Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолу толугу менен ачылды

Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолу толугу менен ачылды. Novosti.kgге Унаа жана жолдор министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, жеринде Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери түнү менен иштеди. Учурда каттам эки тараптуу ачык. Унаалардын өтүүсүнө эч кандай чектөө жок, — дешти ведомстводон. Эске салсак, кечээ, 30-июлда… Кененирээк…

Бишкектин түштүк кичи райондорунда электр жарыгы калыбына келтирилди

Бишкектин түштүк кичи райондорунда электр жарыгын берүү толугу менен калыбына келтирилди. Бул тууралуу “Түндүк электр” ишканасынан билдиришти. Электр энергиясынын өчүрүлүшү кабелдин үзүлүшүнө байланыштуу болгон. Тактап айтканда, кечээ, 4, 6, 7, 8, 9, 10-кичи райондордо жана Асанбай кичи райондорунда электр энергиясы үзгүлтүккө учураган.

Электр энергиясына чексиз тариф. Аны ким колдоно алат?

Электр энергиясына чексиз тарифти электр энергиясын жылытуу үчүн колдонууну каалаган абоненттер пайдалана алышат. Энергетика министрлигинин маалыматына караганда, ал үчүн керектөөчүлөр тиешелүү техникалык шарттар менен жеке келишим түзүшү керек. Тарифтин баасы ар бир киловатт-саат үчүн 5 сом 4 тыйынды түзөт. Электр энергиясын колдонууга чектөөлөр болбойт. Бирок… Кененирээк…

Бишкек — Балыкчы темир жол каттамы качан ачылары белгисиз

Селге байланыштуу жабылып калган Бишкек — Балыкчы темир жол каттамы качан ачылары белгисиз. «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынан билдиришкендей, учурда тиешелүү кызматтар тазалоо иштерин жүргүзүп жатат. Жаратылыш кырсыгы Ысык-Көлдө жайкы туристтик сезон кызып турган маалда катталды.  

Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолу бүгүн толугу менен ачылат

Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолу бүгүн толугу менен ачылат. Novosti.kgге Унаа жана жолдор министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, каттам учурда бир тараптуу ачык. Жеринде Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери иштеп жатат. Эске салсак, кечээ, 30-июлда саат 11:00 чамасында кыска мөөнөттө жааган жаандын кесепетинен Боом… Кененирээк…