Түркия өлкөнүн расмий аталышын өзгөрттү

Түркия мамлекети Бириккен улуттар уюмуна өлкөнүн жаңы расмий аталышы Türkiye деп өзгөртүлгөнүн маалымдады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты. Маалыматка ылайык, билдирүүнү аталган өлкөнүн тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу жолдогон.   «Президент Эрдогандын жетекчилиги астында жүргүзүлгөн процесс жыйынтыкталды. Өлкөнүн брендин таанытуу максатында эл аралык аренада Turkey деп… Кененирээк…

Чолпон-Атада оңдоо иштеринен кийин “Алтын Балалык” медициналык-кайра калыбына келтирүү комплекси ачылды

Чолпон-Атада оңдоо иштеринен кийин “Алтын Балалык” медициналык-кайра калыбына келтирүү комплекси ачылды. Ачылыш аземине президент Садыр Жапаров катышты. Комплекс 500 орунга эсептелип, 8 блоктон турат.   Аларда ар кандай бөлүмдөр жайгаштырылды. Уктоочу жайлар, клиникалык лаборатория, ашкана жана магниттик-резонанстык томограф каралган.

Кыргыз-кытай чек арасы убактылуу жабылат

Кыргыз-кытай чек арасы убактылуу жабылат. Мамлекеттик чек ара кызматынын маалыматына ылайык, 3-июндан 5-июнга чейин “Торугарт унаа жолу” жана “Иркештам унаа жолу” өткөрүү түйүндөрү жабык болот.   Бул Кытайда улуттук майрам белгиленгендигине байланыштуу. Транспорт жана жүктү өткөрүү 6-июнда жанданат.

Бишкекте үстүбүздөгү жылдын бюджети бекитилди

Бишкекте үстүбүздөгү жылдын бюджети бекитилди. Мэриянын маалыматына ылайык, киреше жана чыгаша 15 миллиард 22 миллион сомду түзөт. Каражаттын басымдуу бөлүгү, 9,5 миллиарды бул муниципалитет бюджети.   Калган каражат райондук администрациялар арасында бөлүштүрүлөт. Сумманы туура багыттоого жоопкерчилик бюджеттик мекемелердин жана муниципалдык ишканалардын жетекчилигине жүктөлөт.

Республикалык штаб коронавирус ревакцинациясынын зарылчылыгы тууралуу эскертет

Республикалык штаб коронавирус ревакцинациясынын зарылчылыгы тууралуу эскертет. Кеп, өткөн жылы биринчи жана экинчи доза менен эмделгендер жөнүндө болуп жатат.   Бүгүнкү күндө Кыргызстанда COVID-19га каршы вакцинация үчүн Pfizer жана Sinopharm препараттары жеткиликтүү. Эмдөөнүн алгачкы курсун жана бустердик дозасын үй-бүлөлүк медицина борборлорунда алса болот. Белгилеп кетсек,… Кененирээк…

Дүйнө пандемияга чейинки жашоосуна кайтып келүүдө

Дүйнө пандемияга чейинки жашоосуна кайтып келүүдө. Өлкөлөрдүн басымдуусу коронавирустук чектөөлөрдү алып жатат. Бул ирет кеп Тайланд тууралуу болуп жатат.   Бул мамлекетке эс алууга баргандар вакцина сертификатын жана 10 миң долларлык медициналык камсыздоосун көрсөтүшү керек. Эмделбегендер   ПЦР-тесттин оң жыйынтыгын көрсөтүшү керек болот. Саякатчыларга атайын иштелип… Кененирээк…

Бишкекте калкты тейлөө борборлоруна кезекке онлайн туруу үчүн атайын система киргизилди

Бишкекте калкты тейлөө борборлоруна кезекке онлайн туруу үчүн атайын система киргизилди. Санариптик өнүктүрүү министрлигинин маалыматына ылайык,  ал үчүн Earlyone уюлдук тиркемеси сунушталат. Анда калкты тейлөө борборун, бара турчу күндү, убакытты жана кызматты тандоо керек.   Тиркеме кодду генерациялап, электрондук кезек тутумунда виртуалдык орун түзүлөт. Мындай… Кененирээк…

Монополдукка каршы жөнгө салуу мамлекеттик кызматы кумшекерге, бензинге жана өсүмдүк майына бааларды атады

Монополдукка каршы жөнгө салуу мамлекеттик кызматы кумшекерге, бензинге жана өсүмдүк майына бааларды атады. Алсак, бүгүн канттын 1 килограммынын орточо баасы 79 сом, майдын бир литри 160 сом, ал эми бензиндин, дизелдик отундун бир литри 64 сом турат.   Белгилеп кетсек, республика аймагынан айрым товарларды экспорттоого… Кененирээк…

Кантта майыптыгы бар балдар үчүн спорт комплекси курулат

Кантта майыптыгы бар балдар үчүн 1,5 миллион долларга спорт комплекси курулат. Спорт мектептин директору Алмазбек Абиров билдиргендей, курулуш 2 гектарга жакын жерди ээлейт жана бардык шарттар түзүлөт. Маалыматка ылайык, имараттын курулушун Азия паралимпиадалык комитети каржылайт. Ал эми машыгуу үчүн шаймандар чет өлкөдөн алып келинет. Белгилеп… Кененирээк…

Чолпон-Атадагы «Алтын Балалык» ден соолукту чыңдоочу комплекси бүгүн ачылат

Президент Садыр Жапаров 1-2-июнь күндөрү иш сапары менен Ысык-Көл облусуна барат. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти. Сапардын жүрүшүндө мамлекет башчысы билим берүү жана башка объектилердин абалы менен таанышат. Ошондой эле реконструкциядан өткөн Чолпон-Ата шаарындагы «Алтын Балалык» ден соолукту чыңдоочу-реабилитациялык комплексин ачат. Комплекстин ачылышы… Кененирээк…