Франция курамасынын жарым коргоочусу Поль Погба “Манчестер Юнайтедден” кетти

Франция курамасынын жарым коргоочусу Поль Погба “Манчестер Юнайтедден” кетти. Оюнчу командадан эркин агент катары кетип жатат. Аны менен макулдашуу узартылган жок.   Буга чейин Погба “Манчестер Ситиге” өтө турганы тууралуу маалыматтар тараган. Бирок ал “МЮнун” күйөрмандарынын жинине тийбеш үчүн, англиялык клубга өтүү оюнан кайтты. Эми… Кененирээк…

WhatsApp мессенджеринде жаңы функция пайда болот

WhatsApp мессенджеринде жаңы функция пайда болот. Эми колдонуучу байкоосуздан өчүрүп алган билдирүүсүн кайра калыбына келтире алат. Учурда жаратуучулар жаңычылдыктын үстүндө иштеп жатат.   Бул функция качан жалпы колдонуучуларга жеткиликтүү боло турганы такталбайт.

Республиканын тоолуу аймактарында сел жүрүү коркунучу сакталууда

Республиканын тоолуу аймактарында сел жүрүү коркунучу сакталууда. Синоптиктердин маалыматына ылайык, нөшөрлөп жааган жаандан улам мындай абал алдыдагы бир нече күн бою сакталат.   Дарыяларда суунун деңгээли дагы көтөрүлөт. Андыктан, жарандарга этият болуу сунушталат.

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда социалдык дүкөн ачылды

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда социалдык дүкөн ачылды.   Андан аз камсыздалган үй-бүлөлөр керектүү азыктарын акысыз ала алышат. Ал эми каалоочулар аларга жардам берип, социалдык дүкөнгө кийим, гигиеналык каражаттарды, азык-түлүк жана башка товарларды калтырып кетсе болот.

Чолпон-Атада таланттуу балдар үчүн президенттик мектеп курулуп жатат

Чолпон-Атада таланттуу балдар үчүн президенттик мектеп курулуп жатат.   Өлкө башчынын басма сөз кызматынан билдиришкендей, билим берүүчү мекеме 220 окуучуга эсептелип, курулушка каражатты демөөрчүлөр берет.   Мектеп 15-сентябрга чейин ачылат деп пландалууда. Белгилеп кетсек, атайын окуу жай Саламаттыкты сактоо министрлигинин балансында турган курорттордун биринин аймагында… Кененирээк…

“Социалдык келишим” долбоору жакынкы арада өлкөнүн башка аймактарында дагы ишке кирет

“Социалдык келишим” долбоору жакынкы арада өлкөнүн башка аймактарында дагы ишке кирет. Бул тууралуу бизге Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Кудайберген Базарбаев билдирди.   Анын айтымында, сыноо иретинде Кадамжай жана Жумгал райондорунда ишке киргизилген долбоор ийгиликтүү болуп, максатына жетүүдө – аз камсыздалган үй-бүлөлөр жакырчылыктан чыгып баштады.… Кененирээк…

Индия тургуну улам кукси бышырып берген аялы менен ажырашты

Индия тургуну улам кукси бышырып берген аялы менен ажырашты. Эркек аны сотко берип, ажырашууну талап кылды. Ал арызында билдиргендей, аялы тамак жасаганды билбейт, дүкөнгө барганда тез даярдалуучу кесме жана фабрикаттарды гана сатып алат.   Судья анын арызын канаттандырып, жубайларды дароо ажыраштырды.

Бишкекте футбол сүйүүчүлөрү үчүн майрам болот

Бишкекте футбол сүйүүчүлөрү үчүн майрам болот. Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо 8-11-жана 14-июнда Азия Кубогунун тандоо турунун алкагында беттештер өтөт.   Кыргызстан курамасы “F” тобунда Тажикстан, Мьянма жана Сингапур командалары менен ойнойт. Биздин футболчулардан тышкары Азия Кубогу турниринин алкагында беттештер Индия, Кувейт, Малайзия, Монголия жана Өзбекстанда… Кененирээк…

Россия шаарларына каттаган поезддердин билет баасы 3-июндан тарта арзандайт

Россия шаарларына каттаган поезддердин билет баасы 3-июндан тарта арзандайт.   Бул тууралуу “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынан билдиришти. Алсак, Бишкек – Самара поездине билет баасы 3 миң 600дөн 12 миңге чейин жетсе, Бишкек – Казань темир жолу каттамында билеттердин баасы 4 миң 500дөн 17 миң… Кененирээк…

Кыргызстанда унаалардын алдыңкы айнектерин караңгылатууга уруксат берилип баштады

Кыргызстанда унаалардын алдыңкы айнектерин караңгылатууга уруксат берилип баштады. Каалоочулар “Унаа” мамлекеттик ишканасынын каалаган аймактык бөлүмүнө кайрылса болот. Жанында транспорт каттоосунун күбөлүгү жана унаа ээсинин паспорту болушу керек.   Эске салсак, тонировкага уруксат алуу үчүн физикалык жактар жылына 80 миң сом, юридикалык жактар 120 миң сом… Кененирээк…