Британиянын премьер-министри Борис Джонсон кызматтан кетерин жарыялады

Британиянын премьер-министри Борис Джонсон кызматтан кетерин жарыялады. Бул тууралуу Би-би-си жазды. Эске салсак, өлкөдө өкмөттүк кризис башталган — эки күндүн ичинде министрлер кабинетинен 50дөн ашык адам чыгып кеткен, анын ичинде Каржы жана Саламаттык сактоо министрлиги сыяктуу негизги ведомстволордун жетекчилери да бар. Алар Борис Джонсонго ишенбөөчүлүктөрүн… Кененирээк…

Тогуз-Торо райондук сотунун судьясы убактылуу кызматтан четтетилди

Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 96-беренесинин 4-бөлүгүнө, “Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 28-беренесинин 1, 2-бөлүктөрүнө ылайык жана Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин сунушу боюнча Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо райондук сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын жүргүзүп жаткан Бообек Турсункулов Судьялар… Кененирээк…

Каракол шаарында жаңы мал базар ачылды

Каракол шаарында жаңы мал базар ачылды. Президенттин Ысык-Кол облусундагы өкүлчүлүгүнүн маалыматына ылайык, мал базарда бодо мал жана майда жандыктар үчүн атайын үстү тосулган жайлар даярдалган. Мындан сырткары, базардын аймагында ветеринардык клиника, ветеринардык дарыкана да иштейт. Аянты 6 гектар жерди ээлеген мал базар алгачкы айларда элге… Кененирээк…

Бишкек-Ош жолунда кар көчкүдөн сактоочу объекттин курулушу уланууда

Бишкек-Ош жолунда кар көчкүдөн сактоочу объекттин курулушу уланууда. Министрлер кабинетинин маалыматы боюнча бүгүнкү күндө жалпы курулуш иштеринин 85 пайызы аяктады. Кышкысын коопсуз өтүү үчүн коридордун узундугу 460 метр, туурасы 7 метр болот деп күтүлүүдө. Объектти жыл аягына чейин пайдаланууга берүү пландалууда.

Англияда адаттан тыш дүйнө чемпионаты өттү

Англияда адаттан тыш дүйнө чемпионаты өттү. Катышуучулар алардын кимиси чөп чапкычтарды ылдам айдай аларын көрсөтүштү. Ошол эле учурда бирде тайгак, бирде тоңголок болгон айдоо шарттары айдоочуларды максималдуу чеберчиликти көрсөтүүгө мажбур кылды. Адаттан тышкаркы мелдеш жүздөгөн көрүүчүнүн көңүлүн бурду.

Акыркы эки айда издөөдө жүргөн 1 миң 222 унаа табылды

Акыркы эки айда издөөдө жүргөн 1 миң 222 унаа табылды. Бишкектин милиция кызматкерлери аларды “АвтоУраган” фото жана видео жазуу боюнча атайын аппараттык-программалык комплекстин жардамы аркылуу аныктады. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен кабарлашты. Табылган унаалардын ичинен 530у жол эрежесин бузганы үчүн, 18и туруктуу айып пул төлөбөгөндүктөн,… Кененирээк…

Кыргызстандагы мейманкана жана ресторандардын кирешеси 6 млрд сомдон ашты

Кыргызстандагы мейманкана жана ресторандардын кирешеси 6 миллиард сомдон ашты. Ушул жылдын январынан май айына чейинки маалыматтар Улуттук статистикалык комитет тарабынан берилди. Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу көрсөткүч 1 миллиард сомдон ашыкка өстү. Мекеме бул багыттар боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн көбү Бишкекте, экинчи орунда Ош шаары жана… Кененирээк…

Кыргызстандык окуучу Балкан математикалык олимпиадасында күмүш утту

Бишкектеги №61 автордук физика-математикалык мектеп-лицейинин окуучусу Фёдор Корнияш өспүрүмдөр арасындагы XXVI Балкан математикалык олимпиадасында күмүш медаль утту. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. Олимпиада 28-июндан 3-июлга чейин Босния жана Герцеговинанын Сараево шаарында өтүп, ага 18 өлкөдөн 108 окуучу катышты. Кыргызстандын командасы өспүрүмдөр… Кененирээк…

Бишкекте 32 бүтүрүүчү “Алтын тамга” аттестатын алды

Бишкекте мектептин 32 бүтүрүүчүсү “Алтын тамга” артыкчылык аттестатын алды. Мэриядан билдиришкендей, аны тапшыруу Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында өттү. Эске салсак, “Алтын тамга” аттестатына өлкө боюнча 80 бүтүрүүчү татыктуу болгон. Анын 40 пайызы Бишкектин окуучулары. Ал эми жалпы республикалык тестирлөөнүн… Кененирээк…

АКШда хот-дог сатуучу полиция кызматкерин сосиска менен чаап жибергени үчүн кармалды

АКШда хот-дог сатуучу полиция кызматкерин сосиска менен чаап жибергени үчүн кармалды. Нью-Порт-Ричи шаарынын тургуну соода кылууга болбой турган жерде фаст-фуд сатып жүргөн. Полиция ага мыйзам бузуу тууралуу бир нече жолу эскерткен, бирок адам анын сөзүнө көңүл бурган эмес. Анда тартип сакчысы сөздөн ишке өтүп, соодагер… Кененирээк…