Ысык-Көлдө үйлөргө кирген сел суулары тазаланып, каттам ачылды

Ысык-Көлдө үйлөргө кирген сел суулары тазаланып, каттамы ачылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, бүгүн, 3-августта эртең мененки саат 8:30дар чамасында Жети-Өгүз районунда сел жүрүп, Балыкчы – Бөкөнбаев – Каракол унаа жолунун 154-чакырымын кум-шагылга толтурган. Ошондой эле сел суулары Кичи-Жаргылчак… Кененирээк…

Жарым жылда ККМ колдонгон компаниялардын кирешеси эки эсе көбөйдү

Кыргызстанда акыркы жарым жылда көзөмөл-кассалык аппараттарды колдонгон компаниялардын кирешеси эки эсе көбөйдү. Мамлекеттик салык кызматынан ишендиришкендей, алты айда ишканалар дээрлик 700 миллиард сом киреше табышты. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу дээрлик 352 миллиардга көп. Мекеме 2022-жылдын башынан бери 20 миңден ашуун чарбалык субъектилер ККМ… Кененирээк…

Милиция жарандарды чөнтөкчүлөрдөн сак болууга чакырат

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы жарандарды чөнтөкчүлөрдөн сак болууга чакырат. Айрыкча, коомдук транспортто өтө этият болуу керек. Милиция капчык, телефон жана башка баалуу буюмдарды башкалардын көңүл чордонунан алыс кармоону эскертет. Белгилеп кетсек, жеке менчикти уурдагандар түзөтүү жумуштарына тартылат же 100 миң сом өлчөмүндө айып пул… Кененирээк…

Канадада көпчүлүктүн кыялындагы жумуш пайда болду

Канадада көпчүлүктүн кыялындагы жумуш пайда болду. Кондитердик азыктарды саткан Интернет компания момпосуйлар үчүн дегустатор издеп жатат. Кызматкер сагыз, карамель жана шоколад батончиктеринин даамын татып көрүп, андан соң компаниянын кызматкерлери кайсы продукцияны интернет-сайт аркылуу сатуу керектигин, кайсынысы сатылбаш керек экенин аныктай алышы үчүн атайын протокол түзүшү… Кененирээк…

Венеция бийлиги бир күндүк саякат менен келген туристтер үчүн салык киргизет

Венеция бийлиги бир күндүк саякат менен келген туристтер үчүн салык киргизет. Турист мезгилге жараша үчтөн 10 еврого чейин төлөшү керек болот. Италиянын шаарына билетти Интернет аркылуу алдын ала сатып алуу керек. Алты жашка чейинки балдарга, ошондой эле дарыланууга, туугандарына же иш-чараларга келгендерден каражат алынбайт. Муну… Кененирээк…

Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жол келишимине күзүндө кол коюлат

Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу боюнча келишимге Шанхай кызматташтык уюмунун сентябрда өтө турган саммитинде кол коюлат. Өзбекстандын тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, долбоордун техникалык-экономикалык негиздемеси даяр болуп калды. Сентябрда бардык даярдык иштери аяктап калат, ал эми ШКУнун Самаркандда өтө турган мамлекет башчыларынын жыйынында ага үч президент кол… Кененирээк…

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун төрагасы алмашты

Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун төрагасы алмашты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти. Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Артурбек Жуманазаров Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун төрагалыгынан бошотулуп, анын ордуна Азамат Муканов дайындалды.

Майнерлерден мамлекеттик казынага түшкөн киреше 2,5 эсеге өстү

Жарым жыл ичинде майнерлер өлкөнүн бюджетин ишмердүүлүк салыгы түрүндө дээрлик 6 миллион 800 миң сомго толукташты. Бул тууралуу Каржы министрлигинен маалым болду. Өткөн жылдын ушул мезгилинде казынага түшкөн майнинг салыгы 2 миллион 600 миң сомдон бир аз гана ашкан. Муну менен майнерлердин ишмердүүлүгүнөн мамлекеттик казынага… Кененирээк…

Аксы районунда кичи ГЭСтин курулушу башталды

Жалал-Абад облусунун Аксы районунда кубаттуулугу 500 киловатт болгон кичи ГЭСтин курулушу башталды. Жергиликтүү бийликтен билдиришкендей, Сай-Конок тилкесиндеги курулушту ушул жылдын декабрь айында пайдаланууга берүү пландалууда. Курулуш иштерине жеке ишкер инвестиция салган. Долбоордун сметалык баасы 720 миң долларды түзөт.

Бишкекте троллейбустар улуттук колоритте жасалгаланат

Бишкекте троллейбустар улуттук колоритте жасалгаланат. Ордо калаанын троллейбус башкармалыгы жалпы автопаркты бирдиктүү стилге өткөрүү ниетинде. Мэриядан билдиришкендей, троллейбустардын сырткы бөлүгүнүн дизайнында кыргыз оюм-чийимдери жана элдик макал-лакаптардын тексттери жазылат. Бүгүнкү күндө жаңы дизайнда 20 троллейбус жасалды. 1-сентябрга чейин дагы 36 троллейбус ушундай стилге өткөрүлөт.