Флорида штатында айдоочуларга унаасында музыканы катуу кылып угууга тыюу салынды

Флорида штатында айдоочуларга унаасында музыканы катуу кылып угууга тыюу салынды.   Тартип бузуучуларга полиция кызматкерлери 114 доллар айып салат. Жаы эрежелерге ылайык, 762 сантиметрден тарта унаадагы музыка дабышы угулса, анда транспорт токтотулуп, айдоочу административдик жазага тартылат.   Музыка мектеп, ооруканалардын жанында катуу чыкса, айыптын суммасы… Кененирээк…

Кыргызстандыктар кийинки жумада катары менен 3 күн эс алат

Кыргызстандыктар кийинки жумада катары менен 3 күн эс алат – 9-10- жана  11-июлда. Бул тууралуу Эмгек министрлигинен билдиришти. Эске салсак, Курман айт быйыл 9-июль, ишембиге туура келет.   Эмгек кодексине ылайык, эгер майрам эс алуу күндөрүнө туш болсо, анда кийинки дүйшөмбүдө дем алыш жарыяланат.

Туйгунаалы Абдраимов үй камагына чыкты

БШКнын мурунку төрагасы Туйгунаалы Абдраимов үй камагына чыкты. Бул тууралуу Биринчи Май райондук сотуна байланышканыбызда билдирди. Маалыматка ылайык, бүгүн Биринчи Май райондук соту Туйгунаалы Абдраимовду үй камагына чыгаруу чечимин чыгарган.   «Ал тергөө органдары менен кызматташтык жөнүндө келишим түзгөн» дешти соттун маалымат кызматынан.   Буга чейин Туйгунаалы Абдраимовдун… Кененирээк…

Бишкектин Шүкүров көчөсүндө тосмолор бузулууда

Бишкекте Шүкүров көчөсүндө тосмолор бузулууда. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, инспекция Шүкүров көчөсүндө муниципалдык аймакка кирип кеткен тосмолорду күч менен бошотууга киришти.   «Буга чейин шаардыктарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөндөн кийин 13 жеңил курулушту ээлери өз ыктыяры менен алышкан. Бирок… Кененирээк…

Массалык уулануудан соң Жалал-Абаддагы тез татым жайлары текшерилүүдө

Жалал-Абад шаардык мэриясы менен оорулардын алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун адистери , тиешелүү мекеме-ишканалардын өкүлдөрү калаадагы тез татым түйүндөрүндөгү санитардык абалды текшерип жатат.   Текшерүүнүнүн жүрүшүндө бир катар тез татым жайларында санитардык эрежелер толук сакталбаганы, төрт түйүндүн кызматкерлеринин санитардык китепчелеринин жоктугу жана азык-түлүктөрдүн сактоо… Кененирээк…

Меккеге ажылыкка жүз миңдеген зыяратчылар келе баштады

1-июлда тарта Сауд Аравиянын Мекке шаарына дүйнөнүн ар кайсыл өлкөлөрүнөн жүз миңдеген зыяратчылар келе баштады. Коронавирус пандемиясына байланыштуу Сауд Арабиясы 2020-жылы ажылык зыяратты убактылуу токтоткон. Соңку эки жылда Сауд Аравиянын жарандары гана уруксат берилип келген. Падышачылыктын бийлиги быйыл 18-65 жашка чейинки, өнөкөт оорулары жок, коронавируска… Кененирээк…