Талайбек Конкобаев Жалал-Абад облусуна караштуу Кара-Көл шаарынын мэри болуп дайындалды
Талайбек Конкобаев Жалал-Абад облусуна караштуу Кара-Көл шаарынын мэри болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка өлкө башчы Садыр Жапаров кол койду. Калаанын мурдагы жетекчиси Алмазбек Балташов президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн сунушу менен ээлеген кызматынан бошотулду.