Оштон Түркиянын Анталия шаарына биринчи чартердик каттам ачылды

Оштон Түркиянын Анталия шаарына биринчи чартердик каттам ачылды. “Манас” эл аралык аэропортунун басма-сөз кызматынан билдиришкендей,  Ош-Анталия багыты боюнча алгачкы чартердик каттам менен 184 жүргүнчү учуп кетти.   Каттамдар жумасына 2 жолу дүйшөмбү жана жума күндөрү аткарылат.

Кыргызстандык ажылардын алгачкы тобу Сауд Арабияга 16-июнда учуп кетет

Кыргызстандык ажылардын алгачкы тобу Сауд Арабияга 16-июнда учуп кетет. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти. Маалыматка ылайык, ар бир топто 405 зыяратчы болуп, аларды сегиз ажы башчы коштоп барат.   Акыркы топ 22-июнда жөнөтүлөт. Эске салсак, Сауд Арабия быйыл ажылык сапар үчүн Кыргызстанга 2 миң 766 орун… Кененирээк…

Аксыда катуу шамал 3 турак жайдын чатырын учуруп кетти

Жалал-Абад облусунун Аксы районунда катуу шамал болуп, турак үйлөрдүн чатырын учуруп кетти. Бул тууралуу ӨКМдан билдиришти. Билдирүүгө ылайык, Кара-Суу жана Кызыл-Туу айыл өкмөтүндөгү 3 турак жайдын, 1 мал сарайдын чатырынын шиферин шамал учурган. Жеринде Жарандык коргонуу кызматы жана райондук куткаруу бөлүмүнүн кызматкерлери тактоо иштерин жүргүзүүдө.… Кененирээк…

Акжол Махмудов эл аралык турнирде алтын медаль утту

3-июнда коңшу Казакстандын Алматы шаарында рейтингдик делген Болат Турлыхановдун Кубогу үчүн эл аралык турниринин экинчи күндүк беттештери уланды. Мелдешке 82 килограмм салмакта катышкан Акжол Махмудов рейтингдик турнирдин финалына чейин жетип, финалда ирандык Пежман Поштам аттуу балбан менен кез келди.   Биринчи бөлүктө ирандык балбан активдүү күрөшпөгөнү үчүн партерге коюлуп, Акжол Махмудовго… Кененирээк…

Айпери Медет кызы эл аралык турнирде алтын медаль утту

Кыргыз балбан кызы Айпери Медет кызы Казакстандын Алматы шаарында өтүп жаткан рейтингдик делген Болат Турлыхановдун Кубогу үчүн эл аралык турниринде алтын медаль утту.   Айпери Медет кызы финалда дагы бир күчтүү делген египеттик Самар Амир Хамза аттуу балбан менен кез келип, 17:6 эсебинде мөөнөтүнөн мурда жеңишке жетип, алтын медалга ээ болду.… Кененирээк…

Түркия президенти Режеп Тайип Эрдоган расмий сапары менен Кыргызстанга келет

Түркия парламентинин төрагасы Мустафа Шентоп ТР президенти Режеп Тайип Эрдогандын Кыргызстанга расмий сапар менен келиши тууралуу Анкарада кыргызстандык депутаттар менен жолугуп жатканда айтканын ТИМ билдирди. Бирок маалыматта расмий сапардын кайсы айда болору так белгиленген эмес. Эске салсак, Жогорку Кеңештин бир нече депутаты 31-майдан 1-июнга чейин… Кененирээк…

Чек ара: тараптар тартылган кошумча күчтөрдү чыгарууну макулдашты

Баткен районунун Булак-Башы аймагындагы ок атышуудан кийин кыргыз-тажик чек ара кызматтарынын жетекчилери жолукту. Бул тууралуу Кыргызстандын Чек ара кызматы кабарлады.   Сүйлөшүүдө тараптар кошумча тартылган күчтөрдү жана каражаттарды чыгарып кетүү, инженердик курулуштарды демонтаждоо, бийиктиктерге чек ара кезметтерин жиберүүгө тыюу салууну макулдашты.   Төрт-Көчө аймагында өткөн… Кененирээк…