Бүгүн түнү сейрек кездешүүчү астрономиялык окуя — планеталардын парады болот

Бүгүн түнү сейрек кездешүүчү астрономиялык окуя — планеталардын парады болот. Юпитер, Меркурий, Сатурн, Венера, Марс, Нептун жана Уран бир катарга тизилет. Куралданбаган көз менен Марс менен Венеранын үстүнөн жаркырап турган жарым айды көрүүгө болот. Кийинки «асман шоу» 18 жылдан кийин гана күтүлөт. Адистердин айтымында, ал… Кененирээк…

Улуттук энергохолдингге жаңы жетекчи дайындалды

Нурлан Садыков Улуттук энергохолдингдин башкармалыгынын төрагасы болуп дайындалды. Бул тууралуу аталган уюмдун басма сөз кызматы билдирди. Ал буга чейин Улуттук энергохолдингдин башкармалыгынын төрагасынын биринчи орун басары кызматын аркалап келген.

Түркмөнстанда аялдардын айдоочулук күбөлүгү алына баштады

Түркмөнстандын Балкан облусундагы Түркмөнбашы шаарында Жол көзөмөл полициясы аял айдоочуларга карата текшерүүлөрүн күчөттү. Жол коопсуздугун камсыздоочу инспекторлор автоунаа айдап бараткан аялдарды токтотуп, ар кандай шылтоолор менен алардын айдоочулук күбөлүктөрүн алып жатат. Балкан облусундагы бир нече аял айдоочулар “Азаттыктын” түркмөн кызматына анонимдүү негизде кайрылып, алардын машинелери… Кененирээк…

Бүткүл дүйнөлүк футбол уюмунун жаңыланган рейтинги жарыяланды

Бүткүл дүйнөлүк футбол уюмунун жаңыланган рейтинги жарыяланды. Бул тууралуу Кыргыз футбол бирикмесинен билдиришти. Рейтингге ылайык, Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы 210 команданын ичинен 95-орунду сактап калды. ФИФАнын рейтинги боюнча командалар Азия кубогу-2023 финалдык этабынын алдындагы чүчү кулакта тайпаларга бөлүштүрүлөт. Эске салсак, “Ак шумкарлар” Бишкекте… Кененирээк…

Өлкөгө Казакстан менен Азербайжандын парламенттик делегациялары келди

Бүгүн Кыргызстанга Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик ассамблеясынын (ТүркПА) Кеңешинин отурумуна жана 11-пленардык жыйынына катышуу үчүн Казакстандын Мажилисинин төрагасы Ерлан Кошанов жана Азербайжандын Улуттук Жыйынынын төрайымы Сахиба Гафарова баштаган парламенттик делегациялары келди. Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдиргендей, меймандарды парламент төрагасынын орун басары Улан Примов тосуп… Кененирээк…

Ош жана Ташкент шаарлары эки тараптуу мамилелерди өнүктүрөт

Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов Ташкент шаарына болгон расмий иш сапарынын алкагында аталган шаардын акими Жахонгир Артикходжаев менен жолугушту. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүү, анын ичинде социалдык-экономикалык кызматташтык, шаар куруу жана турак жай-коммуналдык чарба тармагында… Кененирээк…

Павел Хрипунов президенттин кеңешчиси кызматынан бошотулду

Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын президентинин кеңешчиси Павел Хрипунов ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматынан билдиришти. Хрипуновдун кызматтан эмне себептен алынгандыгы такталган жок.

Жалал-Абад шаарына чакан ГЭС курулат

Жалал-Абад шаарындагы Тоо-Кызыл-Суу айылына чакан ГЭС курулат. Novosti.kgге мэриядан такташкандай, гидроэлектрстанция куруу үчүн жеке ишканага бийлик тарабынан 1,5 гектар жер 49 жылга ижарага берилди. Келишимге ылайык, чакан ГЭС кийинки жылдын аягына чейин бүткөрүлүшү керек. Курулуш аягына чыкканда компания жергиликтүү бюджетке ай сайын 11 миң 200… Кененирээк…

Бишкектеги бала бакчадан чыккан өрт өчүрүлдү

Бишкектеги бала бакчадан чыккан өрт өчүрүлдү. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, өрт түшкү саат 2ге чукул чектөөгө алынып, 3кө жакын толук өчүрүлдү. Болжол менен өрттөнгөн жердин жалпы аянты 200 чарчы метрди түзөт. Кошумчаласак, бүгүн ордо калаадагы Жумабеков көчөсүндө жайгашкан турак үйдүн жанындагы кошумча курулуштан өрт… Кененирээк…

Атактуу ырчы Юрий Шатунов дүйнө салды

“Ласковый май” тобунун солисти Юрий Шатунов дүйнө салды. Бул тууралуу РИА Новости сайты жазды. Шатунов тез жардам кызматынын унаасында бара жатканда жүрөгү токтоп каза болгон. Юрий Шатунов 1973-жылы 6-сентябрда жарык дүйнөгө келген. 1986-жылы “Ласковый май” тобу түзүлүп, “Белые розы”, “Лето”, “Пусть будет ночь”, “Седая ночь”,… Кененирээк…