Аптасына 40 сааттан ашык иштөө ден соолукка зыян

Аптасына 40 сааттан ашык иштөө ден соолукка зыян. Мындай тыянакка окумуштуулар изилдөөдөн кийин келишти. Ал эми интеллектуалдык иш менен алектенгендер максималдуу натыйжалуулук үчүн күнүнө 4-5 саат гана иштеши керек. Кошумчаласак, дарыгерлер мээ 52 мүнөт гана максималдуу активдүү экенин аныкташкан, андан кийин 17 мүнөттүк тыныгуу керек.

Соңку сегиз жылда биринчи жолу рублдин сатуу курсу 1,5 сомго чейин көтөрүлдү

Кыргызстанда соңку сегиз жылда биринчи жолу рублдин сатуу курсу 1,5 сомго чейин көтөрүлдү. Бул көрсөткүч акыркы ирет 2014-жылдын жайында катталган. Июнь айынын башынан бери орус валютасы 20 тыйынга кымбаттады. Улуттук банктын расмий курсу 1 сом 47 тыйын. Ал эми долларга келсек, анын курсу туруктуу бойдон… Кененирээк…

1-июлдан тарта Ысык-Көлгө Өзбекстандан автобус каттай баштайт

1-июлдан тарта Ысык-Көлгө Өзбекстандан автобус каттай баштайт. Novosti.kgге Унаа жана жолдор министрлигинен такташкандай, Чолпон-Ата – Ташкент каттамы күн сайын 10-сентябрга чейин аткарылат. Жолгиренин баасы 1 миң 300 сом. Белгилеп кетсек, 15-майдан тарта Чолпон-Ата – Алматы күнүмдүк автобусу ишке кирген. Сезондук каттам 15-октябарга чейин жүрөт жана… Кененирээк…

“Электр станциялары” ишканасына жаңы башкы директор дайындалды

Таалайбек Байгазиев директорлор кеңешинин чечими менен «Электр станциялары» ААКнын башкы директору болуп дайындалды. Бул тууралуу аталган ишканадан билдиришти. Байгазиев 2021-жылдын июлунан тарта «Улуттук энергетикалык холдинг» ААК башкармалыгынын төрагасы кызматын аркалап келген. Компаниянын мурдагы башкы директору Эркин Тавашаров Энергетика министринин орун басары болуп дайындалган, ал бул… Кененирээк…

Минсктеги Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынында 15 документке кол коюлду

Минск шаарында (Беларусь Республикасы) өткөн Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынтыгы боюнча 15 документе кол коюлду. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди. Кол коюлган документтердин тизмеси төмөндө: 1.»Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттер тарабынан товарлардын айрым түрлөрүн экспорттоону жөнгө салуу боюнча чараларды ишке ашыруунун негизги… Кененирээк…

Кыргызстанда жаңы мамлекеттик ишкана түзүлдү

Кыргызстанда газ, мунай жана мунай продуктуларын ташуу боюнча «Кыргызтранснефтегаз» ишканасы түзүлдү. Тиешелүү токтомго Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон. Жаңы түзүлгөн мекеме Энергетика министрлигине караштуу болуп, ага жаратылыш газын жана суюлтулган газды ташуу, сактоо, кайра иштетүү, мунайды, газды жана аларды кайра иштетүүдөн алынган продуктуларды… Кененирээк…

Оштогу «Достук» чек ара өткөрмө постунда видеокөзөмөл орнотулду

Оштогу «Достук» чек ара өткөрмө бекетине видеокөзөмөл орнотулду. Облустук милициядан белгилешкендей, эми аталган посттогу коомдук тартип 24 саат бою камера аркылуу жүргүзүлөт. Маалым болгондой, кыргыз-өзбек чек ара бектеиндеги элдин коопсуздугун камсыз кылуу боюнча иштер алдыда дагы уланат.

Баткенден “Алтын балалыкка” эс алууга 150 бала жиберилди

Баткендеги аз камсыз үй-бүлөлөрдүн балдары Ысык-Көлдөгү “Алтын балалык” ден соолукту калыбына келтирүү борборунда эс алууда. Жергиликтүү бийликтин колдоосу менен Баткенден 150 бала жиберилген. Балдардын 10 күндүк эс алуусу Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан каржыланат. Алар көлдө 20-30-июнь аралыгында болуп, ар кандай маданий жана көңүл ачуусу программаларга… Кененирээк…

Бул аптада сейрек кездешүүчү астрономиялык окуя болот

Бул аптада сейрек кездешүүчү астрономиялык окуя болот. Горизонтто бир катарга беш планета тизилет — Меркурий, Венера, Марс, Юпитер жана Сатурн. Бейрасмий түрдө бул көрүнүш планеталардын парады деп аталат. Аны 23-июндан 24-июнга караган түнү байкоого болот, ал эми кээ бир планеталарды түн жарымында эле көрүүгө болот.… Кененирээк…

Индия Кыргызстандагы социалдык долбоорлор үчүн 126 млн сомдон ашык бөлөт

Индия Кыргызстанга анча чоң эмес, социалдык-экономикалык жактан натыйжалуу долбоорлорду каржылоо үчүн гранттык негизде 126 миллион сомдон ашуун бөлөт. Тиешелүү келишимди ратификациялоо маселеси бүгүн Жогорку Кеңеште каралды. Бул демилгенин алкагында билим берүү, медициналык кадрларды даярдоо, айыл чарба жана агро өнөр жай, ошондой эле кайра жаралуучу энергетика,… Кененирээк…