Улуттук банк жыл башынан бери эң ири интервенция жасады

Улуттук банк жыл башынан бери эң ири интервенция жасап, дээрлик 60 миллион доллар сатып алды. Маалыматка ылайык, бул — валюта рыногундагы кырдаалды турукташтыруу үчүн жасалууда. Өлкөнүн башкы каржы мекемеси ушуну менен ушул айдын башынан бери долларды сатып алуу боюнча үчүнчү интервенция өткөрдү. Жалпысынан быйыл Улуттук… Кененирээк…

Азык-түлүк жана тамак-аш коопсуздугу кеңешинин жаңы курамы түзүлдү

Азык-түлүк жана тамак-аш коопсуздугу кеңешинин жаңы курамы түзүлдү. Тиешелүү чечим министрлер кабинетинин кезектеги жыйынында кабыл алынды. Анын алкагында жарандарды азык-түлүктүн негизги түрлөрү менен туруктуу жана үзгүлтүксүз камсыз кылуу максаты көздөлүүдө. Мындан сырткары, калктын туура тамактануусу боюнча комплекстүү чараларды ишке ашыруу, ооруларды алдын алуу эске алынат.… Кененирээк…

Ысык-Көлдөгү сел 7 үйдүн короосун, 4 гектар эгин талаасын каптады

Ысык-Көлдөгү сел 7 үйдүн короосун, 4 гектар эгин талаасын каптады. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, кечээ, 24-июнда нөшөрлөп жааган жамгырдан улам Ак-Суу районунда сел жүрдү. Жерине техника тартылып, тазалоо иштери жүрүүдө. Чыгымдар боюнча кошумча маалымат берилет.

«Бишкек башкы архитектурага» жаңы жетекчи келди

«Бишкек башкы архитектурага» жаңы жетекчи болуп Урмат Карыбаев дайындалды. Бул тууралуу аталган мамлекеттик мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Урмат Карыбаев Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетин аяктаган. Буга чейин коомдук башталышта Мамкурулуштун директорунун кеңешчиси болуп иштеген. 2009-жылдан бери Архитекторлор союзунун мүчөсү.

Ошто жер силкинди

Бүгүн таңкы саат 5.22де Ош облусунун аймагында жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институту билдирди. Жер титирөөнүн күчү 3,5 баллга жеткен. Силкинүү Алай районунун Сары-Таш, Арча-Булак, Талды-Суу, Ак-Босого, Сары-Могол айылдарында 3 баллга, Кожо-Келен айылында 2 баллга чейин сезилген. Андан жабыркагандар жана кыйроолор болгон жок.

«110» түз байланыш аркылуу билим берүүгө тийиштүү маалыматтарды алса болот

Билим берүү жана илим министрлиги билим берүү чөйрөсүндө калкка маалымат берүү үчүн түз байланыш телефонун ачат. Бул тууралуу Министрлер кабинетинен билдиришти. Тиешелүү чечим өкмөттүн жыйынында бекитилди. Кабыл алынган чечимге ылайык, каалоочулар «110» кыска номердеги түз байланыш аркылуу чалып, Билим берүү жана илим министрлигине тийиштүү суроолорду… Кененирээк…

Айыл чарба министринин биринчи орун басарына сөгүш жарыяланды

Министрлер кабинетини төрагасы Акылбек Жапаров айыл чарба министринин биринчи орун басары Нурдин Алишеровго сөгүш жарыялады. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди. Тиешелүү чечим өкмөттүн кезектеги жыйынында айтылды. Мунун себеби айыл чарба министринин биринчи орун басарынын ушул жылы 20-21-июнунда Минск шаарында (Беларусь) өткөн Евразия… Кененирээк…

Жалал-Абадда беш жылдан бери бүтпөй турган бала бакча пайдаланууга берилди

Жалал-Абад шаарында беш жылдан бери бүтпөй турган бала бакча пайдаланууга берилди. Шаардык мэриядан такташкандай, мектепке чейинки мекеме эки кабаттан турат жана 100 орунга чакталган. Пайдубалы 2017-жылы түптөлгөн бакчанын курулушу ушул убакка чейин  каражаттын тартыштыгынан улам токтоп турган. Имаратка жергиликтүү бюджеттен 18 миллион 600 миң сомдон… Кененирээк…

U-23: Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча курамасы биринчи орун алды

Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча курамасы биринчи орун алды. Бишкектеги 23 жашка чейинки балбандар арасындагы Азия чемпионатында кыргызстандыктар тогуз медалга ээ болушту. Чемпионатта жалпы 10 салмак категория болсо, кыргыз балбандары тогуз салмакта байгелүү орундарга илинди. Муну менен Кыргызстандын курамасы жалпы командалык көрсөткүчтө 205 упай топтоп, биринчи… Кененирээк…

Бишкектеги Ата-Түрк паркы жана Жаштар аллеясы оңдолууда

Бишкектеги Ата-Түрк паркы жана Жаштар аллеясы оңдолууда. Мэриянын маалыматына ылайык, аталган сейил бактардагы отургучтар оңдолуп, таштанды челектер сырдалды. Фонтандын айланасындагы гранит плиталары да жарым-жартылай алмаштырылат. Кошумчаласак, ордо калаадагы сейил бактарына бийлик тийиштүү деңгээлде көңүл бурбай жатканын айтып нааразы болгондор арбын.