Токтогулга жана Соң-Көлгө балыктын 2 млн. 400 миң даана чабагы коё берилди

Казакстандын Усть-Кеменогорск шаарынан инкубация цехинен алып келинген 400 миң пелядь чабагы Соң-Көлгө, ал эми толстолоб балыгынын 2 миллион даана чабагы Токтогул суу сактагычына коё берилди. Балыктын мындай түрлөрү аталган жайларга алгачкы жолу салынды.   2022-жылдын биринчи жарымында балыкты көбөйтүү жана сактоо максатында Ысык-Көл, Соң-Көл көлдөрүнө… Кененирээк…

«Тазалыктын» кызматкерлеринин айлыгы көбөйөт

Бишкек мэриясы «Тазалык» муниципалдык ишканасынын катуу таштандыларды чыгаруу бөлүмүнүн жумушчуларын, тактап айтканда жүктөгүчтөрдүн эмгек акысын көбөйттү. Бул тууралуу шаардык мэриядан кабарланды.   Маалыматка ылайык, акыркы айда эмгек акы 2000 сомго көбөйтүлгөн. «Бул акча 15-августта 127 ташуучуга чегерилет. Ошондой эле жетекчилик айлыктарды август айында көтөрүүнү пландоодо»… Кененирээк…

Боомдо суу кечип жол кыймылын жөнгө салган инспектор кол саат менен сыйланды

Боомдо суу кечип жол кыймылын жөнгө салган инспектор кол саат менен сыйланды. Эске салсак, өткөн жумада нөшөрлөгөн жаандан кийин сел жүргөн. Кызматкер суу тизеден болсо дагы ишин уланта бергенин социалдык тармактарга жүктөлгөн видеодо көрсө болот.   Ички иштер министрлигинин басма-сөз кызматынан билдиришкендей, тасманын каарманы –… Кененирээк…

Кыргызстанда жогорку окуу жайларга кабыл алуунун төртүнчү кампаниясы жыйынтыкталууда

Кыргызстанда жогорку окуу жайларга кабыл алуунун төртүнчү кампаниясы жыйынтыкталууда. Билим берүү министрлигинин маалыматына ылайык, учурга карата 608 гранттык жана келишимдик негизде 66 миң 321 бош орун бар.   Бүгүн документтерди кабыл алуунун соңку күнү. Ал эми 15-августтан тарта акыркы тур старт алат.

Ошто таза суу маселесин чечүү үчүн 250 миллион сомдук тендер жарыяланды

Ошто таза суу маселесин чечүү үчүн 250 миллион сомдук тендер жарыяланды. Түштүк калаа мэриясынын маалыматына ылайык, бул каражатка суу дарбазасын куруу жана түтүктөрдү өткөрүү пландалууда.   Долбоорго каржылык колдоону Азиялык өнүктүрүү банкы бөлүп берди. Иштер 2 жылга эсептелет. Муниципалитеттен белгилешкендей, программа ийгиликтүү ишке ашкандан кийин… Кененирээк…

Кыргызстанда дизелдик отундун орточо баасы 70 сомдук чектен ашты

Кыргызстанда дизелдик отундун орточо баасы 70 сомдук чектен ашты.   Мындай маалыматты Улуттук статистика комитети тартуулады. Ушул айдын 10 күнүндө дизель дароо 2 сомго кымбаттап, 68 сомдон 70 сомго жетти.   Ал эми жыл башынан берки кымбаттоону ала турган болсок, ал 22 пайызды же 13… Кененирээк…

Сыртта жүргөн мекендештер айдоочулук күбөлүгүн алмаштырууда

Кыргызстандан тышкары жүргөн 2 306 жаран айдоочулук күбөлүктөрдү алмаштыруу маселеси боюнча дипломатиялык мекемелерге кайрылып, анын ичинен 1 881ине айдоочулук күбөлүк берилди. Бул тууралуу ИИМдин «Унаа» мекемесинин маалымат кызматы кабарлады. Мамлекеттик мекеме ушул жылдын 17-январынан тартып Кыргызстандын чет өлкөдөгү жайларында улуттук үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктөрдү алмаштыруу процедурасы… Кененирээк…

Катар Бишкекте жаңы оорукана курууга 1 миллион доллар бөлдү

Бишкек шаардык №6 көп тармактуу клиникалык ооруканасынын аймагына кошумча оорукана курулат. Саламаттыкты сактоо министринин убактылуу милдетин аткаруучу Жаркынбек Касымбековдун айтымында 75 орундуу заманбап медициналык жабдуулар орнотулган үч кабаттуу имарат курулат.   Анда оорукананын негизги бөлүгүн хирургия жана кайра жандандыруу бөлүмдөрү түзөрү пландалууда. Курулуш иштери Катар мамлекети тарабынан… Кененирээк…

Кыргызстан аймагындагы 1 миң 200 мектепке компьютердик класстар үчүн эмерек жеткирилип жатат

Кыргызстан аймагындагы 1 миң 200 мектепке компьютердик класстар үчүн эмерек жеткирилип жатат. Билим берүү министрлигинен билдиришкендей, бул максатта Дүйнөлүк банк “Келечек үчүн билим берүү” долбоорунун алкагында каражат бөлүп берген.   Мектептерге 15 стол, 15 отургуч, процессор үчүн 15 тумба берилет. Ал эми 8 педагогикалык колледжге… Кененирээк…

Жалал-Абад облусунда сел жүрдү

Жалал-Абад облусунда сел жүрдү. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, кечээ нөшөрлөп жааган жаандан кийин Ала-Бука, Аксы жана Чаткал райондорунда сел жүрүп, Ала-Бука – Каныш-Кыя унаа жолунун 20-25-чакырымы жуулуп кетти.   Андан тышкары, 4 сарайды суу каптаган. Жеринде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери жана атайын техника иштеп… Кененирээк…