Бишкектин борборунда ремонттук иштер пландалган мөөнөттөн эрте бүтүп, жаратылыш газы бериле баштады

Бишкектин борборунда ремонттук иштер пландалган мөөнөттөн эрте бүтүп, жаратылыш газы бериле баштады. Бул тууралуу “Газпром Кыргызстан” компаниясынын билдиришти.   Эске салсак, компания 20-июндан 20-июлга чейин эскирген газ түтүктөрүн алмаштырууну пландаган.  Көгүлтүр от Осмонкул, Лев Толстой, Бейшеналиева, Малышева, Баялинов, Журнальная көчөлөрү жана Жибек Жолу проспекти менен чектелген… Кененирээк…

Ордо калаанын №70 мектебинин бүтүрүүчүсү Эрлан Көлбаев Жалпы республикалык тестирлөөдө эң мыкты жыйынтыкка ээ болду

Ордо калаанын №70 мектебинин бүтүрүүчүсү Эрлан Көлбаев Жалпы республикалык тестирлөөдө эң мыкты жыйынтыкка ээ болду. Билим берүү министрлигинен билдиришкендей, ал мүмкүн болгон 245 упайдан 235 балл топтой алды.   Бул жыйынтык ага Кыргызстандын каалаган жогорку окуу жайына бюджеттик негизде окууга өтүү укугун берет.   Өлкө… Кененирээк…

Япония Бишкек – Ош унаа жолунда кар күрткүлөрүнөн коргоо тосмолоруна   7,5 миллион доллар бөлүп берет

Япония Бишкек – Ош унаа жолунда кар күрткүлөрүнөн коргоо тосмолоруна   7,5 миллион доллар бөлүп берет. Бул тууралуу Унаа жана жолдор министринин орун басары Таабылды Тиллаев билдирди.   Анын айтымында, каражат гранттык негизде тапшырылат. Кардан коргоочу тосмолор япон технологиясы менен курулуп, Төө-Ашуу жана Ала-Бел өтмөктөктөрүндө орнотулат.

Кыргызстанда CASA-1000 долбоорунун алкагында электр өткөрүү линияларын куруу уланууда

Кыргызстанда CASA-1000 долбоорунун алкагында электр өткөрүү линияларын куруу уланууда. Улуттук электр станцияларынан билдиришкендей, бугүнкү күнгө карата иштердин 80 пайыздан ашыгы аткарылды.   Курулуштун активдүү фазасы Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарына туура келет. Жумуштарга 150 атайын техника жана 200дөй адис тартылды.   Эске салсак,  CASA-1000 долбоору… Кененирээк…

Президенттин Жалал-Абаддагы өкүлүнө сөгүш жарыяланды

Маркумду акыркы сапарга узатуудагы ысырапкорчулукту азайтуу боюнча жарлыкты жетиштүү аткарбаганы үчүн президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаевге сөгүш жарыяланды. Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз кызматы билдирди.   Президент Садыр Жапаров быйыл 24-февралда тажыяда мал союуга тыюу салган жарлык чыгарган. Жарлыкты аткарууну көзөмөлдөө мамлекеттик кызматкерлерге… Кененирээк…

Бразилияда аял куурчакка күйөөгө тийди

Бразилияда аял куурчакка күйөөгө тийди. Марсело аттуу куурчагын ал ресторандарга, пляжга алып барып, чогу сейилдеп, бийлеп жүргөн. Андан кийин кыз ага турмушка чыгуу чечимин кабыл алып, 250 кишини конокко чакырды.   Аялдын айтымында, Марсело менен үй-бүлөлүк жашоо идеалдуу – ал урушпайт, талашпайт жана анын бардык… Кененирээк…

Кызыл-Кыя шаарынын аэропортунун аймагында соода-логистикалык борбор курулат

Кызыл-Кыя шаарынын аэропортунун аймагында соода-логистикалык борбор курулат. Министрлер кабинети бул максатта жер тилкесин бөлүп берүү боюнча долбоорду жактырды.   Соода-логистикалык борбор 44 гектар аймакта жайгашат.

Кыргызстанда балдарды кыска мөөнөткө кабыл алуу боюнча 60 мектепке чейинки борбор түзүлөт

Кыргызстанда балдарды кыска мөөнөткө кабыл алуу боюнча 60 мектепке чейинки борбор түзүлөт. Долбоор 3 жаштан 5 жашка чейинки 3 миң баланы камтыйт. Борборлордо бөбөктөргө өнүктүрүү жана тарбия берүү боюнча негизги жана кошумча программалар иштелип чыгат.   Чиновниктер белгилешкендей, мектепке чейинки билим берүүнүн мындай форматы кадимки… Кененирээк…

Кытайлык компания Бишкекке электробустарды жеткирүүгө даяр

Кытайлык компания Бишкекке электробустарды жеткирүүгө даяр. Мэрия маалыматына ылайык, заводдун өкүлдөрү транспорт сапаттуу чогултулганына ишендирүүдө.   Андан тышкары, кийин жарабай калганда, компания электробустарды жок кылуу чыгымын толтуруп берет. Кытай заводу жакынкы арада техниканы жеткирүү шарттары боюнча кеңири маалыматты тартуулайт.

Кассалык-көзөмөл аппараттарын киргизүүдө ишкерлер үчүн шарттар максималдуу түрдө жеңилдетилет

Кассалык-көзөмөл аппараттарын киргизүүдө ишкерлер үчүн шарттар максималдуу түрдө жеңилдетилет. Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров эске салгандай, алкоголдук продукцияны, курамында алтын бар буюмдарды жана мунай заттарды саткан бизнесмендер милдеттүү түрдө ишинде кассалык аппараттарды колдонушу керек.   Ал эми жылдык жүгүртүүсү 8 миллион сомдон ашпаган кичи жана… Кененирээк…