Ош шаарындагы мыйзамсыз курулуштар алынууда

Ош шаарындагы мыйзамсыз курулуштар алынууда. Мэриянын маалыматына ылайык, бул жумада Ош шаарында Исанов жана Абакир уулу Төрөбек көчөлөрүндөгү 25ке жакын мыйзамсыз объект алынды. Муниципалдык менчик башкармалыгынан билдиришкендей, аталган көчөлөрдүн боюндагы 700 метр мыйзамсыз тосмолор, 12 гараж, 2 күркө, 11 навес сүрдүрүлдү.

Кыргызстанда Өзбекстандын автозаводун ачуу пландалууда

Кыргызстанда Өзбекстандын автозаводун ачуу пландалууда. Бул тууралуу экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев өзбекстандагы сайттардын бирине берген маегинде билдирди. Анын айтымында, бул боюнча сүйлөшүү активдүү уланып жатат. Белгиленгендей, автозаводду Чүй облусунун Сокулук районунун аймагына куруу маселеси чечилди. Бирок ишкана качан ачылары азырынча тактала элек. Кыргызстан… Кененирээк…

Күндөн сактануу эрежелери айтылды

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин адистери Кыргызстандын тургундарына ысык аба ырайынын коркунучу тууралуу эскертип, анын кесепеттеринин алдын алуу боюнча бир катар сунуштарды беришти. Ага ылайык, теринин дем алышына тоскоол болбогон жана дененин ысып кетишине алып келбеген табигый кездемеден тигилген кийимдерди кийүү сунушталат. Суусаганда жылуу суу ичүү керек… Кененирээк…

Бишкектин көчөлөрүндө мыйзамсыз иштеген 35 соода түйүнү жабылды

Бишкектин көчөлөрүндө мыйзамсыз иштеген 35 соода түйүнү жабылды. Мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, шаардык жана райондук тийиштүү кызматтар «Ынтымак» жана «Ынтымак-2» сейил багында рейд өттү. «Көчөдө соода-сатык менен алектенгендер электр станцияларына мыйзамсыз туташып, шаардын бюджети жана электр энергиясы чыгымга учурап жатат», — деп айтылат маалыматта.

Бишкектин Жукеев-Пудовкин көчөсүнүн бир бөлүгү жабылат

Бишкектеги Жукеев-Пудовкин көчөсүнүн Кулатовдон Лев Толстойго чейинки бөлүгү 25-июлдан тарта убактылуу жабылат. Мэриянын маалыматына караганда, Жукеев-Пудовкин көчөсүнүн боюндагы магистралдык жылуулук тармагын оңдоп-түзөө жумуштары жүргүзүлөт. Реконструкциялоо иштери 2022-жылдын 1-октябрына чейин уланат.

Семёновское жана Григорьевское капчыгайларындагы жолдор эмне себептен оңдолбой жатканы айтылды

Унаа жана жолдор министрлиги туристтик сезондун кайнаган маалында Семёновское жана Григорьевское капчыгайларындагы жолдордун кейиштүү абалын түшүндүрдү. Министрликтен билдиришкендей, июнь айынын башында жолдорду түздөө иштери жүрүп, бирок нөшөрлөп жааган жамгырдан улам үстүн сел алып кеткен. Жогорудагы жолдордну оңдолбой жатышынын дагы себеби катары бош техниканын жетишсиздиги менен… Кененирээк…

Кара-Кечеде көмүр казуу иштери штаттык режимде жүрүүдө

Кара-Кечеде көмүр казуу иштери штаттык режимде жүрүүдө. Бул тууралуу “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасынан билдиришти. “Казылган көмүр Бишкек ЖЭБине жөнөтүлүүдө. Акыркы эки күндө 76 тонна күйүүчү май жеткирилди. Кышка даярдык кызуу жүрүп жатат”, — деп айтылат маалыматта.

Бишкекте ысыктан улам жашыл аянттарды сугаруу иштери күчөтүлдү

Бишкекте ысыктан улам жашыл аянттарды сугаруу иштери күчөтүлдү. Бул тууралуу ордо калаа мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. Белгиленгендей, “Бишкектин жашылдандыруу” чарбасынын кызматкерлери кечки саат 6дан түнкү 1ге чейин тиешелүү жерлерди сугарышат. Ар бир суу ташыгычта 8 миң литр суу бар жана бир түнү беш-алты каттам… Кененирээк…

Ошто жол сызыктарын жаңылоо иштери башталды

Ош шаардык жолдор башкармалыгы жол сызыктарын жаңылоо иштерин баштады. Жергиликтүү мэриянын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, учурда бул иштер Райымбеков (Зайнабетдинов) көчөсүндө аяктап, Масалиев проспектисинде жүргүзүлүүдө. Жакынкы аралыкта Ленин, Курманжан-Датка, Абдыкадыров көчөлөрүндө да жаңылоо пландалууда. Жумушка төрт атайын техника жана 10го жакын жумушчу тартылган.

Кыргызстанда жүк ташуучу унааларга күндүз жүрүүгө тыюу салынды

Кыргызстанда жүк ташуучу унааларга күндүз жүрүүгө тыюу салынды. Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришкендей, оор жүк ташуучу унааларга чектөө 1-сентябрга чейин күчүндө болот. Маалыматка ылайык, жолго чыгууга кечки саат 8ден 10го чейин гана уруксат берилет. Мындай чара аба ырайынын кескин ысып кеткендигине байланыштуу кабыл алынды. Чектөө… Кененирээк…