Ошто коомдук транспорттун бардык түрүнө спутниктик мониторинг системасы киргизилди

Ош шаардык мэриясында коомдук транспортко спутниктик мониторинг системасынын бет ачары болду. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. «Бул системанын негизги максаты — шаардыктарга жана шаар конокторуна коомдук транспорт кызматтарын колдонууга ыңгайлуу шарттарды түзүү жана кичи автобустардын ишин көзөмөлдөө. Ар бир жүргүнчү OSHBUS мобилдик тиркемеси аркылуу өз сапарын… Кененирээк…

Бишкек менен Чүйдө бир сааттын ичинде катуу шамал болот

Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө жакынкы бир сааттын аралыгында күн күркүрөп, катуу шамал болушу ыктымал. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги эскертти. Түштүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетет. Буга байланыштуу министрлик шаардыктарды этият болууга чакырат. Кырсык катталган учурда «112» бирдиктүү номерине чалуу керек, байланыш… Кененирээк…

Ошто спорт шаарчасы пайда болот

Ош шаарындагы Сай-Бою көчөсүндө спорт шаарчасы пайда болот. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Оштун мэри Алмаз Мамбетов “Алай” футбол клубунун машыгуу жана кичи футбол аянтчаларынын курулушу менен таанышты. Калаа башчы стадиондун инфраструктурасын жакшыртуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер, анын ичинде трибуналардын… Кененирээк…

Жыл башынан бери пенсия жана жөлөкпулга дээрлик 32 млрд сом жумшалды

Ушул жылдын январь-июль айларында пенсия жана жөлөкпулга 31 млрд 875 млн сом жумшалды. Бул тууралуу Социалдык фонддун басма сөз кызматына билдиришти. Алсак: Бишкек шаары — 5 млрд 144,7 млн сом; Чуй облусу — 4 млрд 815,9 млн сом; Нарын облусу — 2 млрд 533,5 млн… Кененирээк…

Бишкекте оңдоп-түзөө иштеринен соң төрт көчө ачылды

Бишкекте оңдоп-түзөө иштеринен соң төрт көчө ачылды. Мэриянын маалыматына ылайык, “Бишкек шаарынын жол тармагын өнүктүрүү” долбоорунун экинчи фазасынын алкагында ордо калаанын Фрунзе, Ашар, Интергельпо жана Манас көчөлөрү оңдолду. Белгиленгендей, бардык жерде тротуарлар төшөлүп, ирригация курулду. Жумуштар кытай грантынын эсебинен жүргүзүлдү.

«Барселона» Мессини кайтаруу боюнча ишти баштайт

«Барселона» Мессини кайтаруу боюнча ишти баштайт. Алар кийинки жайда оюнчу менен сүйлөшүүгө аракет кылышат. Ошондой эле чабуулчу менен учурдагы башкы машыктыруучу Хави Эрнандес байланышта экени, ал аргентиналык футболчу менен клуб үчүн биргелешкен оюндан тааныш экени айтылат. Бирок Месси өзү Катардагы дүйнө чемпионатына чейин карьерасын улантуу… Кененирээк…

Өзбекстанда Twitter, WeChat жана VK социалдык түйүндөрү расмий түрдө бөгөттөн чыгарылды

Өзбекстанда 1-августтан тарта Twitter, WeChat жана VK (Вконтакте) социалдык түйүндөрү расмий түрдө бөгөттөн чыгарылды. Бул тууралуу өлкөнүн Маалымат жана массалык коммуникациялар агенттиги билдирди. Белгиленгендей, учурда өзбек бийлиги TikTok платформасы менен да сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Эске салсак, коңшу мамлекетте былтыр, 2-июлда «Персоналдык маалыматтар тууралуу» мыйзамдын 27-беренесинин талабына… Кененирээк…

Испания жаныбарларды коргоо боюнча мыйзам долбоорун жактырды

Испания жаныбарларды коргоо боюнча мыйзам долбоорун жактырды. Документте жаныбарларга ырайымсыз мамиле кылуу же өлтүрүү үчүн 200 миң еврого чейин айып пул жана абак мөөнөтү каралган. Мындан тышкары, жаныбарларды дүкөндөрдө сатууга жана зыян келтириши мүмкүн болгон шоуларда колдонууга тыюу салынат. Ошондой эле бийлик үй жаныбарларын үйсүз… Кененирээк…

Нарын облусунун Ак-Талаа районуна суу сактагыч куруу пландалууда

Нарын облусунун Ак-Талаа районуна суу сактагыч куруу пландалууда. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлү Алтынбек Эргешов билдирди. Анын айтымында, долбоор ийгиликтүү ишке ашса 2 миң гектар жер сугат суу менен камсыз болот. Учурда суу чарба башкармалыгынын башчысына долбоордун техникалык-экономикалык негиздемесин даярдоо тапшырмасы берилди. Маалым болгондой, курулуш… Кененирээк…

Аз камсыз болгон бишкектиктерге кышка карата көмүрдүн ордуна материалдык жардам көрсөтүлүүдө

Аз камсыз болгон бишкектиктерге кышка карата көмүрдүн ордуна материалдык жардам көрсөтүлүүдө. Мэриянын маалыматы боюнча, ар бир үй-бүлөгө 5 миң сомдон каралган. Мындан тышкары, жалгыз бой пенсионерлерге жана майыптыгы барларга шаар ичинде кара отун жеткирүү үчүн 500 сомдон, ал эми конуштарга 700 сомдон берилет. Азыркы тапта… Кененирээк…