Бишкектин Ала-Тоо аянты эс алуу күндөрү унаа кыймылына жабылат

Бишкектин Ала-Тоо аянты эс алуу күндөрү унаа кыймылына жабылат.  Мэриянын маалыматына ылайык, Улуттук гвардиянын 30 жылдык мааракесине карата 16-июлда аянтта иш-чарага даярдык жүрөт.   Андан улам, таңкы саат  6 жарымдан 8ге чейин жана 17-июлда кечки 5тен 8ге чейин аянт аркылуу унаалар өткөрүлбөйт. Айдоочуларга башка каттамдарды… Кененирээк…

Алматыдан Ысык-Көлгө авиа каттамдардын саны көбөйтүлдү

Алматыдан Ысык-Көлгө авиа каттамдардын саны көбөйтүлдү.   Бул тууралуу “Манас” эл аралык аэропортунан билдиришти. Маалыматка ылайык, Алматы-Тамчы-Алматы багыты боюнча каттамдар жумасына 4 жолу – дүйшөмбү, шейшемби, жума жана ишемби күндөрү аткарылат.

Москва районунун Ак-Башат айылында жаңы мектеп 1-сентябрга чейин ачылат

Москва районунун Ак-Башат айылында жаңы мектеп 1-сентябрга чейин ачылат. 2 кабаттуу билим берүү мекемеси окуу корпусунан жана спорт залдан турат. Ал 225 окуучуга чакталат.   Бүгүнкү күнгө карата курулуш 95 пайызга аяктап калды. Заманбап жабдуулар жана эмеректер менен камсыздалган мектептин курулушуна 76 миллион сом бөлүнгөн.

Бишкекте жер амнистиясына туура келген объектилерге арыздар 18-июлдан тарта кабыл алынат

Бишкекте жер амнистиясына туура келген объектилерге арыздар 18-июлдан тарта кабыл алынат. Мэриядан билдиришкендей, жарандар жашаган жери боюнча административдик райондорго кайрылышы керек.   Эске салсак, майдын аягында министрлер кабинети жер амнистиясын өткөрүү тартиби жөнүндө токтом кабыл алган. Документ бардык процедураларды аткаруу боюнча мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү… Кененирээк…

Токтогул суу сактагычында октябрга карата суунун көлөмү 13,5 миллиард кубометрге жетет

Токтогул суу сактагычында октябрга карата суунун көлөмү 13,5 миллиард кубометрге жетет. Бул Энергетика министрлигинин божомолу. Ведомство жетекчиси Доскул Бекмурзаевдин айтымында, үстүбүздөгү жылдын 1-апрелинде эле нымдуулуктун көлөмү болгону 7,8 миллиард кубометр болчу.   Бул өткөн жылдын ушул эле мезгил аралыгына салыштырмалуу 1 миллиардка аз.   Бирок… Кененирээк…

Кыргызстанда мамлекеттик-жеке өнөктөштүк тармагында долбоорлорду ишке ашыруу пландалууда

Кыргызстанда мамлекеттик-жеке өнөктөштүк тармагында долбоорлорду ишке ашыруу пландалууда. Программалардын жалпы суммасы 100 миллиард сомду түзөт, — деп билдирди Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борборунун директору Санжарбек Болотов.   Анын айтымында, долбоорлорду ишке ашыруу пландалып жаткан бир нече багыт бар.   Алсак, энергетика жана саламаттыкты сактоо тармактары. Борбордон белгилешкендей,… Кененирээк…

«Манас» аэропортун өнөктөштүк негизинде модернизациялоого конкурс жарыяланат

Быйыл «Манас» эл аралык аэропортун модернизациялоого конкурс өткөрүп, макулдашууга кол коюу пландалууда. Бул тууралуу Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк (МЖӨ) борборунун директору Санжарбек Болотов билдирди. Ал бүгүн Sputnik Кыргызстандын маалымат борборунда өткөн «2022-жылы Мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн негизинде кандай долбоорлор ишке ашырылат» аттуу брифингге катышты. Анын айтымында, азыр техникалык-экономикалык негиздемеси… Кененирээк…

“Пари Сен Жермен” форвард Лионель Месси менен келишимди 2024-жылга чейин узартуу ниетинде

“Пари Сен Жермен” форвард Лионель Месси менен келишимди 2024-жылга чейин узартуу ниетинде. Бул тууралуу Марса билдирет. Маалыматка ылайык, аргентналык футболчу акыркы чечимди дүйнө чемпионатынан кийин кабыл алат.   Француз клубунун жетекчилери Месси бир жылдан кийин жакшы оюн көрсөтүп баштайт деген пикирде.   Андан тышкары, Лионель… Кененирээк…

Жогорку окуу жайларга кабыл алуу 5 этап менен жүрөт

Жогорку окуу жайларга кабыл алуу 5 этап менен жүрөт. Билим берүү министрлигинин маалыматына ылайык, биринчиси 18-июлда башталып, 20-июлда аяктайт.   Экинчи этап – 25-27-июлда, үчүнчүсү 1-8-августта, төртүнчүсү 8-10-августта жана жыйынтыктоочу айлапма 15-20-августка туура келет. Документтер онлайн кабыл алынат.   Жогорку окуу жайга тапшыруу үчүн “Абитуриент… Кененирээк…

Шри-Ланканын президенти кызматтан кетүү тууралуу арызын парламентке электрондук почта аркылуу жөнөттү

Шри-Ланканын президенти кызматтан кетүү тууралуу арызын парламентке электрондук почта аркылуу жөнөттү. Маалыматка ылайык, учурда билдирүүнүн аныктыгын тактоо аракеттери жүрүп жатат.   Эске салсак, 22 миллионго чукул калкы бар Шри-Ланканын борбору Коломбодо 9-июлда митингчилер президенттин резиденциясын ээлеп алган.   Буга өлкөнүн катаал экономикалык кризиске келгени себеп болду.… Кененирээк…