Жалал-Абад облусунда күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталды

Бүгүн кечки саат 4кө жакын Жалал-Абад облусунун аймагында күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институтунун маалыматына таянып ӨКМден билдиришти. Жер титирөө Аксы районунун Тегирмен-Сай, Товар-Сай, Жылгын, Коргон, Авлетим, Мукур, Кызыл-Капчыгай, Кашка-Суу, Аркыт айылдарында төрт балл, Ак-Дөбө, Жаңы-Жол, Кой-Таш, Кара-Жыгач, Чарбак, Жүзүмкан,… Кененирээк…

Баткенде кыргыз-тажик чек арасы боюнча жумушчу топтордун жолугушуусу болду

Баткенде кыргыз-тажик чек арасы боюнча жумушчу топтордун жолугушуусу болду. Бул тууралуу Министрлер кабинетинен билдиришти. Тараптардын жетишилген макулдашууларына ылайык, 21-26-июль аралыгында Баткен шаарында Кыргызстан менен Тажикстандын кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегацияларынын топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу өттү. Белгиленгендей, иш-чара достук жана… Кененирээк…

Ирак менен Сириянын абактарында Кыргызстандын 600дөй жараны бар

Ирак менен Сириянын абактарында Кыргызстандын 600дөй жараны бар. Бул тууралуу тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев билдирди. Анын айтымында, болжол менен анын 400ү балдар жана 200ү аялдар. “Учурда бул маселе боюнча КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети, укук коргоо органдары жана Тышкы иштер министрлигинин жетекчилиги алдында атайын… Кененирээк…

Кыргызстанда электр энергиясына “чексиз” тарифи киргизилет

Кыргызстанда электр энергиясына “чексиз” тарифи киргизилет. Бул тууралуу энергетика министри Доскул Бекмурзаев билдирди. Анын айтымында, аталган тарифке каалаган жарандар туташа алат. “Тарифтин наркы 1 киловатт – 5 сом 4 тыйынды түзөт. Эгер абонент электр энергия аз берилип жатат десе, “чексиз” тарифине кошула алат”, — деди… Кененирээк…

Кара-Балтада тигүү жана текстиль фабрикасы ачылат

Кара-Балтада тигүү жана текстиль фабрикасы ачылат. Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, ишкана электр техникалык оюнчук жана килем комбинатынын өндүрүш заводунун базасында түптөлөт. Долбоор инвестор тарабынан ишке ашырылат жана инвестициянын көлөмү болжол менен 25 миллион долларды түзөт.  

Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмон телефондо сүйлөштү

Президент Садыр Жапаров Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты. Анда эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелери жана келечеги талкууланды. Мындан тышкары, өлкө лидерлери регионалдык кызматташуу темасына да токтолушту. Мамлекет башчылары эки мамлекеттин жана… Кененирээк…

Быйыл кышында электр жарыгы өчүрүлбөйт

Быйыл кышында электр жарыгы өчүрүлбөйт. Энергетика министри Доскул Бекмурзаев ишендиргендей, 1-июлга карата бөлүштүрүүчү компаниялар тарабынан кошумча 300дөн ашык көмөкчордон орнотулуп, 480дей трансформатор алмаштырылды. “Алдыдагы кыштан ийгиликтүү өтүүнү пландап жатабыз”, — деди аткаминер.

Бишкек-Корумду унаа жолун калыбына келтирүү 2023-жылы аяктайт

Бишкек-Корумду унаа жолун калыбына келтирүү 2023-жылы аяктайт. Бул тууралуу Унаа жана жолдор министри Эркинбек Осоев билдирди. Чиновник белгилегендей, туристтик сезондо жолду реконструкциялоо асфальт төшөөдөгү белгилүү бир климаттык шарттарды талап кылган өзгөчөлүктөр менен байланыштуу. Мындан тышкары, долбоорду каржылоо жай мезгилине туура келгени айтылды.

Брэд Питт атактуу жазуучунун үйүн сатып алды

Брэд Питт атактуу жазуучунун үйүн сатып алды. Америкалык актёр АКШдан буга чейин жазуучу Дэниел Джеймске таандык турак жайга ээ болду. Жүз жылдан ашык убакыт мурда курулган особняк Калифорнияда жайгашкан. Жергиликтүү басылмалар жазышкандай, бул мүлк Брэд Питтке 40 миллион долларга бааланды. Риэлторлордун айтымында, бул — райондогу… Кененирээк…