Бишкектеги ботаникалык бакчадан чыккан өрт чектөөгө алынды

Бишкектеги ботаникалык бакчадан чыккан өрт чектөөгө алынды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, өрт куураган чөптөн чыккан. Аталган бакчада 2 бөлүм иш алып барып, өрт 15:02де чектөөгө алынган.   Азыркы учурда өрттү толук өчүрүү иштери жүрүп жаткандыгы кабарланды.

Бишкек – Балыкчы поезд каттамы качан жанданат, белгисиз

Бишкек – Балыкчы поезд каттамы качан жанданат, белгисиз. Бул тууралуу “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынан билдиришти. Белгилеп кетсек, Боом капчыгайында улам сел жүргөндүгүнө байланыштуу, поезд каттамы 10-августка чейин токтотулган болчу.   Бирок селдин кесепетин тазалоо иштери дагы эле уланып жаткандыктан, каттам азырынча жанданбайт.

Кыргызстанда аскерге күзгү чакырык башталды

Кыргызстанда аскерге күзгү чакырык башталды. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду. Күзгү чакырууда мөөнөттүү аскердик кызматка  3 миңден ашык улан, ал эми альтернативдүү кызматка 10 миңге жакын жаран чакырылат.   Жаш курагы туура келген кыргызстандыктар жашаган жери боюнча аскер комиссариаттарына келип, комиссиядан өтүшү керек.… Кененирээк…

Кыргызстанда жаңы окуу жылы 1-сентябрда башталат

Кыргызстанда жаңы окуу жылы 1-сентябрда башталат, — дешти Билим берүү министрлигинен. Бул ирет расмий түрдө. Кеп мектептер, колледждер жана жогорку окуу жайлар тууралуу болуп жатат.   ЖОЖдорго абитуриенттерди кабыл алуунун күндөрү дагы өзгөртүлөт. Эске салсак, өткөн жылы окуу жылы адаттагыдан айырмаланып, 15-сентябрда башталган. Окуучулар күндүн… Кененирээк…

Унаалардын алдыңкы эшиктеринин терезелерин караңгылатууга уруксат берилгенден кийин бир айда эле бюджетке дээрлик 70 миллион сом түштү

Унаалардын алдыңкы эшиктеринин терезелерин караңгылатууга уруксат берилгенден кийин бир айда эле бюджетке дээрлик 70 миллион сом түштү. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.   “Унаа” мамлекеттик мекемеси тарабынан 1-июндан 8-июлга чейин 864 унаага уруксат кагазы берилди.   Эске салсак, мыйзамга ылайык, унаалардын айнектерине тонировка чаптоого… Кененирээк…

Бишкекте №6 көп тармактуу оорукананын аймагында жаңы медициналык мекеме курулуп баштады

Бишкекте №6 көп тармактуу оорукананын аймагында жаңы медициналык мекеме курулуп баштады. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин милдетин аткаруучу Жаркынбек Касымбеков билдирди.   Анын айтымында, оорукана 75 орунга чакталат. Курулушка каражатты Катар мамлекети бөлүп берген. Иштер жыл аягына чейин аяктайт деп пландалууда.

Бийлик электрондук документтерди кагаз документтерине теңөө демилгесин көтөрдү

Бийлик электрондук документтерди кагаз документтерине теңөө демилгесин көтөрдү.   Мындай токтом долбоорду Санариптик өнүктүрүү министрлиги иштеп чыкты. Документке ылайык, ID-карта, айдоочу күбөлүгү же унааны кайра каттоо күбөлүгү жок болсо, бул документтердин электрондук вариантын “Түндүк” тиркемеси аркылуу көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк берилет.   Муну менен электрондук версия кагаз… Кененирээк…

Ош мектептерине 200дөй мугалим жетишпейт

Ош мектептерине 200дөй мугалим жетишпейт.   Бул тууралуу түштүк калаа мэриясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, бош вакансиялардын басымдуусу же 118и – орус тилдүү мектептерге тиешелүү.   Кыргыз тилинде билим берген мектептерде 7 мугалим жетишпейт жана өзбек тилдүү мектепте 5. Ош шаарынын орто билим берүү мекемелерине башталгыч… Кененирээк…

“Барселона” жылдыздуу оюнчусу Лионель Мессини кайтаруу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө

“Барселона” жылдыздуу оюнчусу Лионель Мессини кайтаруу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө.   Испаниялык спорт журналисти Хави Кампостун айтымында, футболчу ПСЖдан кеткенден кийин каталондук клубга 1 же 2 жылга кайтышы мүмкүн.   Эске салсак, Месси карьерасынын басымдуу бөлүгүн Барсада өткөрдү – 2003-жылдан 2021-жылга чейин.

Бишкек-Ош унаа жолундагы Төө-Ашуу туннелиндеги оңдоо иштери аяктап, кыймылга чектөөлөр алынды

Бишкек-Ош унаа жолундагы Төө-Ашуу туннелиндеги оңдоо иштери аяктап, кыймылга чектөөлөр алынды. Унаа жана жолдор министрлигинин маалыматына ылайык, эми транспорт өтмөктөн эч тоскоолдуксуз өтө алат.   Эске салсак, июлдагы туннелдин ичиндеги авариядан кийин электр линиялары жабыркап, оңдоо иштери үчүн кыймылга чектөөлөр киргизилип жаткан.