73 жаштагы америкалык аял Мексикадан Канаданын чек арасына чейинки аралыкты велосипед менен айланып өттү

73 жаштагы америкалык аял Мексиканын чек арасынан Канаданын чек арасына чейинки аралыкты велосипед менен айланып өттү. Гиннестин рекорддор китебине ылайык, бул жолго алты жумадан ашык убакыт кеткен. Пенсионер Тынч океандын жээгин бойлой жүрүп отурган. Ал 43 күндө 3 миң 353 километрди басып өттү. Аял ошондой… Кененирээк…

Стилисттер дайыма модалуу купальниктин моделин аташты

Стилисттер дайыма модалуу купальниктин моделин аташты. Бул кара өңдөгү бикини. Пляж кийими бир катар артыкчылыктарга ээ. Адистердин айтымында, бул купальник бассейндердеги туздуу суудан жана химиялык заттардан кирдебейт жана саргайбайт. Мындан тышкары, ал фигуранын бардык түрүнө жараша берет.

Борбор Азия мамлекеттеринин президенттеринин жолугушуусунда коопсуздукту 1000ден ашуун милиция кызматкери камсыздайт

Борбор Азия мамлекеттеринин президенттеринин Ысык-Көлдөгү жолугушуусунда коопсуздукту миңден ашуун милиция кызматкери камсыздайт. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен кабарлашты. Ошондой эле делегациялардын каттамында убактылуу кыймылга чектөөлөр киргизилип, жол боюнда кароосуз калган унаалар эвакуацияланат. Эске салсак, Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстан президенттеринин төртүнчү консультативдик жолугушуусу 20-21-июлда… Кененирээк…

Мэрлерге жана акимдерге таштанды чыгаруу үчүн атайын техникалар берилди

Райондордун жана шаарлардын мэрияларынын өкүлдөрүнө тиричилик таштандыларын чыгаруучу атайын техникалар тапшырылды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан кабарлашты. Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаровдун айтымында, бир катар муниципалдык кызматтар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары 22 даана атайын техника алышты. Жакынкы жылдары мындай техникалар менен бардык… Кененирээк…

Кыргызстанда абанын табы кескин жогорулайт

Кыргызстанда 20-июлдан 25-июлга чейин абанын табы кескин жогорулайт. Синоптиктердин айтымында, Чүй облусунда абанын температурасы +41, түштүк аймактарда +42, Талас өрөөнүндө +39, Ысык-Көлдө +34 градуска чейин көтөрүлөт. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги күндүн тике тийген нурунан сактануу керектигин эскертет.

ИИМ кызматкерлеринин айлыгы 1-августтан тарта көтөрүлөт

Ички иштер министрлигинин кызматкерлеринин айлыгы 1-августтан тарта көтөрүлөт. Бул тууралуу мекеме жетекчиси Улан Ниязбеков билдирди. Анын айтымында, президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен милициянын бардык кызматкерлеринин маянасы жогорулайт. Чиновник кызматкерлердин айлыгы канча эсеге көтөрүлө турганын тактаган жок.

Мас абалындагы айдоочуларга жаза катаалдайт

Мас абалындагы айдоочуларга жаза катаалдайт. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу башкармалыгынын башчысы Азамат Исраиловдун айтымында, тиешелүү мыйзам долбоору иштелип чыкты. Жаңы документке ылайык, мас абалында унаа айдагандар үч жылга айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратылат. Эгерде кийинки үч жылдын ичинде айдоочу бул эрежени дагы бир жолу кайталаса, ага… Кененирээк…

Октябрь айында Токтогулдагы суунун көлөмү 13,5 миллиард куб метрди түзөт

Октябрь айында Токтогулдагы суунун көлөмү 13,5 миллиард куб метрди түзөт. Мындай божомолду Энергетика министрлигинен билдиришти. Мекеме жетекчиси Доскул Бекмурзаевдин айтымында, ушул жылдын 1-апрелинде суунун көлөмү 7,8 млрд куб метрди түздү. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1 миллиард куб метрге аз. Бирок, учурда суу сактагычтагы… Кененирээк…

Кыргызстан келишим боюнча Казакстан менен Өзбекстанга электр кубатын берүүдө

Кыргызстан келишим боюнча Казакстан менен Өзбекстанга электр кубатын берүүдө. “Электр станциялары” ишканасынын маалыматына караганда, муну менен өлкө кышында алган электр энергиясын кайтарып жатат. Ошол эле маалда өлкөнүн ичиндеги керектөөчүлөргө эч кандай чектөөлөр киргизилген жок. Маалым болгондой, өткөн күз-кыш мезгилинде Өзбекстан Кыргызстанга 500 миллион киловатт-сааттан ашык,… Кененирээк…

Бишкекте бир жумада 30 мас айдоочу кармалды

Бишкекте 8нен 14-июлга чейинки аралыкта 4 миң 226 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, анын ичинен: — мас абалында автоунаа башкаруу — 30; — автоунаанын алдыңкы жана каптал терезелерин караңгылатып айдоо — 3; — айдоочулук кубөлүгү жок автоунаа… Кененирээк…