Айыл чарбасын өнүктүрүү эл аралык фонду Кыргызстанга 30 млн доллардан ашык бөлөт

Айыл чарбасын өнүктүрүү эл аралык фонду Кыргызстанга 30 миллион доллардан ашык каражат бөлөт. Бул тууралуу айыл чарба министринин орун басары Нурлан Шерипов билдирди. Анын айтымында, каржылоо келишимин депутаттар жактырды. Акчанын бир бөлүгү кредитке, калганы гранттык негизде берилет. Долбоорду ишке ашыруу мөөнөтү 6 жылды түзөт жана… Кененирээк…

Ош облусунун аймагында 100дөн ашык видеокамера орнотулду

Ош облусунун аймагында 100дөн ашык видеокамера орнотулду. Облустук ички иштер башкармалыгынан такташкандай, камералар Алай, Араван, Кара-Суу, Кара-Кулжа, Ноокат, Өзгѳн, Чоң-Алай райондук ички иштер бѳлүмдѳрү менен биргеликте демѳѳрчүлѳрдүн колдоосу менен орнотулду. Видеобайкоолор калк жыш жайгашкан жерлерде, коомдук жайларда жана унаа жолдоруна ошондой эле, убактылуу кармоочу жайларга… Кененирээк…

Арал-Казарман трассасында жеңил машинелер үчүн убактылуу айланма жол салынды

Арал-Казарман унаа жолунун таш түшкөн тилкесинде жүргүнчүлөрдү ташуучу машинелер үчүн убактылуу айланма жол салынды. Бул тууралуу 24 агенттигине Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришти. Ведомство белгилегендей, трассаны тазалоо иштери тоо тектеринин калган бөлүгү түшкөндөн кийин башталат.

ӨКМ аба-ырайына байланыштуу чукул билдирүү таратты

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аба ырайына байланыштуу чукул билдирүү таратты. Маалыматка ылайык, эртең күндүз жана 28-29-май күндөрү Кыргызстандын аймагында туруксуз аба ырайы күтүлөт. Мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы, 28-майда кээ бир райондордо, 29-майда Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн. Тоо… Кененирээк…

Бишкекте Евразия экономикалык форумунун пленардык жыйыны өтүүдө

Бишкекте Евразия экономикалык форумунун пленардык жыйыны өтүүдө. Иш-чарага Орусиянын президенти, Армениянын премьер-министри, Беларустун премьер-министри видео байланыш аркылуу, Казакстан менен Кыргызстандын президенти жеринде катышууда. Ал эми эртең ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин башчыларынын жыйыны өтөт. Эске салсак, саммиттин күн тартибинде 14 маселе каралат.

Жалал-Абадда брусчатка чыгарган цех ачылды

Жалал-Абадда брусчатка чыгарган цех ачылды. Шаардык мэриядан билдиришкендей, ишкана Коммуналдык чарба жана көрктөндүрүү департаменти тарабынан ишке кирди. Цех брусчатка сатып алчу каражатты үнөмдөө жана шаар көчөлөрүнө сапаттуу брусчатка басуу максатында пайдаланууга берилди. Аны ишке киргизүү жана керектүү каражаттарды сатып алууга жергиликтүү бюджеттен 2 миллион сом… Кененирээк…

Казакстан «Камбар-Ата — 1» ГЭСин курууга катышуусу күтүлүүдө

Казакстан «Камбар-Ата — 1» ГЭСин курууга катышуусу күтүлүүдө. Бул тууралуу “Азаттык” казак президентинин расмий сайтына таянып жазды. Маалыматка ылайык, Касым-Жомарт Токаев бүгүн Садыр Жапаров менен жолугушууда инвестициялык кызматташуу боюнча келечектүү долбоорлордун тизмесин түзүүнү сунуштады. Эске салсак, буга чейин Энергетика министри Доскул Бекмурзаев «Камбар-Ата-1» ГЭСинин курулуш жакынкы… Кененирээк…

Бишкекте жардамга муктаж үй-бүлөлөргө көмөк көрсөтүлдү

Бишкекте жардамга муктаж үй-бүлөлөргө көмөк көрсөтүлдү. Муниципалитеттин басма сөз кызматынан билдиришкендей, жалпысынан 260тан ашык азык-түлүк баштыгы 206 үй-бүлөгө таратылды. Гуманитардык жардам эл аралык агенттиктердин биринин колдоосу менен уюштурулду.

“Коопсуздук-2022” жана “Түштүк-2022” машыгуулары аяктады

Ош жана Жалал-Абад облустарынын аймагында уюштурулган “Коопсуздук-2022” жана “Түштүк-2022” машыгуулары аяктады. Бул тууралуу Коргоо министрлигинен билдиришти. Чындыкка жакын өткөрүлүп, үч күнгө созулган иш-чарада мамлекеттик, жергиликтүү башкаруу органдарынын, күч түзүмдөрүнүн аскердик жана өзгөчө абал учурунда биргелешип кырдаалды жөнгө салуу боюнча иш аракеттери текшерилди. Жыйынтыгында эң активдүү… Кененирээк…

Японияда элита сортундагы эки коон аукциондо 23 миң 55 долларга сатылды

Японияда элита сортундагы эки коон аукциондо 23 миң 55 долларга сатылды. Аукцион Хоккайдо аралында өтүп, сатып алуучу мөмө-жемиштерге үч миллион иен төлөгөн. «Юбари» сорту ачык кызгылт сары түстөгү ширелүү массадагы таттуу даамы үчүн элита болуп саналат. Ошол эле учурда, жемиш дээрлик кемчиликсиз шар формасына ээ.… Кененирээк…