Бишкекте Курман айт майрамына карата намазга 10 миңден ашык адам катышты

Бишкекте Курман айт майрамына карата намазга 10 миңден ашык адам катышты. Бул тууралуу ордо калаанын ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти. Ведомстводон такташкандай, коомдук тартипти 2 миңдей милиция кызматкери көзөмөлдөдү. Маалыматка ылайык, эч кандай окуялар жана мыйзам бузуулар катталган жок. Белгилеп кетсек, Бишкектин Эски аянтында өткөн… Кененирээк…

Балыкчыга жаңы мэр дайындалды

Балыкчы шаарынын мэрлигине 7-июлда «Манас» эл аралык аэропорту» ААК башкармалыгынын төрагалыгынан кеткен Бакыт Шаршеев дайындалды. Бул тууралуу Kaktus.media жазды. Шаардын мурунку мэри Аманат Сыдыков ээлеген кызматынан четтетилгенин, мындай чечим президенттик аппаратта кабыл алынганын басылма өз булактарына таянып билдирди. Эске салсак, «Манас» аба майданына жаңы башкы… Кененирээк…

Түрк инвесторлору Бишкекте заманбап трамвай тармагын курууга кызыктар

Түрк инвесторлору Бишкекте заманбап трамвай тармагын курууга кызыктар. Бул тууралуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктен билдиришти. Мындан тышкары, түрктөр Лейлек районундагы Исхак Раззаков аэропортун жаңылоо ниетин билдиришти. Натыйжада, аталган долбоорлорду ишке ашыруу боюнча биргелешкен макулдашууга жетишилди. Маалыматка ылайык, инвестиция сала турган компания 1965-жылы негизделген жана дүйнөнүн 30дан… Кененирээк…

Кыргызстанда Курман айт майрамы белгиленүүдө

Кыргызстанда Курман айт майрамы белгиленүүдө. Бардык мечиттерде майрамдык айт намазы окулду. Иш-чара дин аалымдарынын баяндамалары жана куттуктоолорунан башталды. Бишкектин Эски аянтында өткөн айт намазга президент Садыр Жапаров баштаган 10 миңден ашык адам катышты. Ички иштер министрлигинен такташкандай, коомдук тартипти 2 миңдей милиция кызматкери көзөмөлдөдү. Эске… Кененирээк…

Кыргызстан менен Өзбекстан алдыдагы чек араны тактоо маселесин талкуулашты

Андижанда Кыргызстан менен Өзбекстандын алдыдагы кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын демаркациялоонун уюштуруу-укуктук маселелерин макулдашуу боюнча өкмөттүк делегацияларынын кезектеги жолугушуусу өттү. Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришкендей, тараптар мамлекеттик чек араларды демаркациялоо процессин жөнгө салуучу ченемдик-укуктук жана техникалык документтердин долбоорлорун даярдашты. Иш-чаранын жыйынтыгында протоколго кол коюлду. Кийинки жолугушуу… Кененирээк…

Кыргызстанда түндө жер титиреди

Кыргызстанда түндө жер титиреди. 9-июлда жергиликтүү убакыт боюнча таңкы саат 4кө жакын очогунда 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Сейсмология институтунун маалыматына караганда, жер титирөөнүн күчү Ош облусунун Чон-Алай районуна караштуу Ачык-Суу айылында 3 балл, Кабык айылында 2,5 баллга жетти.