мектептерге кошумча имараттарды куруу уланууда. Мэриянын маалыматына караганда, № 20, 73 жана 40 билим берүү мекемелеринин аймагында иштер жүрүп жатат. Анын алкагында, ар бири 500 орунга ылайыкталган кошумча имараттар курулат. Керектүү шарттарды, атап айтканда, окуу кабинеттерин, спорт залдарын, лабораторияларды жана башка жайларды түзүү пландаштырылууда.

Үч-Коргон ГЭСине Исхак Раззаковдун ысымы расмий ыйгарылды

Үч-Коргон ГЭСине мамлекеттик ишмер Исхак Раззаковдун ысымы расмий ыйгарылды. Бул тууралуу Novosti.kgге энергетика министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, Нарын дарыясындагы алгачкы гидро энергетикалык объект болгон Үч-Коргон ГЭСинин 60 жылдыгы белгиленди. Белгилеп кетсек, аталган ГЭСтин кубаттуулугу 180 мегаватты түзөт. Ушул убакка чейин анда 50 миллиард киловатт сааттан… Кененирээк…

Евразиялык экономикалык форумга байланыштуу милиция айдоочуларды телефон номерлерин унаага калтырып кетүүнү суранат

Евразиялык экономикалык форумга байланыштуу милициянын кайгуул кызматы айдоочуларды телефон номерлерин унаага калтырып кетүүнү суранат. Маалыматка ылайык, 26-27-майда “Манас” аэропортунан Жибек Жолу проспектине чейинки жол, Фучик, Абдрахманов көчөлөрү, Жаш Гвардия бульвары, Чүй, Манас, Айтматов проспектилери убактылуу жабылат. Ал көчөлөргө мүмкүн болушунча унаа токтотпоого жана аргасыз токтотуу… Кененирээк…

Римде иттер үчүн пляж ачылды

Римде иттер үчүн пляж ачылды. Анда үй жаныбарлары ойноп, жаңы досторду таба алышат. Ал жакта жаныбарлар менен деңизде сүзүүнү жактырбаган нааразы эс алуучулар жок. Иттер жуунуудан тышкары йога жана медитация менен алектенишет. Ал эми алардын ээлери үчүн ар кандай мастер-класстар уюштурулуп, анын ичинде үй жаныбарларына… Кененирээк…

Ошто “Коопсуздук-2022” аталышындагы масштабдуу машыгуулар башталды

Ош шаарынын аймагында “Коопсуздук-2022” аталышындагы масштабдуу машыгуулар башталды. Түштүк калаа мэриясынан кабарлашкандай, иш-чаранын максаты аймактагы мамлекеттик, жергиликтүү башкаруу органдарынын, күч түзүмдөрүнүн аскердик жана өзгөчө абал учурунда биргелешип кырдаалды жөнгө салуу боюнча иш аракеттерин текшерүү, аныкталган кемчиликтерди жөнгө салуу болуп саналат. Машыгуу аракеттери чындыкка жакын өткөрүлүп,… Кененирээк…

Жүгүртүүсү 30 млн сомдон ашпаган жеке фирмаларга үстөксүз насыя берүүгө 72 млн доллар бөлүндү

Каржы министрлиги жүгүртүүсү 30 миллион сомдон ашпаган жеке фирмаларга үстөксүз насыя берүү үчүн 72 миллион доллар бөлдү. Бул тууралуу ведомство башчысынын орун басары Руслан Татиков билдирди. Анын айтымында, жүгүртүүсү 8 миллион сомго жеткен соодагерлер 250 миң сомго чейин пайызсыз насыя ала алышат, ал эми 30… Кененирээк…

Кыргыз-кытай чек арасындагы “Эркечтам” өткөрмө бекети убактылуу жабылды

Кыргыз-кытай чек арасындагы “Эркечтам” өткөрмө бекети убактылуу жабылды. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Кытайда нөшөрлөп жааган жамгырдан улам транспорт жана жүктөрдү өткөрүү убактылуу токтотулду. Кытай тарап сел жолдордун айрым жерлерин жууп, көпүрөлөрдү бузуп кеткенин, бирок кызматтар оңдоо иштерин баштаганын билдирди. Чек… Кененирээк…