Испанияда эл аралык «Сан-Фермин» фестивалы башталды

Испанияда эл аралык «Сан-Фермин» фестивалы башталды. Анын алкагында, пандемиядан бери биринчи жолу миңдеген адам шаар көчөлөрүн каптады. Майрамдык салтанаттар, карнавалдар, костюмдар кийилген спектаклдер жана корридалар — мунун баары бир жумага созулат. Программанын белгилүү бөлүгү ачуулуу алты буканын чуркоосу. Алар эң айласы кеткен катышуучуларды дээрлик бир… Кененирээк…

Кыргызстандын тигүү тармагы кезектеги кыйынчылыкты баштан кечирүүдө

Кыргызстандын тигүү тармагы кезектеги кыйынчылыкты баштан кечирүүдө. Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча, быйыл кийим-кече, бут кийим жана текстиль өндүрүшү өткөн жылдын январь-май айларында өндүрүлгөн көлөмгө салыштырмалуу 4,5 пайызга кыскарды. Эксперттер мунун негизги себебин валюта рыногундагы жана геосаясий мейкиндиктеги туруксуздук менен түшүндүрүүдө.

Милиция Курман айттын алдында күчөтүлгөн рейддерди өткөрөт

Милиция Курман айттын алдында күчөтүлгөн рейддерди өткөрөт. Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, республикада тартипти жана коопсуздукту 8 миңге жакын милиция камсыздайт. Мындан тышкары, эки миңге жакын кызматкер жол кыймылын көзөмөлдөп, атайын посттордо болушат. Эске салсак, Кыргызстанда Курман айт эртен, 9-июлда белгиленет.

Өкмөт ишкерлер менен ККМ боюнча дээрлик мунасага келгенин жарыялады

Министрлер кабинети жана ишкерлер кассалык аппараттар жана салыктар боюнча дээрлик мунасага келишкенин жарыялашты. Акылбек Жапаровдун айтымында, эгерде ишкердин жылдык кирешеси 8 миллион сомго жетпесе, салык төлөөдөн бошотулат. Эгерде жүгүртүү ашып кетсе, салык 0,5 пайыз же 1 пайыз гана болот. Мындан тышкары, бийлик ар бир ишкерди… Кененирээк…

Бийлик аэропортторду түркиялык компанияга башкарууга берүүдөн баш тартты

Бийлик “Манас” жана “Ош” эл аралык аэропорттору боюнча түркиялык компания менен келишим түзүүдөн баш тартты. Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров мунун себебин Кыргызстандын кызыкчылыгы толук камтыбагандыгы менен байланыштырды. Эске салсак, өкмөт эки аба майданды түркиялык компанияга сырткы башкарууга берүүнү көздөп жатканы Жогорку Кеңеште маалым болгон.… Кененирээк…

Япониянын мурдагы премьер-министри кол салуудан улам каза болду

Япониянын мурдагы премьер-министри Синдзо Абе белгисиз адамдын кол салуусунан улам ооруканада каза болду. Бул тууралуу эл аралык басылмалар жазышты. Буга чейин маалым болгондой, Синдзо Абе Нара шаарында сөз сүйлөп атканда белгисиз куралчан адам анын далысына эки ирет ок аткан. Ал ооруканага жеткирилген, кийин дарыгерлер анын… Кененирээк…

Эртең Бишкектин борбору унаа кыймылы үчүн убактылуу жабылат

Эртең Бишкектин борбору унаа кыймылы үчүн убактылуу жабылат. Ички иштер министрлигинен билдиришкендей, мындай чектөө айт намазга байланыштуу. Жол таңкы саат 4төн 8ге чейин Чүй проспектинен Фрунзе жана Тоголок Молдодон Тыныстановго чейинки бөлүгүндө чектелет. Мындан тышкары, Тыныстанов жана Абдумомунов көчөлөрүнүн кесилиши, ошондой эле Логвиненко, Панфилов, Орозбеков,… Кененирээк…

Нарында күз-кыш мезгилине даярдык башталды

Нарында күз-кыш мезгилине даярдык башталды. Шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришкендей, көмүрдү сатып алуу иштерин жүргүзүү, кампаларды уюштуруу баасын көзөмөлгө алуу, откана жабдууларын жана жылуулук тармактарын оңдоо иштерин кечиктирбөө маселелери каралууда. Кошумчаласак, 2022-23-жылдагы күз-кыш жылытуу мезгилине Нарын шаарына дээрлик 18 миң тонна көмүр керектелет.

Таласта таштанды иргөөчү завод курулат

Таласта таштанды иргөөчү завод курулат. Жергиликтүү бийликтен маалым болгондой, ишканага алтын өндүргөн компания 6 миллион сом бөлдү. Завод шаардан 12 чакырым алыстыкта жайгашат. Долбоор ишке кирсе, айына 200 тоннага чейин калдык кайра иштетилет.

Балыкчы — Корумду жолунун ремонтун бүтүрүүгө дагы 2 миллиард сом керек

Оңдоо иштери мындан 6 жыл мурун башталган Балыкчы — Корумду жолунун ремонтун бүтүрүүгө дагы 2 миллиард сом керек. Бул тууралуу Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришти. Оңдоо иштери башталгандан бери дээрлик 5 миллиард сом өлчөмүндөгү жумуштар аткарылган. Ведомстводон белгилешкендей, долбоордо 17 көпүрөнүн курулушу жана оңдоо иштери… Кененирээк…