Ордо калаада күз-кыш мезгилине даярдык кызуу жүрүүдө

Ордо калаада күз-кыш мезгилине даярдык кызуу жүрүүдө. “Бишкекжылуулукэнерго” ишканасынын отказандары тазаланып, оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп жатат. Ошондой эле Бишкектин Ленин районундагы айрым көчөлөрдө эскилиги жеткен суу түтүктөрү алмаштырылып, жаңысы орнотулууда. Белгилеп кетсек, «Бишкекжылуулукэнерго» ишканасынын балансында жалпысынан 66 откана бар. Коммуналдык ишкана шаардын батыш тарабын: Жал кичирайонун, Газ… Кененирээк…

Мексикада өткөн фестивалда эң ири гамбургер жасалды

Мексикада өткөн фестивалда эң ири гамбургер жасалды. Фаст-фуддун салмагы 285,5 килограммды түзгөн. Натыйжада улуттук рекорд болду. Ашпозчулар бул тамакты даярдоо үчүн болгону 10 мүнөт коротушту. Иш-чаранын уюштуруучуларынын айтымында, бургер порцияларга кесилип, жергиликтүү кайрымдуулук уюмдарына берилет.

Энергетикалык компанияларды бириктирүү процесси бир айдын ичинде бүтөт

Энергетикалык компанияларды бириктирүү процесси бир айдын ичинде бүтөт. Бул тууралуу министр Доскул Бекмурзаев билдирди. Анын айтымында, бөлүштүрүүчү компаниялардын бир бөлүгү «Улуттук электр тармактарына», ал эми “Бишкекжылуулуктармагы” ишканасы “Электр станцияларына”кошулат. Муну менен энергетикалык компаниялардын чыгымдарын оптималдаштырууга мүмкүн болору айтылууда. Үнөмдөлгөн каражаттардын эсебинен жаңы энергетикалык кубаттуулуктар ишке… Кененирээк…

Бишкектин Жал кичирайонунда бала бакчанын курулушу уланууда

Бишкектин Жал кичирайонунда бала бакчанын курулушу уланууда. Мэриянын басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, учурда фундаментти толтуруу иштери менен катар көрктөндүрүү боюнча жумуштар жүрүп жатат. Белгилеп кетсек, мектептке чейинки билим берүү мекемеси 140 орунга чакталган. Жер участогунун аянты дээрлик 2 гектарды, ал эми имараттын аянты 1… Кененирээк…

Билим берүү министрлиги келерки окуу жылынын башталышы боюнча чечим кабыл ала элек

Билим берүү министрлиги келерки окуу жылынын башталышы боюнча чечим кабыл ала элек. Бул тууралуу Novosti.kgге аталган мекемеден билдиришти. Министрлик мектеп окуучуларынын ата-энелеринин бардык кайрылуулары жана пикирлери эске алынат деп ишендирди. Акыркы чечим июль айында кабыл алынат. Эске салсак, быйылкы окуу жылы 1-сентябрда эмес, 15-сентябрда башталган.… Кененирээк…

Памирден 20га жакын үй-бүлө Ош облусунун Чоң-Алай районуна көчүп келет

Памирден 20га жакын үй-бүлө Ош облусунун Чоң-Алай районуна көчүп келет. Бул тууралуу “Азаттык” жазды. Алар көчүп келгенден кийин убактылуу жашап туруу үчүн Чоң-Алай районунун Дароот-Коргон айылындагы лицей мектебинин имаратына жайгаштырылат. Эске салсак, 2019-жылы 50 кишиден турган 11 памирлик үй-бүлө Алай районунун Сары-Могол айылына көчүрүлүп келген.… Кененирээк…

Кыргызстан январь-апрелде мамлекеттик карызды төлөөгө 11 млрд сомдон ашык бөлдү

Ушул жылдын 31-мартына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 5 млрд 157,38 млн долларды (429 млрд 656,56 млн сом) түздү. Бул тууралуу Каржы министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, 2022-жылы январь-апрелде Кыргызстан карызды төлөөгө 11 млрд 643 млн 284 миң сом жумшады. Анын ичинен 8 млрд 587 млн сому… Кененирээк…

Бишкекте Гапар Айтиевдин 110 жылдыгына арналган сүрөт көргөзмө ачылды

Бишкектеги Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинде Кыргыз эл сүрөтчүсү Гапар Айтиевдин 110 жылдыгына арналган мугалимдердин жана окуучулардын “Гапар Айтиевдин жолу менен” аталышындагы сүрөт көргөзмөсүнүн ачылыш аземи өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. Көргөзмөнүн ачылышында… Кененирээк…

Токиодо роботтор үчүн табигый жүздүн аналогу түзүлдү

Токиодо роботтор үчүн табигый жүздүн аналогу түзүлдү. Иштеп чыгуучулардын айтымында, ал аппараттарга адамга көбүрөөк окшош көрүнүштү берет. Материал чыныгы адамдын тери клеткаларынан жасалган. Белгилеп кетсек, терини роботторго “көчүрүү” боюнча буга чейинки эксперименттер анча ийгиликтүү болгон эмес. Ошондуктан япон окумуштуулары жаңы ыкманы колдонушту. Тагыраагы, тери аппаратта… Кененирээк…

Саясий серепчи Марат Казакпаев каза болду

Саясий серепчи Марат Казакпаев бүгүн, 10-июнда болжол менен саат 15:00дө ооруканада каза болду. Маалыматты «Кабар» агенттигине №1 шаардык клиникалык ооруканасынын башкы дарыгери Акылбек Мусаев тастыктады. Күн мурун УКМК Марат Казакпаев ооруканага жаткырылгандыгын кабарлаган. Эске салсак, ал 2021-жылдын апрелинде мамлекетке чыккынчылык кылды деген шек менен кармалган.