Иркутск — Бишкек — Иркутск багыты боюнча жаңы туруктуу аба каттамы ачылды

Иркутск — Бишкек — Иркутск багыты боюнча жаңы туруктуу аба каттамы ачылды. “Манас” эл аралык аэропортунан билдиришкендей, каттам жумасына эки жолу, дүйшөмбү жана бейшемби күндөрү аткарылат.   Учуу убактысы төрт саатты түзөт.

Акылбек Жапаров Казакстандын өкмөт башчысы менен жолукту

Министрлер кабинетинен маалымдашкандай, 16-июнда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Алматы шаарында Туруктуу өнүгүү максаттары боюнча аймактык саммит алкагында Казакстандын өкмөт башчысы Алихан Смаилов менен жолукту.   Жолугушууда эки тараптуу соода-сатык мамилелери, жүк транзити боюнча маселелер талкууланды.   Андан тышкары кызматташуу багыттары, кыргыз-казак өкмөттөр аралык кеңешинин 10-жыйынында жана казак президенти Касым-Жомарт Токаевдин Кыргызстанга расмий… Кененирээк…

Англияда 5 жаштагы кыз Гиннес рекорддор китебине катталды

Англияда 5 жаштагы кыз Гиннес рекорддор китебине катталды. Ал китеп жазып, ага сүрөттөрдү дагы өзү тарткан. Муну менен ал дүйнөдөгү эң жаш жазуучу деп аталды.   Кыздын калемине таандык китеп “Жоголгон мышык” деп аталып, 1 миңден ашык нускада басылды. Китепти чыгарып, аны сатууга жаш жазуучуга… Кененирээк…

Кыргызстанда жаңы окуу жылы 1-сентябрда башталат

Кыргызстанда жаңы окуу жылы 1-сентябрда башталат. Бул тууралуу парламент отурумунда Билим берүү министри Алмазбек Бейшеналиев жарыялады. Анын айтымында, эртең Жогорку Кеңешке тиешелүү токтом долбоору тартууланат.   Эске салсак, окуу жылы быйыл 15-сентябрда башталып, 8-июнда аяктады. Кийин окуунун мындай процессинде көптөгөн маселелер жаралды.   Алсак, июнда… Кененирээк…

Бишкекте эскирген нанды кайра иштетип башташты

Бишкекте эскирген нанды кайра иштетип башташты. Аларды чогултуу үчүн шаар көчөлөрүнө атайын челектер орнотулган. Тургундар мындай жаңычылдыкты жакшы кабыл алды.   Айына активисттер 2-3 тонна нан чогултууда. Ишканадан аны кургатып, майдалашат. Андан кийин жүгөрү, арпа кошулат. Жыйынтыгында мал үчүн пайдалуу жана арзан тоют даяр болот.

Ордо калаада Месароша көчөсү кыймылга ачылды

Ордо калаада Месароша көчөсү кыймылга ачылды. Мэрия маалыматына ылайык, жаңы асфальт катмары төшөлүп, ирригациялык тармак өткөрүлүп, лотоктор орнотулду.   Иштер Кытай грантынын эсебинен “Бишкек көчө тармагын калыбына келтирүү” долбоорунун алкагында жүргүзүлдү.

Баткен районунун Кызыл-Бел айылында жаңы мектеп пайда болду

Баткен районунун Кызыл-Бел айылында жаңы мектеп пайда болду. 24 агенттигине мектеп директору Алтынбек Айдаров билдиргендей, курулуш өткөн жылдын май айында башталган.   Имарат 275 окуучуга чакталат. Анда спорт зал, ашкана, акты зал каралган. Долбоорду ишке ашыруунун баасы 75,5 миллион сомду түзөт.

1 миң кыргызстандык чет мамлекетке чыгуу мүмкүнчүлүгүнөн ажарытылды

1 миң кыргызстандык чет мамлекетке чыгуу мүмкүнчүлүгүнөн ажарытылды. Мамлекеттик салык кызматынын маалыматына ылайык, мындай чара салык жана камсыздандыруу төлөмдөрү боюнча карызы бар жарандарга карата көрүлдү.   Карыздын жалпы суммасы 7,5 миллиард сомдон ашты. Ведомстводон белгилешкендей, бересеси барларга карата башка чара дагы көрүлөт, алсак, унаа же… Кененирээк…

Башкы прокурор Курманкул Зулушев кайрадан ишине киришти

Башкы прокурор Курманкул Зулушев өз милдетин аткарууга киришти. Бул тууралуу тескемеге мамлекет башчысы Садыр Жапаров кол койгону тууралуу маалымат президенттин сайтында бүгүн 16-июнда жарыяланды.   Зулушев жана саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев кызматынан президенттин тескемеси менен 4-июнда убактылуу четтетилишкен жана буга экөөнүн ортосунда түзүлгөн жеке… Кененирээк…

Ош мэриясы автобус сатып алууга кыргыз-өзбек өнүктүрүү фондунан насыя алат

Ош мэриясы автобус сатып алууга кыргыз-өзбек өнүктүрүү фондунан насыя алат. Бул тууралуу шаардык кеңештин сессиясында белгилүү болду. Келишимге ылайык, 1 миллион 850 миң доллар 7 жылга 5 үстөк пайыз менен алынат.   Бул каражатка өзбекстандык заводдон 50 автобус сатып алуу пландалууда.