Улуу Британияда абсолюттук температура рекорду жаңырды

Улуу Британияда абсолюттук температура рекорду жаңырды. Термометрдин түркүкчөсү +39 градуска жетти. Мындай көрсөткүч Англиянын түштүк-чыгышындагы Чарлвуд кыштагында катталды. Ошол эле маалда синоптиктер абанын табы дагы ысый турганын эскертишүүдө. Кошумчаласак, буга чейинки максимум 2019-жылы Кембридждеги ботаникалык бакчада белгиленген. Анда абанын температурасы +38,7 градуска чейин көтөрүлгөн.

Ниязбеков: Кыргызстанда кылмыштуулук 47 пайызга кыскарды

Кыргызстанда кылмыштуулук 47 пайызга кыскарды. Бул тууралуу ички иштер министри Улан Ниязбеков билдирди. Анын айтымында, ушул жылдын биринчи жарымында укук коргоо органдары тарабынан 22 миң 600дөн ашык кылмыш катталган. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу дээрлик 20 миң 500гө аз, — деди министр. Чиновник ишендиргендей,… Кененирээк…

Эртең Чолпон-Атада милиция күчөтүлгөн тартипке өтөт

Эртең жана бүрсүгүнү Ысык-Көлдө Борбор Азия мамлекеттеринин өлкө башчыларынын төртүнчү консультативдик жолугушуусу өтөт. Бул иш-чара учурунда милиция күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөйт. Делегациялар Чолпон-Атадагы Тамчы аэропортунан өтөөрдө жол кыймылына чектөө киргизилет. Жол боюнда кароосуз калган унаалар эвакуацияланат

«Чыгышэлектр» ишканасына жаңы жетекчи дайындалды

«Чыгышэлектр» ААсынын директорлор кеңешинин чечиминин негизинде ишкананын башкы жетекчилигине Азамат Паизов дайындалды. Бул тууралуу аталган ишканадан билдиришти. Белгилей кетсек, Паизов буга чейин «Жалалабатэлектро» ишканасын жетектеп келген.

Бишкекте муниципалдык жерлер бошотулду

Шаардын көрктөндүрүү жана жерди пайдаланууну көзөмөлдөө боюнча муниципалдык инспекциясы борбор калаада тартипти орнотууну улантууда. Бишкек мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришкендей, инспекция Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаменти менен биргеликте Ак-Ордо конушундагы Алыкулов көчөсүн 60 чарчы метр аянттагы мыйзамсыз тосмодон бошотту. Ошондой эле Анкара көчөсүн бойлой… Кененирээк…

Кыргызстанда буудайдын түшүмү талап кылынгандан 65 пайызга жетиши күтүлүүдө

Быйыл Кыргызстанда буудайдын түшүмү талап кылынгандан 65 пайызга жетиши күтүлүүдө. Бул тууралуу бүгүн айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков билдирди. Анын айтымында, өлкөнүн жылына 760 миңден ашык тонна буудайга муктаждыгы бар. Анын ичинен болжол менен 630 миң тонна өндүрүлөт. Бирок быйыл буудай маселеси болбойт, — деп… Кененирээк…

Жапаров: Коррупция менен күрөшүүдө майнап чыкпай жатат

Коррупция менен күрөшүүдө майнап чыкпай жатат. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди. Ал жемкорлукка каршы күрөшүү боюнча тиешелүү чечимдер кабыл алынганы менен жылыш жок экенин моюнга алды. Эки жыл ичинде мамлекеттик кызматкерлерге карата 16 миң 600дөн ашык кылмыш иши козголсо, анын 12 миңи… Кененирээк…

Бишкектеги Орозбеков көчөсүнүн бир бөлүгү оңдоо иштерине жабылат

Бишкектеги Орозбеков көчөсүнүн бир бөлүгү оңдоо иштерине жабылат. Мэриядан билдиришкендей, эртең Түгөлбай-Ата көчөсүнөн Бөкөнбаевге чейинки тилкеде ремонт иштери башталат. Оңдоп-түзөө Кытай грантынын эсебинен жүргүзүлөт. Каттам үчүн альтернативалык вариант катары Раззаков жана Панфилов көчөлөрү сунушталат.

Кыргызстанда тонировкага уруксат берилгенден тарта бюджетке 54 млн сом түштү

Кыргызстанда тонировкага уруксат берилгенден тарта бюджетке 54 миллион сом түштү. Бул тууралуу ички иштер министри Улан Ниязбеков билдирди. Эске салсак, унаалардын алдыңкы каптал айнектерин караңгылатуу үчүн акы төлөнүүчү уруксат кагаздары 1-июндан тарта бериле баштаган. Анын баасы жылына 80 миң сомдон 120 миң сомго чейин.

Ушул жылдын аягына чейин Балыкчыда өлкөдөгү эң ири эт комбинаты ишке кирет

Ушул жылдын аягына чейин Балыкчыда өлкөдөгү эң ири эт комбинаты ишке кирет. Ири жана майда малды союп, этти кайра иштетүүчү заводдун курулушу аяктоо алдында турат. Долбоорго ылайык, технологиялык линиянын кубаттуулугу бир өндүрүш нөөмөтүндө 100 баш бодо малды жана 1 миң баш майда малды түзөт. Объекттин… Кененирээк…