Кыргызстан тууралуу туристтер үчүн 14 тилдүү уюлдук тиркеме иштелип чыкты

Кыргызстан тууралуу туристтер үчүн 14 тилдүү уюлдук тиркеме иштелип чыкты. Туризм департаментинен билдиришкендей, SmartGuide деп аталган тиркемеде өлкөнүн туристтик объектилери тууралуу маалымат менен таанышып, локацияларды таап алса болот.   Маалымат QR-код аркылуу 14 тилде жеткиликтүү.

Бишкектин автобус-троллейбустарында накталай эмес төлөм системасына толук өтүү жылдырылды

Бишкектин автобус-троллейбустарында накталай эмес төлөм системасына толук өтүү жылдырылды.  Мындай чечимди мэр Эмилбек Абдыкадыров кабыл алды, — дешти муниципалитеттин басма-сөз кызматынан.   Андан белгилешкендей, буга шаар тургундарынын көбү “Тулпар” картасын алууга жетишпей калгандыгы себеп болду.   Эске салсак, накталай эмес төлөм системасына өтүү эртең, 1-июлда… Кененирээк…

Жалал-Абад шаарында тез татымдардын биринен шаурма жеген 23 адам ууланды

Жалал-Абад шаарында тез татымдардын биринен шаурма жеген 23 адам ууланды. Бул тууралуу “Азаттыкка” облустук ооруканынын башкы дарыгери Кумар Ботокараев билдирди.   Анын айтымында, медициналык жардамга кайрылгандардын абалы туруктуу, дары-дармек жетиштүү. Массалык уулануу боюнча тиешелүү органдарга маалымат берилип, териштирүү иштери жүрүп жатат.   Белгилеп кетсек, адистер… Кененирээк…

Чилиде компания кызматкерине жаңылыштык менен 286 айлыгын бир эле которуп салды

Чилиде компания кызматкерине жаңылыштык менен 286 айлыгын бир эле которуп салды.   Жалпы сумма 40 миллион доллардан ашты. Эркек бул катачылык тууралуу жетекчилигине билдиргенден кийин, андан акчаны кайтарып берүүнү суранышкан.   Кызматкер макул болуп, эртеси банкка бара турганын билдирген. Бирок ал банкка дагы, жумушуна дагы… Кененирээк…

Бишкекте Чүй проспектисинин бир бөлүгү эртең убактылуу жабылат

Бишкекте Чүй проспектисинин бир бөлүгү эртең убактылуу жабылат. Мэрия маалыматына ылайык, 1-июлда кечки саат 5тен түнкү 12ге чейин анын Панфиловдон Эркиндик бульварына чейинки тилкеси чектелет.   Бул Мамлекеттик салык кызматынын кассалык чектерге байланыштуу акциясын өткөрүүгө байланыштуу. Иш-чара Ала-Тоо аянтында өтөт.

Кыргызстандыктар өлкөнүн башкы маселелерин атап беришти

Кыргызстандыктар өлкөнүн башкы маселелерин атап беришти.   Алар – жумушсуздук, жогорку баалар жана коррупция. Мындай маалыматты Кыргызстандагы аналитикалык изилдөөлөр борбору келтирет.   Сурамжылоого катышкандардын 66 пайызы өлкөнүн башкы маселеси деп жумушсуздукту атады. Экинчи, үчүнчү орундарда кымбатчылык жана коррупция – 66, 35 пайыздан. Андан кийин таза… Кененирээк…

Кыргызстан россиялык банктан 500 миллион доллар насыя алат

Кыргызстан россиялык банктан 500 миллион доллар насыя алат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров парламентте билдирди. Анын айтымында, бул сумма жер семирткич, үрөн жана битум алууга жумшалат.   Өкмөт башчы белгилегендей,  айдоо иштерине кышында даярдык көрүлүп, жазгы талаа иштери өз маалында, ирети менен башталат. Насыя алуунун… Кененирээк…

Аптаптуу күндөрү кандай азыктардан баш тартуу керектиги аталды

Аптаптуу күндөрү кандай азыктардан баш тартуу керектиги аталды. Россиялык диетолог Римма Мойсенконун айтымында, ысыкта алкоголдук ичимик, тез татым азыктары, ачуу, майлуу жана куурулган тамак-аштан баш тартуу керек. Нан азыктары, май жана жаңгакты дагы аз өлчөмдө колдонуу сунушталат.   Ысык аба ырайында рациондо жер-жемиш, жашылча, майлуу… Кененирээк…

Ысык-Көл облусунда үч эм жарыкка келди

Ысык-Көл облусунда үч эм жарыкка келди. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Эки уул жана бир кызды 36 жаштагы Тоң районунун тургуну жарык дүйнөгө алып келди. Учурда эне-балдар дарыгерлердин көзөмөлү алдында.   Ымыркайларга Салават, Саламат жана Сауле деген ысымдар ыйгарылды.

Бишкектен Дубай шаарына каттамдардын саны көбөйтүлдү

Бишкектен Дубай шаарына каттамдардын саны көбөйтүлдү. Novosti.kgге  “Манас” эл аралык аэропортунун басма-сөз кызматынан билдиришкендей, буга чейин жумасына аталган багыт боюнча 7 каттам аткарылса, эми алардын саны 10го жеткирилди.   Учуу убактысы 4 саат 20 мүнөттү түзөт.