Төө-Ашуудагы тоннелде унаалардын жүрүүсүнө чектөө киргизилет

Бишкек-Ош жолундагы Төө-Ашуу тоннелинде унаалардын жүрүүсүнө убактылуу чектөө киргизилет. Бул тууралуу “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасы маалымдады. Мунун себеби оңдоо-калыбына келтирүү иштерине байланыштуу. Туннель бүгүнтөн баштап 27-июлга чейин түнкү саат 11ден 1ге чейин жана 2ден таңкы 4кө чейин жабык болот.

Бишкектин айрым райондорунда газ өчүрүлөт

Бишкектин айрым райондорунда 25-июлдан 27-июлга чейин газ өчүрүлөт. Мэриянын маалыматына ылайык, көгүлтүр от газ куурун жер алдынан өткөрүү жана оңдолгон газ түтүктөрүн кайрадан жаткыруу иштерине байланыштуу чектелет. Ага ылайык, Суванбердиев – Скрябин – Шүкүров – Белорусская көчөлөрүндө жалпысынан 35 абоненттин газы өчүрүлөт.

Чүйдүн Таш-Дөбө айыл аймагы ичүүчү суу менен камсыз болот

Чүй облусунун капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы С.Жентелиев, аталган облустун Аламүдүн районунун акиминин орун басары Б.Абдугулов Аламүдүн районундагы Таш-Дөбө айыл кенешинин депутаттары жана жашоочулары менен жолугушуп, ичүүчү суу менен камсыз кылуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Бул тууралуу Мамкурулуш агенттигинин басма сөз кызматына таянып, «Кабар» агенттиги жазды.… Кененирээк…

Бир жылда кыргыз-тажик чек арасынын 82 чакырымы макулдашылды

Кыргызстан менен Тажикстан 2021-жылдагы окуядан бери ортодогу 82 чакырым чек ара тилкеси боюнча макулдаша алды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Министрлер кабинетинин чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү Назирбек Бөрүбаев билдирди. Анын айтымында, Баткен облусунда кыргыз-тажик өкмөттөрүнүн топографиялык жумуш топторунун кезектеги жолугушуусу башталды. Ал беш күнгө созулат.… Кененирээк…