Бишкек мэриясы көчөлөрдөгү күркөлөрдү жабуу маселесин карап жатат

Бишкек шаардык мэриясында көчө күркөлөрүнүн ээлери менен ижара келишимин бузуу маселеси каралууда. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, учурда шаардын борборунда мындай соода түйүндөрүн демонтаждоо иштери жүрүп жатат. «Келечекте калаанын борбордук көчөлөрүнө шаардын архитектурасына шайкеш келген бирдиктүү павильондорду орнотуу пландалууда. Учурда жаңы… Кененирээк…

Ош: Кара-Сууда суюк азот өндүрүүчү завод ишке кирди

Кара-Суу районундагы Катта-Талдык айыл аймагында суюк азот өндүрүүчү завод ачылды. Бул тууралуу аймактагы Айыл чарба долбоолорун ишке ашыруу бөлүмү билдирди. Маалыматка ылайык, суюк азот малды жасалма жол менен уруктандырууда колдонулат. Жаңы ишкана суткасына 312 литр суюк азотун чыгара алат, ал түштүк аймактарды камтыйт. Ал эми… Кененирээк…

Бишкекте үч көчөнүн бөлүктөрү бир тараптуу болот

Бишкекте үч көчөнүн бөлүктөрү бир тараптуу болот. Мындай чечимди мэрия жол тармагын жакшыртуу, жол коопсуздугун жогорулатуу, кырсыктарды жана унаа тыгындарын азайтуу максатында кабыл алды. Бир тараптуу кыймыл Шопоков жана Панфилов көчөлөрүндө Киевден Чүй проспектисине чейин жана Логвиненко көчөсүнө Чүй проспектисинен Киев көчөсүнө чейин киргизилди. Учурда… Кененирээк…

Ош шаарында директорлордун бош орундарына тестирлөө 23-августта өтөт

Ош шаарында мамлекеттик жана муниципалдык окуу жайлардын директорлорунун бош орундарына тестирлөө 23-августта өтөт. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. Мекемеден белгилешкендей, 17 бош орунга 100дөн ашык талапкердин катышуусу күтүлүүдө. Эске салсак, буга чейин Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустарында мектеп директорлорун сынактык тандоо… Кененирээк…

Кыргызстанда Санарип кодекс долбоору даярдалууда

Кыргызстанда Санарип кодекс долбоору даярдалууда. Санариптик өнүктүрүү министрлигинин маалыматы боюнча, анда технологиялык жөнгө салуунун бардык маселелери камтылат. Тактап айтканда, мамлекеттик кызматтарды алууда жарандар менен мамлекеттин ортосундагы өз ара аракеттенүү жөнөкөйлөштүрүлүп, онлайн кызматтарга толук өтүү процесси тездетилет. Документ келерки жылы коомчулукка жарыяланышы күтүлүүдө.

Кыргызстандын Венгриядагы маданият күндөрү жыйынтыкталды

Кыргызстандын Венгриядагы маданият күндөрү жыйынтыкталып, концерттик программа тартууланды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, иш-чара 10-августтан 15-августка чейин өттү. «Кыргыз элинин улуттук маданиятын чагылдырган фольклордук ансамблдин аткаруусундагы концерттик программанын алкагында Манас айтылып, улуттук ыр-күүлөрү жаңырып, көргөзмөлөр… Кененирээк…

“Диндердин өнүгүү тарыхы” предмети боюнча мугалимдерди окутуу башталды

Бүгүнтөн тарта облустук борборлордо “Диндердин өнүгүү тарыхы” предмети боюнча сабак бере турган мугалимдерди жана теологдорду окутуу башталды. Билим берүү министрлигинен такташкандай, жалпысынан 35 тайпа өз ишин баштады. Ар бир группада бирден мугалим жана бирден теолог сабак өтүүдө. Окуу 2-сентябрда жыйынтыкталат.

Кыргызстанда 1-сентябрга карата 20 мектеп пайдаланууга берилет

Кыргызстанда 1-сентябрга карата 20 мектеп пайдаланууга берилет. Бул тууралуу Novosti.kgге Мамлекекттик курулуш агенттигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, 10 билим берүү мекемеси мамлекеттик бюджеттин эсебинен, дагы 10у Сауд өнүктүрүү фондунун насыясына курулууда. Жаңы мектептер өлкөнүн бардык аймактарында пайда болот. Имараттардын сыйымдуулугу 100дөн 720 орунга чейин деп белгиленди.

Жер планетасынын калкынын саны расмий түрдө 8 млрдга жетти

Жер планетасынын калкынын саны расмий түрдө 8 миллиард адамга жетти. Мындай маалыматтарды реалдуу убакыт режиминде планетанын тургундарынын виртуалдык эсептегичи камтылган портал билдирди. Анын алкагында, Жердеги эркектердин саны 4 миллиарддан бир аз ашык, ал эми аялдар 3,9 миллиард калктын деңгээлинде экенин билүүгө болот.

Кыргызстанда жаштар арасындагы жумушсуздуктун деңгээли кыскарды

Кыргызстанда жаштар арасындагы жумушсуздуктун деңгээли кыскарды. Улуттук статистикалык комитеттен билдиришкендей, 2017-жылы жумушсуздуктун деңгээли 12 пайызды түзсө, былтыр тогуз процентке түшкөн. Маалыматка ылайык, жаштардын көпчүлүгү иш издеп туруктуу жашаганга башка өлкөлөргө көчүп кетишүүдө. Алар негизинен КМШ, анын ичинде Россия жана Казакстанда миграцияда. Жалпысынан мигранттардын дээрлик төрттөн… Кененирээк…