Улуттук гвардия бүгүн 30 жылдык мааракесин белгиледи

Бишкекте Куралдуу күчтөрдүн Улуттук гвардиясынын түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына арналган салтанаттуу жыйын өттү. Бул тууралуу Коргоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, иш-чарага Коргоо министрлигинин жетекчилиги, Улуттук гвардиянын командачылыгы, өздүк курамы, ардагерлери жана чакырылган коноктор катышты. Жыйындын жүрүшүндө коргоо министринин буйругу менен өзгөчө айырмаланган аскер… Кененирээк…

Индияда жубайлар үйлөнүү тойдун алдында адаттан тыш келишимге кол коюшту

Индиянын Ассам штатында жубайлар үйлөнүү тойдун алдында адаттан тыш нике келишимине кол коюшту. Документке ылайык, Шанти менен Минту кечелерге жалгыз бара алышпайт. Мындан тышкары, келишимдин шарттарына ылайык, жаңы үйлөнгөн жубайлар күн сайын сари кийип жүрүшү шарт. Ал эми жекшемби сайын атайын эртең мененки тамактануу уюштуруп,… Кененирээк…

БУУ азык-түлүк каатчылыгын чечүүгө чакырды

Азык-түлүк каатчылыгын чечүүгө чара көрбөсө, адамзат жакында массалык ачарчылыкка жана көзөмөлсүз миграцияга туш болот. Тиешелүү билдирүүнү БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын директору Дэвид Бирли билдирди. Анын айтымында, кризис учурда болуп көрбөгөндөй күч алды. Бирли 2023-жыл планета үчүн азыркыга караганда алда канча кооптуу болот деп эсептейт.… Кененирээк…

Диетологдор торт жебеши керек болгон үч категориядагы адамдарды атады

Диетологдор торт жебеши керек болгон үч категориядагы адамдарды атады. Белгиленгендей, пирожный жана тортторду балдар, 50 жаштан ашкан жүрөк жана кан тамыр оорулары менен жабыркаган эркектер, ошондой эле 40 жаштан ашкан кант диабети менен ооруган жана толуп кетүүгө жөндөмдүү аялдар жебеши керек. Торт өтө майлуу жана… Кененирээк…

Роберт Левандовски испаниялык «Барселона» клубуна өткөнү расмий жарыяланды

Польша курамасынын чабуулчусу Роберт Левандовски испаниялык «Барселона» футболдук клубуна өткөнү расмий жарыяланды. Польшалык чабуулчу «Бавариядан» сатылып алынды. Белгиленгендей, каталониялыктар менен 33 жаштагы поляк төрт жылдык келишимге кол коюшту. Келишимдин шарттары боюнча польшалык футболчу үчүн 500 миллион евро төлөнөрү белгилүү болду.

Кыргызстанды күйүүчү май менен камсыздаган эки компания мамлекеттик бюджеттен дагы насыя алат

Кыргызстанды күйүүчү май менен камсыздаган эки компания мамлекеттик бюджеттен дагы насыя алат. Бул тууралуу экономика жана соода министри Данияр Амангелдиев билдирди. Ал белгилегендей, бул чечим 40 күнгө эсептелген республиканы керектүү күйүүчү май менен камсыз кылуу максатында кабыл алынды. Валюта курсунун туруксуздугуна байланыштуу жеткирүүчү компанияларда сатып… Кененирээк…

Азык-түлүк коопсуздугун камсыздоого бюджеттен 8,5 млрд сом бөлүү пландалууда

Жыл аягына чейин азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо үчүн бюджеттен 8,5 миллиард сом бөлүү пландалууда. Бул тууралуу каржы министри Алмаз Бакетаев билдирди. Анын айтымында, бул максаттарга алгач 400 миллион сом бөлүнгөн. Бирок тышкы жана ички азык-түлүк рынокторундагы азыркы кырдаал пландарды кайра карап чыгууга жана чыгашаларды бир кыйла… Кененирээк…

Эртең Тамчы – Чолпон-Ата унаа жолу бир саатка жабылат

Эртең Тамчы – Чолпон-Ата унаа жолу бир саатка жабылат. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, унааларга 21-июль күнү эртең мененки саат 9дан 10го чейин чектөөлөр киргизилет. Эске салсак, Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Борбор Азия мамлекет башчыларынын төртүнчү Консультативдик жолугушуусу өтөт. Делегациянын жолдон өтүү маалында… Кененирээк…

Эртең Бишкектин эки конушунда таза суу берүү токтотулат

Эртең Бишкектин эки конушунда таза суу берүү токтотулат. “Бишкексууканал” ишканасынын маалыматына караганда, “Алтын-Ордо” жана “Полиция шаарчасында” эртең мененки саат 9дан кечки 9га чейин ичүүчү суу болбойт. Өчүрүү оңдоо иштерине байланыштуу. Мындан улам, жарандарга ичүүчү сууну өз убагында камдап алуу сунушталат.

Кыргызстандык зыяратчылардын алгачкы тобу Сауд Аравиядан кайтып келишти

Кыргызстандык зыяратчылардын алгачкы тобу Сауд Аравиядан кайтып келишти. 24.kg агенттигине Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынан билдиришкендей, бүгүн эртең менен 406 кыргызстандык Мекке жана Мединага ажылык сапарга барып кайтышты. Кийинки топ мекенге 27-июлга чейин келет. Эске салсак, быйыл кыргызстандык зыяратчыларга 2 миң 766 орун бөлүнгөн. Ажылык сапардын… Кененирээк…