Садыр Жапаров чек арачыларды кесиптик майрамы менен куттуктады

Президент Садыр Жапаров Чек арачылардын күнү — кесиптик майрамы менен куттуктады. Мамлекет башчысынын куттуктоосу төмөндө: «Урматтуу кыргызстандыктар! Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын жетекчилигин, өздүк курамын жана ардагерлерин Чек арачылар күнү менен өзгөчө жылуу маанай менен куттуктайм! Мамлекеттик чек араны көздүн карегиндей… Кененирээк…

Чолпон-Атада IT мугалимдери үчүн тренинг өтүүдө

Чолпон-Атада IT мугалимдери үчүн тренинг өтүп, ага республиканын бардык аймактарынан өкүлдөр катышууда. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. IT тренерлер катары Microsoftто жана мектеп окуучуларынын электрондук мектеп, маалыматтык коопсуздук маселелери боюнча мектептик билим берүү тармагында тажрыйбасы бар жогорку квалификациялуу адистер… Кененирээк…

Кыргызстан Түркияда өтө турган Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдыкты баштады

Кыргызстан Түркияда өтө турган Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдыкты баштады. Бул тууралуу Маданият министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, учурда иш-чараны жогорку деңгээлде өткөрүү үчүн комитет түзүү чечими кабыл алынды. Эске салсак, IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары быйыл күзүндө Түркиянын Изник шаарында өтөт.

Кыргызстанда кумшекер жетиштүү

Кыргызстанда кумшекер жетиштүү. Айыл чарба министрлиги жарандарды дүрбөлөңгө түшпөөгө чакырат. Ведомстводон билдиришкендей, Бишкектеги гипермаркеттер чекене сатуу үчүн 50 тонна шекер алышты. Товар ошондой эле башка дүкөндөргө да жеткирилди. Учурда азык-түлүк текчелерин керектүү көлөмдө кант менен толтуруу боюнча иш жүрүп жатат. Белгилеп кетсек, 27-майда ордо калаадагы… Кененирээк…

Кыргызстандын атынан ЕЭКтин министри болуп Арзыбек Кожошев дайындалды

Бишкекте өткөн Жогорку Евразиялык экономикалык кеңешинин жүрүшүндө Арзыбек Кожошев Кыргызстандын атынан Евразия экономикалык комиссиянын энергетика жана инфраструктура боюнча министри болуп дайындалды. Бул тууралуу ЕЭКтин басма сөз кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, мурда бул кызматты Темирбек Асанбеков аркалап келген.