Түркмөнстанда бир учурда 26 министр кызматынан бошотулду

Түркмөнстанда бир учурда 26 министр кызматынан бошотулду. Тиешелүү чечимди президент Сердар Бердымухамедов кабыл алды. Бул анын мамлекет башчылыгына келгенден берки эң ири кадрдык алмашуу.   Иштен алынган бир катар жогорку кызматтагылар башка жумуштарга которулган. Бирок алардын жаңы кызматтары азырынча айтыла элек.   Ошондой эле президент… Кененирээк…

Республика боюнча өткөн жумада мас абалында унаа башкарган 190 айдоочу аныкталды

Республика боюнча өткөн жумада мас абалында унаа башкарган 190 айдоочу аныкталды. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, жалпысынан 16 миң 382 жол эрежесин бузуу катталган.   Басымдуусу ылдамдыкты ашыруу, документтери жок унаа башкаруу, жол белгилерине баш ийбөө боюнча бузууларга байланыштуу.   Жыйынтыгында унаа токтотуучу… Кененирээк…

Алматыда бет кап режими киргизилди

Алматы шаары коронавирустун жайылышы боюнча сары зонага киргендиктен, башкы санитардык дарыгер чараларды күчөтүү боюнча токтомду жарыялаганын жергиликтүү басылмалар жазды. Документте эл көп жүргөн жабык жайларда бет кап тагынуу сунушталган. Анын ичинде соода түйүндөрү, калкты тейлөө жайлары, банк, кинотеатр, театр, цирк, автобекет, коомдук транспорт, метро бар.… Кененирээк…

Бишкекте №1 төрөт үйү бир айга жабылды

Бишкекте №1 төрөт үйү бир айга жабылды. Маалыматты Саламаттык сактоо министрлигинин башкы акушер-гинекологу Раиса Асылбашева тастыктады. Анын айтымында, министрликтин буйругу менен төрөт үйү 18-июлдан 18-августка чейин оңдоо иштерине жабылды. Төрөт үйү оңдолуп бүткөнчө кош бойлуулар шаардагы башка медициналык жайларга жөнөтүлөт. Ал үчүн атайын нөөмөт графиги… Кененирээк…

Кыргызстанда бензиндин баасы төмөндөдү

Улуттук статистикалык комитеттин маалыматына караганда, июль айында бензиндин баасы 50 тыйындын айланасында төмөндөп, дизелдик күйүүчү майдын баасы бир сомго кымбаттады.   Маалыматка ылайык, июнь айынын орто ченинде А-95 үлгүсүндөгү бензиндин орточо баасы литрине 66 сом 16 тыйын болсо, июль айында 65 сом 82 тыйын болду.… Кененирээк…

Жалал-Абад шаарынын биринчи вице-мэри алмашты

Бүгүн, 12-июлда шаар мэри Эрнисбек Ормоков биринчи вице-мэр болуп дайындалган Нурбек Сатаровду эмгек жамаатка тааныштырып, иштерине ийгилик каалады. Нурбек Сатаров 2021-жылы Ала-Бука районунун акими болуп дайындалган. Ага чейин 2020-жылы Ат-Башы районунун акими кызматын аркалаган. Жалал-Абад шаарынын мурдагы биринчи вице-мэри Азамат Раматиллаев башка кызматка которулганына байланыштуу… Кененирээк…

Франция курамасынын жарым коргоочусу Поль Погба кайрадан “Ювентус” үчүн ойнойт

Франция курамасынын жарым коргоочусу Поль Погба кайрадан “Ювентус” үчүн ойнойт. 29 жаштагы оюнчу аталган клубга 6 жылдык тыныгуудан кийин кайтып келет.   Ал туриндик команданын курамында 2012-жылдан 2016-жылга чейин ойногон. Бул убакыт аралыгында Погба Италиянын 4 жолку чемпиону, Суперкубоктун 3 жолку жеңүүчүсү жана өлкө кубогунун… Кененирээк…

Бишкектин мектеп алдындагы лагерлеринде 4 миңден ашык бала эс алды

Бишкектин мектеп алдындагы лагерлеринде 4 миңден ашык бала эс алды. Мэрия маалыматына ылайык, алар үчүн майрамдык, концерттик программа даярдалып, интеллектуалдык-көңүл ачуучу оюндар, спорт мелдештери уюштурулду.   Ал эми активдүү катшуучулар ардак грамоталар менен сыйланды. Эске салсак, быйыл ордо калаанын 46 мектебинде жайкы лагерлер ачылган.

Бишкектен Москвага автобустар каттап баштады

Бишкектен Москвага автобустар каттап баштады. Унаа жана жолдор министрлигинин маалыматына ылайык, Россия ордо калаасына коомдук транспорт менен жетип алуу 7 миң 500 сомго айланат.   Бир тарапка жол 2,5 – 3 суткага созулат. Бишкектен автобус шаршемби күндөрү жөнөсө, кайра Москвадан ар жекшемби күндөрү жүрөт.

Эмгек министрлигинин линиясы менен Түштүк Кореяга 92 кыргызстандык иштөөгө жөнөтүлөт

Эмгек министрлигинин линиясы менен Түштүк Кореяга 92 кыргызстандык иштөөгө жөнөтүлөт. Бул тууралуу ведомство жетекчиси Кудайберген Базарбаев билдирди. Анын айтымында, аталган мамлекеттин ыйгарым укуктуу органы менен макулдашуу жетишилди.   Бүгүнкү күндө Түштүк Кореяда 2 миңден ашык кыргызстандык эмгектенип келет.   Алардын басымдуусу тамак-аш жана кагаз өнөр-жай… Кененирээк…