Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолу толугу менен ачылды

Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолу толугу менен ачылды. Novosti.kgге Унаа жана жолдор министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, жеринде Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери түнү менен иштеди. Учурда каттам эки тараптуу ачык. Унаалардын өтүүсүнө эч кандай чектөө жок, — дешти ведомстводон. Эске салсак, кечээ, 30-июлда… Кененирээк…

Бишкектин түштүк кичи райондорунда электр жарыгы калыбына келтирилди

Бишкектин түштүк кичи райондорунда электр жарыгын берүү толугу менен калыбына келтирилди. Бул тууралуу “Түндүк электр” ишканасынан билдиришти. Электр энергиясынын өчүрүлүшү кабелдин үзүлүшүнө байланыштуу болгон. Тактап айтканда, кечээ, 4, 6, 7, 8, 9, 10-кичи райондордо жана Асанбай кичи райондорунда электр энергиясы үзгүлтүккө учураган.

Электр энергиясына чексиз тариф. Аны ким колдоно алат?

Электр энергиясына чексиз тарифти электр энергиясын жылытуу үчүн колдонууну каалаган абоненттер пайдалана алышат. Энергетика министрлигинин маалыматына караганда, ал үчүн керектөөчүлөр тиешелүү техникалык шарттар менен жеке келишим түзүшү керек. Тарифтин баасы ар бир киловатт-саат үчүн 5 сом 4 тыйынды түзөт. Электр энергиясын колдонууга чектөөлөр болбойт. Бирок… Кененирээк…

Бишкек — Балыкчы темир жол каттамы качан ачылары белгисиз

Селге байланыштуу жабылып калган Бишкек — Балыкчы темир жол каттамы качан ачылары белгисиз. «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынан билдиришкендей, учурда тиешелүү кызматтар тазалоо иштерин жүргүзүп жатат. Жаратылыш кырсыгы Ысык-Көлдө жайкы туристтик сезон кызып турган маалда катталды.  

Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолу бүгүн толугу менен ачылат

Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолу бүгүн толугу менен ачылат. Novosti.kgге Унаа жана жолдор министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, каттам учурда бир тараптуу ачык. Жеринде Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери иштеп жатат. Эске салсак, кечээ, 30-июлда саат 11:00 чамасында кыска мөөнөттө жааган жаандын кесепетинен Боом… Кененирээк…

Бишкектин айрым жерлери электр жарыгысыз калды

Кабелдин бузулуусунан ордо калаанын бир нече райондору жарыксыз калды. Бул тууралуу “Түндүк электр” ишканасынын басма сөз кызматы билдирди. Бөлүштүрүүчү компаниянын маалыматы боюнча, электриктер калыбына келтирүү иштерин жүргүзүүдө. Учурда 6, 7 жана 8-кичи райондордо электр энергиясы берилди. 4, 9, 10-кичи райондордо жана Асанбай кичи районунда электр… Кененирээк…

Кыргызстанда сел жүрүү коркунучу эскертилди

Кыргызгидромет 30-31-июль күндөрү нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо сел жүрүшү мүмкүн экенин эскертти. Ысык-Көл облусунун дарыяга жакын жайгашкан аймактарында суу каптоолор болушу ыктымал. 31-июлда өлкөнүн дээрлик бардык аймактаарында өткүн өтүп күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз Ысык-Көл, Нарын… Кененирээк…

Садыр Жапаров Кытайдын тышкы иштер министрин кабыл алды

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 30-июлда, Кытай Эл Республикасынын Мамлекеттик кеңешинин мүчөсү, тышкы иштер министри Ван Ини кабыл алды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти. Жолугушуунун жүрүшүндө мындан аркы ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү өнүктүрүү, ошондой эле глобалдык жана регионалдык коопсуздукту камсыздоо боюнча пикир алмашуу болду.… Кененирээк…

Бишкек — Балыкчы темир жол каттамы убактылуу жабылды

Селге байланыштуу Бишкек — Балыкчы темир жол каттамы да убактылуу жабылды. » Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынан билдиришкендей, учурда тиешелүү кызматтар тазалоо иштерин жүргүзүп жатат. Жаратылыш кырсыгы Ысык-Көлдө жайкы туристтик сезон кызып турган маалда катталды.

Боомдогу жолдор болжол менен кечки саат 18.30да ачылат

Боомдогу жолдор болжол менен кечки саат 18.30да ачылат. Бул тууралуу Унаа жана жолдор министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. Азыр сел жүргөн жерде бир нече атайын техникалар иштеп жатат. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча бүгүн, 30-июлда саат 11:00 чамасында кыска мөөнөттө жааган жаандын кесепетинен Бишкек —… Кененирээк…