Төө-Ашуудагы Көлбаев атындагы тоннель 17-июлга чейин маал-маалы менен жабылат

Төө-Ашуудагы К.Көлбаев атындагы тоннель 17-июлга чейин маал-маалы менен жабылат. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.   Маалым болгондой, мындай чектөө электр кабелин алмаштырууга жана вентиляция системасын калыбына келтирүүгө байланыштуу киргизилген. Ага ылайык, тоннелде 15-июль (саат 4:00дөн 6:00гө чейин), 16-июль (саат 10:00дөн 12:00гө чейин) жана… Кененирээк…

Баткендеги сел алып кеткен Зардалы унаа жолу калыбына келтирилди

Баткенде сел алып кеткен Зардалы унаа жолу калыбына келтирилди. Бул тууралуу ӨКМдан билдиришти. Маалыматка ылайык, кечээ, 13-июль күнү эртең мененки саат 08:00 чамасында Баткен районунун Дара айыл өкмөтүнүн аймагында тоо этектерине жаап өткөн жаандан улам сел суулары түшүп, Сох-Кан-Зардалы унаа жолунун 40-чакырымында болжол менен 300-400… Кененирээк…

Бишкекте Абдылас Малдыбаевдин айкели орнотулат

Бишкектеги Кыргыз улуттук опера жана балет театрынын алдына композитор Абдылас Малдыбаевдин айкели тургузулат. Бул туурасында аталган театрдын Фейсбук баракчасында жазылды.   Маалыматка караганда, айкел маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкуловдун демилгеси менен тургузулмакчы. «Бүгүн театрдын директору Алмаз Истамбаев министрдин жеке көрсөтмөсү менен белгилүү скульптор Шестопал Виктор Арнольдовичтин өнөрканасында болду. Министрликтин… Кененирээк…

Кумтөр кениндеги жарака кеткен аймакта иш жанданды

“Kумтөр Голд Компани” ишканасы кен казылган карьердеги №20 жумушчу аймагында иштер жанданганын маалымдады. Мекеменин сайтында жер кыртышынын жылышы токтогону, коопсуздук чаралары күчөтүлгөндөн кийин тилкедеги убактылуу токтотулган иштер жанданганы айтылат.   Буга чейин компания Кумтөр алтын кенине алыскы аралыктан көзөмөл жүргүзүп туруучу атайын жабдык сатылып алынганын билдирген.… Кененирээк…

Сауд Арабиялык клуб Криштиану Роналду үчүн 300 миллион евро берүүгө даяр

Сауд Арабиялык клуб “Манчестер Юнайтеддин” форварды Криштиану Роналду үчүн 300 миллион евро берүүгө даяр. Спорт басылмаларынын маалыматына ылайык, трансфер суммасынын 30 миллиону англиялык клубга, 20 миллиону ортомчуларга берилсе, 250 миллион еврону Роналду алат.   Бул каражат үчүн ал араб командасында 2 сезон ойношу керек болот.… Кененирээк…

Жалал-Абаддан 200 бала Ысык-Көлгө эс алууга жөнөтүлдү

Жалал-Абаддан 200 бала Ысык-Көлгө эс алууга жөнөтүлдү. Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришкендей, алар “Алтын балалык” кайра калыбына келтирүү борборунда 10 күн болот.   Эс алууга жөнөтүлгөн балдардын арасында окуунун отличниктери, ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендер жана аз камсыздалган үй-бүлөлөрдүн балдары бар.

Талас облусунда жаңы мектеп курулуп жатат

Талас облусунда жаңы мектеп курулуп жатат. Мамлекеттик курулуш жана архитектура агенттигинин маалыматына ылайык, жалпы билим берүү мекемеси Боотерек айылында пайда болот.   Имарат 150 окуучуга чакталат. Анда окуу корпусунан тышкары, спортзал, ашкана жана акты зал каралган. Долбоорду ишке ашыруунун баасы 700 миң долларды түзөт. Каражатты… Кененирээк…

Ысык-Көлдө туристтердин коопсуздугун 5 миңден ашык милиция кызматкери камсыздап жатат

Ысык-Көлдө туристтердин коопсуздугун 5 миңден ашык милиция кызматкери камсыздап жатат. Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, ведомствонун ички курамы күчөтүлгөн тартипте иштөөдө.   Коомдук жайларда жана трассанын кооптуу тилкелеринде 2 минден ашык видео байкоо камералары орнотулган.   Андан тышкары, алыскы райондордо милициянын 57 көчмө түйүнү иштеп… Кененирээк…

Таласта төрт киши күйдүргүгө шек саналып ооруканага түштү

Талас облусунун Кара-Буура районунда төрт адамдан күйдүргүнүн (сибир жарасы) белгилери аныкталды. Бул маалыматты райондук санитардык көзөмөлдөө бөлүмүнүн башкы дарыгери Элина Качыбекова «Азаттыкка» тастыктады. Анын айтымында, алар азыр ооруканада, абалы жакшы. «Көк-Сай айылында ичи көөп кеткен уйду союшкан экен. Анын этин онго жакын үй-бүлө бөлүп алышыптыр.… Кененирээк…

Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын саны күндөн-күнгө көбөйүүдө

14-июлга карата Кыргызстанда коронавирустун жаңы 47 учуру катталды. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады. Билдирмеге караганда, коронавирус аныкталгандардын ичинен 40ы оорунун белгилери пайда болгондуктан кайрылса, жетөөнөн ПЦР-тест тапшырууда аныкталган. «Илдет илештиргендердин бири ооруканага жаткырылып, 46сы медициналык жардамды амбулатордук шартта алууда», — деп айтылат маалыматта. Пандемия башталгандан… Кененирээк…