Мухаммед Алинин чемпиондук куру АКШдагы аукциондо сатылды

Легендарлуу мушкер Мухаммед Алинин чемпиондук куру АКШдагы аукциондо сатылды. Сатып алуучу аны 6 миллион долларга баалады. Эске салсак, Али чемпиондук курга 1974-жылы Джордж Форманды сегизинчи раундда нокаут менен жеңип ээ болгон. Спортчу карьерасында 61 беттеш өткөрүп, 56 жеңишке жетишкен. Аукциондо мушкердин курун “Индианаполис Колтс” футбол… Кененирээк…

Кыргызстан Өзбекстандын тургундары үчүн эң популярдуу туристтик багытка айланды

Кыргызстан Өзбекстандын тургундары үчүн эң популярдуу туристтик багытка айланды. Бул тууралуу коңшу өлкөнүн статистика боюнча мамлекеттик комитети билдирди. Ведомствонун маалыматына ылайык, январдан июлга чейин республикага өзбекстандык 2 миллион туристтин 1 миллион 30 миңи келген. Экинчи жана үчүнчү орундарды Казакстан менен Тажикстан ээледи – ушул эле… Кененирээк…

Жыл башынан бери Кыргызстанга дээрлик төрт миллион турист келди

Жыл башынан бери Кыргызстанга дээрлик төрт миллион турист келди. Бул тууралуу маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов билдирди. Анын айтымында, былтыркы жылдын ушул мезгилинде туристтердин саны 1 миллион 850 миңден ашкан. Чиновник кошумчалагандай, быйыл туризмден 4 миллиард 332 миллион сом түшүп, ал… Кененирээк…

Бишкектин Суванбердиев көчөсүнүн бир бөлүгү оңдоо иштерине жабылат

Эртеңден тарта Бишкектин Суванбердиев көчөсүнүн Жукеев-Пудовкин көчөсүнөн Карадарыя көчөсүнө чейинки бөлүгү убактылуу жабылат. Мэриянын маалыматына ылайык, аталган тилкеде оңдоо иштери жүргүзүлөт. Мындан улам, айдоочулар каттамдарын алдын ала пландап алуусу зарыл. Унаалардын жүрүүсү үчүн альтернативдүү жолдор болуп Жукеев-Пудовкин, Матросов, Юнусалиев жана Карадарыя көчөлөрү эсептелет.

Кыргызстанда авариялык абалдагы 245 мектеп бар

Кыргызстанда авариялык абалдагы 245 мектеп бар. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев билдирди. Дагы 498 мектеп капиталдык оңдоого муктаж. Ошол эле маалда жалпы республика боюнча мектептердин саны 37ге көбөйүп, 2 миң 296дан 2 миң 333гө жетти. Быйыл биринчи жолу социалдык объектилердин титулдук… Кененирээк…

Диего Марадонанын бут кийими космоско жөнөтүлөт

Дүйнөлүк футболдун легендасы Диего Марадонанын элесин түбөлүккө калтырууну чечишти. Ага ылайык, өз мекени Аргентинадан жылдыздын бут кийими, ошондой эле анын дүйнө жүзүндөгү күйөрмандары жазып алган көптөгөн видео жана аудио билдирүүлөрү космоско жөнөтүлөт. Акциянын уюштуруучуларынын айтымында, мындай маалыматтарды миллионго чейин чогултуу пландалууда. Спутниктин космостогу кыймылын адистер… Кененирээк…

Кыргызстанда орточо айлык акыга 267 литр бензин сатып алса болот

Кыргызстанда орточо айлык акыга 267 литр бензин сатып алса болот. Бул тууралуу Picodi сервисинин аналитиктери дүйнөдөгү бензиндин баасын изилдөөдө эсептеп чыгышты. Алардын маалыматына ылайык, өлкөдө жыл башынан бери бензиндин орточо баасы көтөрүлүп, литри 66 сомго жеткен. Муну менен азыркы тапта бир айлык маянага былтыркыдан 88 литрге… Кененирээк…

Кыргызстанда дизель майынын литринин орточо баасы 69 сомго жетти

Кыргызстанда дизель майынын литринин орточо баасы 69 сомго жетти. Улуттук статистикалык комитет жарыялаган баа мониторингине ылайык, 1-июлдан тарта дизелдик майдын баасы 6,3 пайызга кымбаттады. Эң кымбат күйүүчү май Исфана менен Баткенде 74 сомдон жогору сатылууда. Ал эми эң арзаны Каракол шаарында литри 68,5 сомдон. Бензинге… Кененирээк…

Мугалимдик кесипке окуган мыкты студенттерге төрт миң сомго чейин төлөп берүү пландалууда

Мугалимдик кесипке окуган мыкты студенттерге төрт миң сомго чейин төлөп берүү пландалууда. Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев билдиргендей, ЖРТда жогорку балл алган бүтүрүүчүлөрдү мугалимдик кесипке шыктандыруу максатында жакшы окуган студенттерге акчалай төлөмдөрдү берүү каралууда. Мугалимдик кесиптин 1-2-3 жана 4-курстарында 1 миң сомдон 4… Кененирээк…

Айыл чарба министринин орун басары кызматтан бошотулду

Шерипов Нурлан айыл чарба министринин орун басарлыгынан бошотулду. Ведомствонун басма сөз кызматы билдиргендей, чечим 14-июлда «КР министрлер кабинети жөнүндө» КР конституциялык мыйзамынын 18-беренесине, «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» КР мыйзамынын 36-беренесине ылайык кабыл алынды.