Чуңкурчакта бийиктиги 31 метр болгон туу көтөрүлдү

Чуңкурчакка бийиктиги 31 метр болгон желек орнотулду.   Эгемендүүлүк күнүн майрамдоо туу көтөрүү менен башталды. Ал жерде президент Садыр Жапаров сүйлөп, кыргызстандыктарды куттуктады. Андан соң Кыргызстандын Көз карандысыздыгынын 31 жылдыгына жана Байтик баатырдын 200 жылдыгына арналган иш-чара башталды.

Владимир Путин Садыр Жапаровду Эгемендүүлүк майрамы менен куттуктады

Россиянын президенти Владимир Путин өлкө башчы Садыр Жапаровду Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктаганын РФтин КРдеги элчилигинин маалымат кызматы билдирди. Россия лидери кайрылуусунда эки мамлекеттин ортосундагы мамиле ар тараптан өнүгүп жатканын белгилеген. «Биргелешкен күч-аракет менен биз эки элдин жыргалчылыгы, аймактык коопсуздук жана туруктуулукту чыңдоо үчүн орус-кыргыз… Кененирээк…

Бүгүн Кыргызстанда коомдук коопсуздукту 10 миңден ашык милиция кызматкери камсыздоодо

Бүгүн Кыргызстанда коомдук коопсуздукту 10 миңден ашык милиция кызматкери камсыздоодо.   Ички иштер министрлигинин өздүк курамы күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөдө. Өзгөчө көңүл эл көп чогулган жерлерге бөлүнөт.

“Манчестер Юнайтед” 100 миллион еврого бразилиялык Антони Матеус дус Сантусту сатып алат

“Манчестер Юнайтед” 100 миллион еврого бразилиялык Антони Матеус дус Сантусту сатып алат. Бул сумма клуб үчүн рекорддук болуп эсептелет. 22 жаштагы футболчу менен 5 жылдык келишим түзүлөт.   Антони Бразилиянын улуттук курамасынын жана “Аякс” футбол клубунун чабуулчусу.

Мурдагы советтик лидер Михаил Горбачёв көз жумду

СССРдин биринчи жана акыркы президенти Михаил Горбачёв 91 жашында көз жумду. Бул тууралуу Орусиянын бир катар мамлекеттик маалымат каражаттары Москвадагы борбордук клиникалык ооруканага шилтеме кылып кабарлашты.   “РИА Новости” жаңылыктар агенттиги Горбачёв узакка созулган оорудан улам каза болгонун жазды. Михаил Горбачёв CCCРди жетектеп турганда “кансыз… Кененирээк…

Бүгүн Кыргызстан Эгемендигине 31 жыл толду

Бүгүн Кыргызстан Эгемендигине 31 жыл толду. Негизги майрамдык иш-чаралар Аламүдүн районундагы Чуңкурчак жайлоосунда өтөт. Ага президент Садыр Жапаров, Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, Жогорку Кеңештин депутаттары, коомдук ишмерлер, эл аралык жана жарандык коомдун өкүлдөрү катышат.   Майрам Ала-Тоо аянтында концерт менен жыйынтыкталат.

Айдоочулук күбөлүк алуудагы экзамендердин суроолору жаңыртылды

Кыргызстанда айдоочулук күбөлүк алуу үчүн тапшыра турган экзамендердин суроолору жаңыртылганын ИИМдин маалымат кызматынан кабарлады. Жумушчу топ теориялык суроолорду жаңылап, алар кыргыз өкмөтүнүн 1999-жылдын 4-августундагы №421 «КРдин Жол кыймылынын эрежелеринин» токтому менен бекитилген колдонуудагы талаптарына ылайык түзүлгөн. Мында окуу пландарын айдоочуларга талапкерлерди өз алдынча даярдоо боюнча… Кененирээк…

Бишкекте мектеп директорун тандоо сынагына катышкандардын 62 пайызы босого баллдан өттү

Бишкек шаарында мектеп директорлугу үчүн сынакка катышкан 129 талапкердин 62% же 79у босого баллдан өттү. Талапкерлер 61 бош орун үчүн күч сынашкан. Билим берүүнүн сапатын баалоо борборунун жетекчиси Бактыгүл Шамшидинованын «Азаттыкка» айтымында, айрым мектептердин директорлук кызматы үчүн 8-10 талапкер атаандаш болду.   “Бишкек шаары боюнча… Кененирээк…

Мамлекеттик кызматкерлердин айлыгын көтөрүүгө 7 млрд сомго жакын каралган

Мамлекеттик кызматкерлердин айлыгын көтөрүүгө 7 миллиард сомго жакын каралган. Бул тууралуу Каржы министрлиги билдирди. Мекемеден белгилешкендей, 1-августтан тарта бюджеттик тармакта иштеген 58 миң кызматкердин маянасы жогорулады. Аларга мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер, мамлекеттик мекемелерде иштеген кызматкерлер, кенже техникалык кызматкерлер, ошондой эле күч түзүмдөрүнүн жарандык кызматкерлери кирет.

Эртең милиция күчөтүлгөн тартипке өтөт

Эртең Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматынын жалпы курамы күчөтүлгөн тартипке өтөт. Белгиленгендей, Эгемендүүлүк майрамына карата негизги иш-чаралар Аламүдүн районундагы капчыгайда болот. Кызматкерлер 30 унаа менен аймакты күзөтөт. Ошондой эле капчыгайда 11 унаа токтотуучу жай каралган. Туура эмес жерде калган унаалар эвакуацияланат.