Кыргызстанда доллар кайрадан кымбаттап баштады

Кыргызстанда доллар кайрадан кымбаттап баштады. Учурга карата ордо калаанын коммерциялык банктары жана акча алмаштыруу жайлары америкалык валютаны орточо 84 сомго сатып алып, кайра 85 сомдон сатышууда. Ал эми Улуттук банктын дем алыштарга расмий курсу – 80 сом 77 тыйын деп орнотулду. Белгилеп кетсек, соңку күндөрү… Кененирээк…

Жалал-Абадда чек арачылар үчүн кызматтык үйдүн курулушу аяктоодо

Жалал-Абадда чек арачылар үчүн кызматтык үйдүн курулушу аяктоодо. Бул тууралуу Novosti.kgге президенттин облустагы өкүлчүлүгүнон ырасташты. Маалыматка ылайык, 36 батирлүү үй Шамалды-Сай шаарчасындагы аскер бөлүгүндө иштегендер үчүн курулууда.

Бишкек – Нарын – Торугарт жолунда 3-июнга чейин таш түшүрүү иштери жүргүзүлөт

Бишкек – Нарын – Торугарт жолунун 129-чакырымында 30-майдан 3-июнга чейин таштарды түшүрүү иштери жүргүзүлөт. «Кыргыз темир жолу» ишканасынын маалыматына ылайык, иштер эртең мененки саат 9дан түшкү 3кө чейин уланат. Белгиленгендей, жолду тазалоодо 30-40тан ашык унаа топтолсо таш кулатуу иштери токтотулуп, унаалар өткөрүлүп турат. Мындай жумуштар… Кененирээк…

Бишкекте 1-июнга карата 4 миңден ашык балага материалдык жардам көрсөтүлөт

Бишкекте 1-июнга карата 4 миңден ашык балага материалдык жардам көрсөтүлөт. Мэриядан такташкандай, ата-энесиз балдардын ар бирине 1000 сомдон, ал эми аз камсыз үй-бүлөлөрдүн балдарына 500 сомдон берилет. Мындан тышкары, шаардык ооруканалар баш калкалоочу жайлардын жана интернаттардын жашоочуларын тереңдетилген медициналык текшерүүдөн өткөрүшөт. Муктаж балдар кошумча камсыздандыруу… Кененирээк…

Мектеп бүтүрүүлөрүнө аттестаттарды тапшыруу аземи июлда өтөт

Мектеп бүтүрүүлөрүнө аттестаттарды тапшыруу аземи июлда өтөт. Билим берүү министрлигинен билдиришкендей, 9-класстын окуучулары 5-июлда, 11-класстар 7-июлда документ алышат. Андан соң жогорку окуу жайларга кабыл алуу комиссиясы иштеп баштайт. Университетке тапшыруу онлайн болот. Эске салсак, быйыл 67 миңден ашык 11-класстын жана 100 миңден ашуун 9-класстын окуучусу… Кененирээк…

Эртең Ошто массалык жазгы жарыш өтөт

Эртең Ош шаарында ден соолукту чыңдоочу жалпы жеңил атлетика боюнча жазгы жарыш өтөт. Түштүк калаа мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, жарыш бардык каалоочулар арасында өтүп, 400, 500, 1500, 2200 метр аралыкта чуркоо болот. Массалык иш-чарага ЖОЖдордун жана колледждердин студенттери, орто мектептердин окуучулары, мекеме-ишканалардын кызматкерлери, укук… Кененирээк…

Иран чек ара чектөөлөрүн жеңилдетти

Иран чек ара чектөөлөрүн жеңилдетти. Эми өлкөгө эмделбеген туристтер да келе алышат. Болгону ПЦР тест талап кылынат. Адаттагыдай эле, ал сапарга чейин 72 сааттан эрте эмес жасалышы керек. Ал эми вакцина алгандар үчүн эмдөө курсун аяктагандыгы тууралуу маалымкат берсе жетиштүү. Жаңы эрежелер күчүнө кирди.

Бүгүнтөн тарта 16 мамлекеттик орган ишкерлерди текшерүү укугуна ээ болду

Бүгүнтөн тарта 16 мамлекеттик орган ишкерлерди текшерүү укугуна ээ болду. Тиешелүү документти Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети 18-апрелде бекиткен. Ишкердикти текшерүүгө укугу бар органдардын тизмеси төмөнкүлөр:   1)Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы 2) Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги… Кененирээк…

Кыргызстандын агроөнөр жай комплексин колдоого ЕАӨБ 8 млн доллар бөлөт

Кыргызстандын агроөнөр жай комплексин колдоого Евразия өнүктүрүү банкы 8 миллион доллар бөлөт. Ал үчүн мамлекеттик банктардын бири аркылуу кредиттик линия ачылат. Тиешелүү макулдашууга Бишкекте өткөн Евразиялык экономикалык форумдун алкагында кол коюлду. Долбоордун максаты – тармакты өнүктүрүү болуп саналат.

Германия өнүктүрүү банкы менен дээрлик 15 млн евро карызды конверсиялоо келишимине кол коюлду

Министрлер кабинети менен Германия өнүктүрүү банкы дээрлик 15 миллион евро өлчөмүндөгү карызды конверсиялоо боюнча келишимге кол коюшту. Мамлекеттик ипотекалык компаниядан билдиришкендей, бул каражат айыл жеринде жашаган аз жана орто кирешелүү үй-бүлөлөр үчүн турак жай курууга жумшалат. Келишимдин шарттарына ылайык, ипотекалык компания акчаны эки жылдын ичинде… Кененирээк…