АКШнын Верджиния штатынын тургуну түшүндө көргөн сандардын жардамы менен ири джекпот утуп алды

АКШнын Верджиния штатынын тургуну түшүндө көргөн сандардын жардамы менен ири джекпот утуп алды. Эркек лотерея билетин сатып алып, түшүндөгү сандарды жазган.   Утушта дал ошол сандар чыккан. Жыйынтыгында, ал 250 миң долларга ээ болду. Учурда ал акчасын кайда жумшай турганын пландап жатат.

Бишкек мэриясы күйүп кеткен Генералдык прокуратуранын ордуна курула турган имараттын эскизин көрсөттү

Бишкек мэриясы күйүп кеткен Генералдык прокуратуранын ордуна курула турган имараттын эскизин көрсөттү. Муниципалиеттин маалыматына ылайык, долбоор Германияда даярдалды.   Имарат 7 кабаттан туруп, заманбап, сапаттуу материалдардан курулат. Курулуш Бишкекте кайталангыс архитектурага ээ боло турганы айтылууда.

Оштон Ысык-Көлгө түз аба каттамы ачылды

Оштон Ысык-Көлгө түз аба каттамы ачылды. Бул тууралуу “Манас” эл аралык аэропортунан билдиришти. Ага ылайык, бүгүн Тамчы аба майданына алгачкы учак Оштон 100 жүргүнчү алып келип, кайра 96 киши менен учуп кетти. Каттам жумасына алты жолу аткарылат.   Бул багыт жайкы сезондо гана иштеп, сентябрда… Кененирээк…

Саламаттыкты сактоо министрлиги коронавирустун жаңы толкунуна даяр

Саламаттыкты сактоо министрлиги коронавирустун жаңы толкунуна даяр. Бул тууралуу 24 агенттигине Саламаттыкты сактоо министринин милдетин аткаруучу Жаркынбек Касымбеков билдирди.   Анын айтымында, ооруканаларда орундар жетиштүү жана дарыгерлер бейтаптарды дарылоо тартибин жакшы билет. Өлкөдө коронавируска чалдыккандардын саны кескин көбөйүп кетсе, Республикалык инфекциялык оорукананын базаснда кызыл зона… Кененирээк…

Жалал-Абад шаарында кайрадан уулануу фактысы катталып, 14 адам ооруканага түштү

Жалал-Абад шаарында кайрадан уулануу фактысы катталып, 14 адам ооруканага түштү. Маалыматты Жалал-Абад райондор аралык оорулардын алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун башкы дарыгери Рома Ураимов тастыктады. Анын айтымында, калаадагы Тадж-Махал тез татым даярдоочу жайынан тамактанган 14 адам ууланып ооруканага кайрылган. Алардын бири Өзгөн районунун жашоочусу… Кененирээк…

Бишкектин мурдагы башкы архитектору кармалды

Бишкектин башкы архитектура мекемесинин мурдагы жетекчиси жемкорлукка шектелип кармалганын 1-июлда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) билдирди.   Комитеттин маалыматына караганда, борбор калаанын мурдагы башкы архитектору (кыскартылган аты-жөнү А.К.К.) «Бишкекбашкыархитектура» башкармалыгын жетектеп турганда кызмат абалынан пайдаланып, жеке кызыкчылыктарын көздөп, мамлекеттин кызыкчылыктарына каршы келген чечимдерди кабыл… Кененирээк…

Тайланд туристтер үчүн коронавирустук чектөөлөрдү жеңилдетүүдө

Тайланд туристтер үчүн коронавирустук чектөөлөрдү жеңилдетүүдө. Бүгүнтөн тарта саякатчылар Thailand Pass каттоосунан өтпөй, 10 миң долларга камсыздандыруу албай эле койсо болот. Чет элдик эс алуучуларга жанында ПЦР тесттин таза жыйынтыгы же вакцинация сертификаты болушу керек.   Эмдөө ала электер ошол жерден ПЦР тест тапшыра алат.

Казакстанда коронавирус күч алууда. Карантин киргизүү маселеси каралып жатат

Казакстанда COVID-19 кайрадан кескин көбөйүп, бийлик карантинди катуулатып, медициналык бет капчан жүрүү тартибин кайрадан киргизүүнү талкуулап жатат. Бул тууралуу Tengrinews порталы билдирди. Маалыматка караганда, коронавирус менен ооругандар акыркы аптада кескин көбөйүп кетти. Өлкөнүн башкы санитардык дарыгери Айжан Есмагамбетованын айтымына караганда, Нур-Султан менен Алматы «сары» зонага жакындап келе… Кененирээк…

Россияда коронавирус боюнча чектөөлөр алынды

Россияда коронавирус пандемиясынан улам кирген бардык чектөөлөр алынды, анын ичине бет кап кийүүнү талап кылган тартип жана коомдук тамактануу жайларынын түндөп иштешине салынган тыюу эми күчүн жоготту. Бул туурасында Роспотребнадзордун маалымат кызматы билдирди. «Эпидемиялык абалдын жакшырышынан улам Роспотребнадзор буга чейинки киргизилген чектөөлөрдү алат, тагыраагы, токтотот. Анын… Кененирээк…

Кыргызстанга инсулин алып келинди

Кыргызстанга инсулин алып келинди. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму тарабынан өлкөгө 1-типтеги кант диабети менен ооругандарды инсулин менен камсыз кылуу максатында анча чоң эмес партиясы алып келинген.   Жакынкы убактарда аймактарга бөлүштүрүлө баштаары айтылат.   Эске салсак,… Кененирээк…