Боом капчыгайын селден тазалоо иштери уланууда

Боом капчыгайын селден тазалоо иштери уланууда. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, бүгүн түштөн кийин нөшөрлөп жааган жаандын кесепетинен Бишкек-Нарын-Торугарт жолунун 136 жана 138-чакырым аралыктарын сел суулары каптаган. Учурда трасса бир тараптуу гана ачык. Жолду кум-шагылдан арылтуу иштери уланып жатат. Кырдаал жакын арада жөнгө салынат деп күтүлүүдө.… Кененирээк…

Кыргызстанга кумшекерди жаңы жылга чейин бажы төлөмүсүз ташыйт

Кыргызстанга кумшекерди бажы төлөмүсүз ташып келүүгө берилген квотанын мөөнөтү 31-декабрга чейин узартылды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Эске салсак, буга чейин республика кумшекерди августтун аягына чейин жеңилдетилген тарифтик саясат менен ташый алмак. Мөөнөт Евразия экономикалык комиссиясынын кеңешинин чечимине ылайык узартылды.

Азимбек Бекназаров элчилик кызматтан бошотулду

Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Азимбек Бекназаров Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси кызматынан бошотулду. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты. «Мындай чечим Азимбек Бекназаровдун алдыга коюлган тышкы саясий милдеттерди, анын ичинде Кыргызстан менен Малайзиянын ортосундагы саясий диалогду бекемдөөнү аткара… Кененирээк…

Боом капчыгайында кайрадан сел жүрдү

Боом капчыгайында кайрадан сел жүрдү. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, нөшөрлөп жааган жаандын кесепетинен Бишкек-Нарын-Торугарт жолунун 136 жана 138-чакырым аралыктарын сел суулары каптады. Учурда трасса бир тараптуу гана ачык. Жолду кум-шагылдан тазалоо иштери уланууда. Кырдаал түнкү саат 9га жакын жөнгө салынат деп күтүлүп жатат. Ага карабай… Кененирээк…

АКШнын тургуну 16 гектар токойду кокустан өрттөп алды

АКШнын тургуну жөргөмүштү от тамызгы менен өлтүрүүгө аракет кылып, анын кесепетинен 16 гектар токой күйүп кетти. Окуя Юта штатында болгон. Токойдогу түтүндү көрүп калгандар куткаруучуларды чакырышкан. Бир нече мүнөт өтпөй өрттү өчүрүүгө эки тик учак келип, жалынды жок кылышкан. Укук коргоо органдары өрт койгон адамды… Кененирээк…

Быйыл 160 миңге жакын бала 1-класска барат

Быйыл 160 миңге жакын бала 1-класска барат. Бул тууралуу Novosti.kgге Билим берүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Ведомстводон эскертишкендей, өлкө боюнча биринчи класска кабыл алуу электрондук каттоо системасы аркылуу жүргүзүлөт. Белгилеп кетсек, Кыргызстанда жалпысынан 2 миңге жакын мектеп бар. Окуу жылы быйыл 1-сентябрда башталат.

Ошто шаардык инфраструктураны жакшыртуу боюнча 66 долбоор жактырылды

Ошто шаардык инфраструктураны жакшыртуу боюнча 66 долбоор жактырылды. Бул тууралуу түштүк калаа мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти. Биргелешип каржылоо программасынын алкагында суу түтүктөрүн алмаштыруу, канализация түйүндөрүн куруу, оңдоо иштери, мектеп, балдар аянтчаларын куруу, көп кабаттуу үйлөрдүн аймагындагы жолдорду асфальттоо, имараттардын жер төлөсүндөгү жылуулук тармактарын алмаштыруу,… Кененирээк…

Улуттук энергохолдинг энергокомпанияларда ротация жүргүзүүдө

Улуттук энергохолдинг энергокомпанияларда ротация жүргүзүүдө. Компаниянын басма сөз кызматынан билдиришкендей, орун алмаштыруу иштери бөлүштүрүүчү энергокомпанияларынын башкы директорлоруна тийиштүү болду. Андан сырткары, 57  райондук электр тармактарынын жана электр энергиясын таратуу ишканасынын 6 башчысы иш орундарын алмаштырып, мындан ары ишмердүүлүгүн башка облустардан улантышары белгилүү болду.

Жыл аягына чейин 40 райондун судьялары жаңы үйлөргө кирет

Жыл аягына чейин 40 райондун судьялары жаңы үйлөргө кирет. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров соттор менен жолугушууда билдирди. Ал ротацияланган судьяларды кызматтык турак-жай менен камсыз кылуу, облус борборлорунда соттор үчүн заманбап имараттарды куруу иштери кызуу жүрүп жатканын эске салды. Маалыматка ылайык,  учурда 300дөн ашуун үй… Кененирээк…

Темир жолдун курулушу үчүн Кыргызстанга Кытайдан 80 адис келди

Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушунун техникалык-экономикалык негиздемесин даярдоо үчүн өлкөгө Кытайдан 80 адис келди. Бул тууралуу Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришти. Эске салсак, аталган темир жолдун курулушу боюнча келишимге Шанхай кызматташтык уюмунун сентябрда өтө турган саммитинде кол коюлары күтүлүүдө. Белгилеп кетсек, бул долбоордун ишке ашуусу менен… Кененирээк…