Төө-Ашуудагы тоннель убактылуу жабылды

Төө-Ашуудагы тоннель аркылуу өтүүчү жол убактылуу жабылды. Унаа жана жолдор министрлигинин маалыматы боюнча, бүгүн түштөн кийин туннелден өтүп бараткан унаа өрттөнүп кеткен. Кырсыктын кесепетинен тоннелдин ичинде электр жарыгы үзгүлтүккө учурады. Унаанын ичинде эки адам болгон, алар өз убагында эвакуацияланган. Ашуудан өтүүчү жол күйүп кеткен унаа… Кененирээк…

Бишкекте 6 бала бакча жана 15 мектеп курулат

Бишкекте 6 бала бакча жана 15 мектеп курулат. Бул тууралуу борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыров билдирди. Анын айтымында, иш шаардык бюджеттин эсебинен да, Катар кайрымдуулук уюмунун филиалынын эсебинен да жүргүзүлөт. Мектептер жана балдар бакчалары негизинен шаардын калктуу пункттарында салынат.

ЖРТнын III этабынын жыйынтыгы боюнча алтын сертификат алган бүтүрүүчүлөрдүн саны өзгөргөн жок

ЖРТнын III этабынын жыйынтыгы боюнча алтын сертификат алган бүтүрүүчүлөрдүн саны өзгөргөн жок. Билим берүү министрлигинин маалыматы боюнча, кеч тестке Бишкекте 795, Ошто 236 окуучу катышкан. Бирок алардын эч кимиси 221ден ашык упай топтой алган жок. Лидерлик дагы деле Бишкектеги  №70 мектеп-гимназиясынын бүтүрүүчүсү Эрлан Көлбаевге тиешелүү.… Кененирээк…

Дыйкандарга дээрлик 4 млрд сомго 7,5 миң жеңилдетилген насыя берилди

«Айыл чарбасын каржылоо — 10» долбоорунун алкагында дыйкандарга дээрлик 4 миллиард сомго 7,5 миң жеңилдетилген насыя берилди. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, каражат өсүмдүк өстүрүү, мал чарбачылык жана айыл чарба продукциясын кайра иштетүү категориясы боюнча берилди.

Саламаттык сактоо министрлиги коронавирустун кезектеги толкунуна даяр

Саламаттык сактоо министрлиги коронавирустун кезектеги толкунуна даяр. Бул тууралуу Медициналык жардам көрсөтүү жана дары саясаты бөлүмүнүн башчысы Нурида Жусупбекова билдирди. Анын айтымында, ооруга чалдыккандардын саны көбөйсө, Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасында кызыл зона ачылат. Зарыл болсо, башка ооруканаларда кошумча орундар уюштурулат. Чиновниктер керебеттер жана дары-дармектер… Кененирээк…

Бишкекте жашоо минимуму 7 миң сомго жакындады

Бишкекте жашоо минимуму 7 миң сомго жакындады. Ордо калаада биринчи кварталда калктын жан башына орточо жашоо минимум 6 миң 854 сомду түзүп, былтыркы жылга салыштырмалуу 16 пайызга өстү. Бул тууралуу мэр Эмилбек Абдыкадыровдун 100 күндүк ишинин жыйынтыгынын алкагында айтылды. Белгилеп кетсек, доллардын азыркы курсу боюнча… Кененирээк…

Түркияда эс алуучулар акуланы швабра менен кубалашты

Түркиянын Мармарис курортунун пляжында эс алуучулар акулалардан коргонуунун оригиналдуу жолун ойлоп табышты. Бир нече туристтер сууда сүзүү аянтынан акулаларды байкашкан. Алардын биринин колунда швабра бар эле жана ал аны менен чакырылбаган конокту ура баштаган. Ошентип жандыктын чабуулунун мизи кайтарылды. Бирок аз убакыт өткөндөн кийин шаар… Кененирээк…

Бишкекте 1 миң 500дөй мыйзамсыз объект алынды

Бишкекте 1 миң 500дөй мыйзамсыз объект алынды. Бул тууралуу мэр Эмилбек Абдыкадыров маалымат жыйын учурунда билдирди. Анын айтымында, көрктөндүрүү жана жерди пайдаланууну контролдоо боюнча муниципалдык инспекция 4 миң 696 объектини текшерди. “Аныкталган эреже бузуулар боюнча 33 жазма буйрук жазылган. Шаарды көрктөндүрүү эрежелерин бузуулар боюнча 285 протокол… Кененирээк…

Муниципалдык транспорттордо накталай эмес төлөмдөр үч айга жылдырылды

Бишкектин муниципалдык транспортунда накталай эмес төлөмдөр үч айга жылдырылды. Ордо калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыров ишендиргендей, мунун себеби шаарга жаңы автобустарды алуу менен байланыштуу. Белгиленгендей, транспорт келери менен система ишке киргизилет. Эске салсак, Бишкекте 1-июлдан тарта автобус жана троллейбустарда накталай эмес төлөмдөрдү киргизүү пландалган.

Мэрияга караштуу «Бишкекгенплан» ишканасы түзүлдү

Бишкекте генпланды жана деталдуу пландаштыруу долбоорун иштеп чыгуу менен алектене турган мекеме түзүлдү. Бул тууралуу борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыровдун 100 күндүк ишинин жыйынтыгына арналган маалымат жыйынында белгилүү болду. Пресс-конференция учурунда борбордун мэри Эмилбек Абдыкадыров шаар куруу тармагын контролдоо чөйрөсүндө ыйгарым укуктарды борбордун мэриясына өткөрүп… Кененирээк…