“Ливерпулдун” чабуулчусу Мохаммед Салах жайкы трансфер мезгилинде “Реалга” өтүшү мүмкүн

“Ливерпулдун” чабуулчусу Мохаммед Салах жайкы трансфер мезгилинде “Реалга” өтүшү мүмкүн. Маалыматка ылайык, “Бенфиканын” форварды Дарвин Нуньес “Ливерпулга” келгенден кийин клуб Салах менен 70 миллион еврого коштошууга даяр.   Белгилеп кетсек, Салахтын “Ливерпуль” менен келишими ушул жылы аяктайт. Футболчу биринчи кезекте  “Реалга” өтүүнү ойлонуп жатат.

Дарыгерлер аптаптуу ысыкта энергия бере турган азыктарды атады

Дарыгерлер аптаптуу ысыкта энергия бере турган азыктарды атады. Сунуштарга ылайык, жайкысын кофе-чайдан такыр эле баш тартуу оң.   Анткени, алар организмдеги нымдуулукту чыгарып салат. Этке бай бирок ошол эле учурда оор тамактарды жебей, тандоону жеңил, жемиштүү тамак-ашка берүү керек. Жакшы абалда болуу үчүн көп-көптөн кыймылдап… Кененирээк…

Базар баасына көзөмөлдү күчөткөн мыйзам долбоору сунушталды

Экономика жана коммерция министрлиги өлкөдөгү базар баасын көзөмөлдөөдө Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын ыйгарым укуктарын кеңейткен мыйзам долбоорун сунуштады.   Ага ылайык, буга чейинки мыйзамда керектүү товар, азык-түлүк бир ай ичинде 20% кымбаттап кеткен учурда гана бааны көзөмөлдөөгө болот деген норма алынат. Монополист ишканалардын баа… Кененирээк…

Баткенде медициналык окутуу жана дарылоо борборунун курулушу башталды

Баткенде медициналык окутуу жана дарылоо борборунун курулушу башталды. Президент Садыр Жапаров борбордун пайдубалын түптөөгө катышты. Курулушка тышкы инвесторлор 93 миллион сом бөлүп берет, андан тышкары жабдууларга 100 миллион сом каралууда, — деди өлкө башчы.   Медициналык борбор 2 жылда курулуп бүтөт деп пландалууда.   Келечекте… Кененирээк…

Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолунун техникалык-экономикалык негиздемеси жыл аягына чейин даяр болот

Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолунун техникалык-экономикалык негиздемеси жыл аягына чейин даяр болот. Бул тууралуу Унаа жана жолдор министри Эркинбек Осоев билдирди.   Анын айтымында, темир жолдун биздин өлкөгө тиешелүү тилкеси Торугарт — Макмал — Жалал-Абад каттамын бойлой түшүрүлөт.  Белгилеп кетсек, Кытай — Кыргызстан… Кененирээк…

Кыргызстанда алдыдагы 3 күндө ысык күчөйт

Кыргызстанда алдыдагы 3 күндө ысык күчөйт. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары аптаптуу ысыктан коргонуу эрежелерин эскертет. Башка күн өтпөшү үчүн сыртка баш кийим менен чыгып, жеңил кийимдерди тандоо керек.   Күн өтүп кетүүнүн негизги белгилери – баштын оорусу, айлануусу жана шалдыроо.   Өнөкөт оорулары бар жарандарга… Кененирээк…

Ордо калаанын Алыкулов көчөсүндөгү темир жол аркылуу унаа кыймылына чектөөлөр киргизилет

Ордо калаанын Алыкулов көчөсүндөгү темир жол аркылуу унаа кыймылына чектөөлөр киргизилет. “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын маалыматына ылайык, жол эртең таңкы саат 8ден кечки 5ке чейин жабылат.   Мындай чара Сокулук – Бишкек-1 каттамындагы оңдоо иштерине байланыштуу. Жол толугу менен тосулбайт, бирок тыгындар жаралса, айдоочуларга… Кененирээк…

Жогорку окуу жайларга кабыл алуунун босого упайы жалпы республикалык тестирлөөнүн үчүнчү этабынын жыйынтыгы менен аныкталат

Жогорку окуу жайларга кабыл алуунун босого упайы жалпы республикалык тестирлөөнүн үчүнчү этабынын жыйынтыгы менен аныкталат. Бул тууралуу novosti.kgге Билим берүү министрлигинен билдиришти.   Ведомстводон белгилешкендей, тесттин жыйынтыгы 4-же 5-июлда белгилүү болот. Эске салсак, сынактын үчүнчү этабы 24-25-июнда Бишкек жана Ош шаарларында өттү. Ага 1 миңден… Кененирээк…

Айрым кыргызстандык банктар акча которуу системалары аркылуу каражат берүүсүн убактылуу токтотууга аргасыз

Айрым кыргызстандык банктар акча которуу системалары аркылуу каражат берүүсүн убактылуу токтотууга аргасыз.   Улуттук банктан билдиришкендей, буга айрым физикалык жана юридикалык жактардын спекуляциялык аракеттери себеп.   Каражат Кыргызстан банктарынан чечилип, кайра чет мамлекеттерге чыгарылып жатат. Мындай спекуляциялык аракеттер өз кезегинде ички валюта рыногунда накталай доллардын… Кененирээк…

Кыргызстанда кассалык аппараттарды колдонуу үчүн ишканалардын жүгүртүү босогосу эки эсе көтөрүлөт – 8 миллион сомдон 16 миллион сомго чейин

Кыргызстанда кассалык аппараттарды колдонуу үчүн ишканалардын жүгүртүү босогосу эки эсе көтөрүлөт – 8 миллион сомдон 16 миллион сомго чейин. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев билдирди.   Анын айтымында, ишканалар жылдык жүгүртүүсү 16 миллион сомдон ашкан учурда гана 2 пайыз салык төлөйт.  … Кененирээк…