Ошто мыйзамсыз курулган 30дан ашык соода күркөлөрү жана тейлөө жайлары сүрдүрүлөт

Ош шаарынын аймагына жакын жайгашкан жана Кара-Суу районунун Төлөйкөн айыл өкмөтүнө караган А.Мамыров көчөсүндөгү 32 мыйзамсыз курулган соода күркөлөрү жана тейлөө жайлары сүрдүрүлөт. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, мындай пикирди КР президентинин Ош облусундагы өкүлү Зиядин Жамалдинов жеринде текшерүү… Кененирээк…

АКШда мышык ээси менен бирге университетти бүтүрдү

АКШда мышык ээси менен бирге университетти бүтүрдү. Кыз быйыл жазында окуусун аяктаган. Сабактардын көбү онлайн өтүп, америкалык окууга Zoom платформасы аркылуу туташкан. Билим алууга анын мышыгы да катышып, сабактарды дээрлик калтырган эмес. Үй ээси сабак окуп жатканда, жаныбар дайыма жанында отурган. Окууну аяктаганда кыз мышык… Кененирээк…

Быйыл Жалал-Абадда 30га жакын мектепти ысык тамакка өткөрүү иштери жүргүзүлөт

Быйыл Жалал-Абадда 30га жакын мектепти ысык тамакка өткөрүү иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Программага ылайык, тамак-аш менен камсыз кылуудан тышкары мектептердин инфраструктурасы жакшыртылып, тамактануу жайлары эл аралык стандарттарга ылайык жабдылат. Ошондой эле, ысык тамак уюштуруу боюнча башталгыч класстын мугалимдери, ашпозчулар жана мектеп… Кененирээк…

Бишкектин Абдрахманов көчөсүндөгү бардык троллейбустардын кыймылы убактылуу токтотулду

Бишкектин Абдрахманов көчөсүндөгү бардык троллейбустардын кыймылы убактылуу токтотулду. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалыматка ылайык, № 5, 10, 4, 17, 6, 7 жана 8-троллейбустун кыймылы токтоду. Эске салсак, буга чейин мэрия Москва көчөсү менен Эркиндик бульварынын кесилишиндеги троллейбус линиялары үзүлгөндүгүн билдирген.

«Ливерпуль» клубунун чабуулчусу Садио Мане Англиядан Германияга өтүшү мүмкүн

«Ливерпуль» клубунун чабуулчусу Садио Мане Англиядан Германияга өтүшү мүмкүн. 30 жаштагы сенегалдык чабуулчу Баварияга өтүүгө аз убакыт калды. Анын учурдагы келишими кийинки жайга чейин түзүлгөн. Буга чейин «Бавария» чабуулчу үчүн 27,5 миллион евро + 7,5 миллион бонус катары сунуш кылганы белгилүү болгон, бирок бул шарттар… Кененирээк…

Бардык мамлекеттик кызматтар үчүн накталай эмес төлөмдү киргизүү пландалууда

Кыргызстанда бардык мамлекеттик кызматтар үчүн накталай эмес төлөмдү киргизүү пландалууда. Токтомдун долбоору министрлер кабинети жана Улуттук банк тарабынан иштелип чыкты. Коммерциялык банктар мамлекеттик мекемелерди карталарды, QR-кодду же электрондук акчаны колдонуу менен төлөмдөрдү кабыл алууга мүмкүндүк берүүчү жабдуулар менен камсыз кылуу сунушталат. Бул чечимдин максаты санариптик… Кененирээк…

Таласта 40 жылдан бери капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлбөгөн мектеп ремонттолду

Таласта 40 жылдан бери капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлбөгөн мектеп ремонттолуп, пайдаланууга берилди. Жергиликтүү бийликтин маалыматына караганда, Калба айылындагы мектеп өкмөттүн жана бир катар эл аралык уюмдардын “Жылуулук менен камсыздоону жакшыртуу” долбоорунун алкагында модернизацияланды. Анын негизинде мектептин корпусу жылууланып, имараттын сейсмикалык туруктуулугу бекемделди, жылытуу түзүмү жаңыланып, батареялар… Кененирээк…

Быйыл күзүндө шахмат боюнча адистерди даярдаган борбор түзүлөт

Быйыл күзүндө шахмат боюнча адистерди даярдаган борбор түзүлөт. Кыргызстандын шахмат федерациясынын президенти Милан Турпанов билдиргендей, Арабаев атындагы универститетте жылына 500 бүтүрүүчү болсо, анын 100 бүтүрүүчүсүн ушул борбордон чыгаруу пландалууда. Кийин аларды Баткен, Ош, Жалал-Абад сыяктуу аймактарга жөнөтүү каралууда. Турпанов белгилегендей, муну менен шахмат өлкө боюнча жайылтылат.

Жакында Россиянын Москва жана Новосибирск шаарларынан Ысык-Көлгө жаңы туруктуу каттамдар ачылат

Жакында Россиянын Москва жана Новосибирск шаарларынан Ысык-Көлгө жаңы туруктуу каттамдар ачылат. Бул тууралуу “Манас” эл аралык аэропортунан билдиришти. Маалыматка ылайык, каттамдар Москва-Тамчы-Москва багыты боюнча 16-июндан баштап жумасына эки жолу — бейшемби жана ишемби күндөрү учат. Ал эми дагы бир каттам 19-июндан тарта Новосибирск-Тамчы-Новосибирск багыты боюнча… Кененирээк…

“Бишкек” эркин экономикалык аймагында кубаттуулугу 16 МВт болгон көмөк чордон курулду

“Бишкек” эркин экономикалык аймагында кубаттуулугу 16 мегаватт болгон “Ак-Чий” көмөк чордону курулду. Аталган мамлекеттик мекемеден ишендиришкендей, подстанцияны ишке киргизүү ал жердеги ишканаларды сапаттуу электр энергиясы менен камсыз кылып, процесстердин токтоп калышын азайтат.