Социалдык келишимдин негизинде жардам эми Кыргызстан боюнча көрсөтүлөт

Социалдык келишимдин негизинде жардам эми Кыргызстандын бардык аймагында көрсөтүлөт. Эмгек министрлигинин маалыматы боюнча, буга чейин долбоор өлкөнүн эки облусунда гана пилоттук режимде ишке киргизилген. Программанын алкагында аз камсыз үй-бүлөлөргө жеке бизнесин ачуу үчүн 100 миң сомдон берилди. Бул аларга жакырчылыктан чыгып, жеке бизнесин жүргүзүүгө жардам… Кененирээк…

Москвада чыккан өрттөн жабыркагандардын арасында кыргызстандыктар жок

Москвада чыккан өрттөн жабыркагандардын арасында кыргызстандыктар жок. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинен билдиришти. Эске салсак, кечээ, 3-августта Россиянын Москва облусунда жайгашкан маркетплейстин кампасынан өрт чыккан. Анын кесепетинен миңдеген сатуучулардын жана сатып алуучулардын мүлкү күлгө айланган. 1 миңге жакын адам жалын бүт имаратка тарай электе… Кененирээк…

Бишкек-Балыкчы поезди болжол менен келерки аптадан тарта каттай баштайт

Бишкек-Балыкчы поезди болжол менен келерки аптадан тарта каттай баштайт. Бул тууралуу Novosti.kgге “Кыргыз темир жолу” ишканасынан билдиришти. Белгиленгендей, жолду калыбына келтирүү иштери уланып жатат. Эске салсак, Боом капчыгайында сел жүрүп, 30-июлда Бишкек-Балыкчы поездинин каттамы убактылуу токтотулган.

Конор Макгрегор биринчи жолу киного тартылат

Ирландиялык мушкер Конор Макгрегор биринчи жолу киного тартылат. Спортчу 1989-жылы чыккан “Жол боюндагы үй” тасмасынын ремейкинде ойнойт. Макгрегорго кандай роль тийгени азырынча белгисиз. Тасманы тартуу иштери ушул айда башталат. Эске салсак, ирландиялык мушкер акыркы беттешин былтыр июлда америкалык Дастин Порьеге каршы өткөргөн. Ал сентябрда рингге… Кененирээк…

Принцесса Диананын унаасы аукционго коюлду

Принцесса Диананын унаасы аукционго коюлду. Сооданы Британиядагы аукциондук үйлөрдүн бири уюштурат. Лоттун баштапкы баасы азырынча айтыла элек, бирок уюштуруучулар аукцион учурунда баштапкы сумма бир нече эсе көтөрүлөөрүнөн күмөн санашкан жок. Маалым болгондой, унаа 1985-жылы чыгарылган. Ал ханыша үчүн анын каалоосун эске алуу менен атайын жасалган.

Чоң-Алайда темир-бетон буюмдарын чыгаруучу кичи завод курулат

Ош облусунун Чоң-Алай районунда темир-бетон буюмдарын чыгаруучу кичи завод курулат. Бул тууралуу райондук администрациядан кабарлашты. Учурда тиешелүү жабдыктар келип баштады. Аталган заводко райондун региондорду өнүктүрүү фондунан 10 миллион сомдон ашуун суммадагы долбоор жактырылды. Долбоорго колдоо көрсөтүү максатында Ош облустук өнүктүрүү фондунан кошумча 6 миллион сом… Кененирээк…

Бишкектеги бейтапканаларга жети атайын унаа тапшырылды

Бишкектеги бейтапканаларга жети атайын унаа тапшырылды. Мэриядан билдиришкендей, аны үй шартында сапаттуу медициналык кызматка муктаж болгон бардык бейтаптар колдоно алышат. Көчмө амбулатордук кызматтар бекер көрсөтүлөт. Унаалар жергиликтүү бюджеттин каражатына сатылып алынды.

«Жалал-Абад» аэропортун шаар ичинен көчүрүү пландалууда

«Жалал-Абад» аэропортун шаар ичинен көчүрүү пландалууда. Президенттин облустагы өкүлчүлүгүнүн маалыматына ылайык, бул боюнча түркиялык компания менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Белгиленгендей, аба майданды көчүрүү үчүн атайын долбоор даярдалып, жер бөлүндү. Аэропорт Сузак районунда жайгашып, 270 гектардан ашуун жерди ээлейт деп күтүлүп жатат.

Бишкек мэриясында жаңы ишкана түзүлдү

Бишкек мэриясында жаңы ишкана түзүлдү. “Бишкек суу чарба” деп аталган муниципиалдык ишкана ордо калаанын жашыл имиджин жакшыртуу маселелерин комплекстүү чечүүгө, ирригация, каналдарды өз убагында оңдоого, сугат суу менен камсыз кылууну жөнгө салууга жана аны сарамжалдуу пайдаланууга мүмкүндүк берет деп күтүлүүдө.

Кафе-ресторандар жергиликтүү өндүрүштөгү алкоголь сатууга милдеттендирилет

Кыргызстанда кафе-ресторандар жергиликтүү өндүрүштөгү алкоголдук жана алкоголсуз азыктарды сатууга милдеттендирилет. Мындай демилгени Экономика министрлиги көтөрүп чыкты. Демилгечилердин айтымында, бул талап жергиликтүү өндүрүүчүлөрдү колдоого жана улуттук суусундуктарды жайылтууга шарт түзөт.