Жалал-Абадда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды
Жалал-Абад облусунун аймагында жер титирөө катталды. Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө бүгүн саат 15:53тө катталып, очогунда күчү 3 баллга жеткен. Жер титирөө Кетмен-Төбө шаарчасында, Бор-Дөбө, Көк-Бел айылдарында 2 баллга чейин сезилген. Андан жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.