Кытайда баштын кыймылы менен уйкунун сапатын баалаган акылдуу жаздык жасалды

Кытайда баштын кыймылы менен уйкунун сапатын баалаган акылдуу жаздык жасалды. Башты кыймылдатканда ал заряддалат — орнотулган система сүрүлүү жана механикалык энергиядан электр энергиясын алат. Акылдуу жаздык фитнес-трекерлерге караганда так жана нормалдуу уйкуга, төшөктөн кулап калуунун алдын алууга жана моюн оорусу бар адамдарды көзөмөлдөөгө ылайыктуу.

Эркиндик бульварындагы мыйзамсыз курулуштар демонтаждалат

Эркиндик бульварындагы мыйзамсыз курулуштар ири өлчөмдө демонтаждалат. Мэриядан билдиришкендей, электр тармагына мыйзамсыз кошулган соода түйүндөр жана объектилер сүрдүрүлөт. Мындан тышкары, балдар аянтчасын Эмен паркына өткөрүү пландалууда. Ал жерде демөөрчүлөрдүн эсебинен аймакты көрктөндүрүү, жарыктандыруу, таман таш, отургучтар жаңыртылууда.

Кыргызстанда Балыкчы – Кочкор темир жолунун курулушу уланууда

Кыргызстанда Балыкчы – Кочкор темир жолунун курулушу уланууда. “Кыргыз темир жолу” ишканасынан билдиришкендей, жолчулар белгиленген иш ыргагын улантууда. Бүгүнкү күндө дээрлик эки чакырым рельс төшөлдү. Ал быйылкы жылы жалпысынан беш чакырымга созулат. Мамлекеттик ишкана долбоорду ишке ашыруунун чоң социалдык-экономикалык мааниси бар экенин белгилейт. Биринчи кезекте… Кененирээк…

Улуттук банк акча которууларды текшерүүнү күчөтүүнү көздөөдө

Улуттук банк акча которууларды текшерүүнү күчөтүүнү көздөөдө. Өлкөнүн башкы каржы мекемеси бул боюнча токтомдун долбоорун иштеп чыкты. Документте бир нече сунуштар бар. Тактап айтканда, кардар 70 миң сом же андан ашык акча которууну көздөсө, анда текшерүүнүн алкагында ал атайын анкета толтуруусу керек болот. Ошондой эле,… Кененирээк…

Каракол – Эңилчек унаа жолунда таш кулап, жабылды

Каракол – Эңилчек унаа жолунда таш кулап, жолду жаап калды. Бул тууралуу президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Маалыматка ылайык, таш унаа жолдун 134-чакырымында кулаган. Таш көчкүнүн узундугу болжол менен 40 метрден ашат. Учурда жолду ачуу иштери жүрүүдө.

Ош шаарынын казысы болуп Мырзакул Осмонов дайындалды

Ош шаарынын мусулмандарынын казысы болуп Мырзакул кары Осмонов дайындалды. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти. Тиешелүү буйрукка Кыргызстан мусулмандарынын муфтийи Замир кары Ракиев кол койду. Мырзакул Осмонов Ош облусунун Чоң-Алай районуна караштуу Дароот-Коргон айылында туулган. Ал 2022-жылдын февраль айынан бүгүнкү күнгө чейин Ош шаарындагы мечиттердин биринде имам-хатиби… Кененирээк…

Курман айттын болжолдуу күнү белгилүү болду

Кыргызстанда быйыл Курман айт болжол менен 9 же 10-июлда белгиленет. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык, бул Курман айттын болжолдуу күнү, тагыраагы бир нече күн калганда белгиленет. Курман айт мусулмандардын башкы майрамдарынын бири. Ал күнү өлкөдө эс алуу жарыяланат.

Кыргызстанда балдарды коронавируска каршы эмдөө пландалууда

Кыргызстанда балдарды коронавируска каршы эмдөө пландалууда. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу Жаркынбек Касымбеков билдирди. “Коронавирустук инфекциянын таасиринен улам балдардын кээ бир оорулары өзгөрүүдө жана биз балдардын белгилүү бир тобун ковидге каршы эмдөөнү баштоону пландап жатабыз”, — деп айтылат маалыматта. Чиновник кошумчалагандай, вирус мутацияланып… Кененирээк…

Өлкөнүн мектептеринде Акыркы коңгуроо салтанатын милиция көзөмөлдөйт

Өлкөнүн мектептеринде Акыркы коңгуроо салтанатын милиция көзөмөлдөйт. Ички иштер министрлигинен билдиришкендей, бул боюнча комплекстүү план бекитилди. Ага ылайык, ар бир мектепке коомдук тартипти жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоочу милиция кызматкерлери бекитилет. Эске салсак, мектептерде акыркы коңгуроо 9-июнда кагылат. Буга чейин кафе, ресторандарда майрамдарды өткөрүүгө, ошондой… Кененирээк…

“Манас айылы” маданий-этнографиялык комплекси президенттик администрациянын карамагына өттү

“Манас айылы” маданий-этнографиялык комплекси президенттик администрациянын карамагына өттү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти. Белгиленгендей, мындай чечим комплексти калыбына келтирүү жана жаңы этномаданий объектилерди куруу максатында кабыл алынды. Министрлер кабинети президенттин иш башкармалыгына комплексти оңдоо, физикалык жактан эскирген объектилерди бузуп, жаңыларын курууну тапшырды. Каржы… Кененирээк…