Дары-дармекти базарларда сатууга каршы программа иштелип чыгууда

Кыргызстанда дары-дармекти базарларда сатууга каршы программа иштелип чыгууда. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу Жаркынбек Касымбеков билдирди. Анын айтымында, бул программа ар бир таблетканы, имплантты жана протезди көзөмөлдөөгө жардам берет. Программа күзүндө пилоттук режимде башталып, жыл аягында толугу менен ишке киргизилери күтүлүүдө.

Ак-Суу районуна 42 млн сомдук 14 атайын техника тапшырылды

Ак-Суу районуна 14 атайын техника тапшырылды. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлугүнөн билдиришти. Маалыматка ылайык, жалпы суммасы 42 миллион сомду түзгөн атайын техникалар Ысык-Көл өнүктүрүү фондунун, жергиликтүү бюджеттин, Жаратылышты коргоо фондунун каржылоосу менен алынган.  

Милиция жарандарды окуу куралдарын сатып алууда этият болууга чакырат

Милиция жарандарды окуу куралдарын сатып алууда этият болууга чакырат. Тартип сакчыларынын айтымында, канцелярдык товарларды жана мектеп формасын массалык түрдө сатуучу жайларда көп адамдар топтолот. Арасында уурулар, чөнтөкчүлөр да болушу мүмкүн. Мындан улам, жарандар жеке буюмдарына жана акчасына сак болушу керек.

Жалал-Абадда балдар арасында футбол боюнча Кыргызстандын кубогу өтүүдө

Жалал-Абад шаарындагы «Курманбек» стадионунда 13 жашка чейинки балдар арасында футбол боюнча Кыргызстандын кубогу башталды. Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматы кабарлагандай, ага өлкөнүн 7 дубанынан жана Бишкек шаарынан жаш футболчулар катышууда. Балдар футбол лигасы тарабынан уюштурулган спорттук иш-чарага жалпысынан 8 команда катышып, алгачкылардан болуп оюн… Кененирээк…

Архитектура агенттигинин инвестициясы жарым жылда 30 млрд сомдон ашты

Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин инвестициясы жарым жылда 30 миллиард сомдон ашты. Мекеменин маалыматына караганда, декабрь айына чейин өлкөдө 87 объекттин курулушун бүткөрүү пландалууда. Анын ичинде 29 мектеп, 12 көп функционалдуу спорт зал, 9 бала бакча, 1 медициналык мекеме, 2 маданият объектиси,… Кененирээк…

Кыргызстанда малдын санын көбөйтүү үчүн насыя бериле баштады

Кыргызстанда малдын санын көбөйтүү үчүн насыя бериле баштады. Каржы министрлигинин маалыматы боюнча, долбоор сүттүн өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу максатында иштелип чыккан. Кредит дыйкандарга 500 миң сомго чейин, дыйкан чарбаларына 1 миллион сомго чейин берилет. Насыяны жылдык 6 пайыз менен үч жылга чейин күрөө менен алса болот.

Ислам шериктештиги оюндары: Ынтымак Мурдил уулу алтын медаль утту

Түркиянын Конья шаарында өтүп жаткан Ислам шериктештиги оюндарында кыргызстандык Ынтымак Мурадил уулу алтын байге алды. Маданият,министрлигинин маалыматына караганда, ал салттуу жаа атуу боюнча эркектер арасында 1-орунду ээледи. Соңку жыйынтыктар боюнча Кыргызстандын спортчуларында сегиз алтын, алты күмүш жана жети коло байге бар. Медалдардын көрсөткүчү боюнча Кыргызстан… Кененирээк…

Эртең жогорку окуу жайларга кабыл алуунун акыркы туру болот

Эртең жогорку окуу жайларга кабыл алуунун акыркы туру болот. Билим берүү министрлигинин маалыматына караганда, мектеп бүтүрүүчүлөрү жогорку окуу жайларына тапшыруу сынагына катышуу үчүн 17-август түшкү саат 2ге чейин өтүнмө бере алышат. ЖОЖго тапшыруу үчүн “Абитуриент online” автоматташтырылган электрондук системасы аркылуу каттоодон өтүү зарыл.

Кыргызстан 15 миллион сомдук медициналык жабдууларга ээ болду

Кыргызстан коронавируска каршы күрөштүн алкагында 15 миллион сомдук медициналык жабдууларга ээ болду. АКШнын Кыргызстандагы элчилигинен билдиришкендей, жардамды Кошмо Штаттарынын Эл аралык өнүктүрүү агенттиги көрсөттү. Анын алкагында Улуттук госпиталга, Чүй облустук ооруканасына жана Ош шаардык ооруканасына медициналык жабдуулар жөнөтүлдү. Маалыматка ылайык, коронавирус пандемиясы башталгандан бери аталган… Кененирээк…

Кыргызстанда энергетика компанияларын бириктирүү аяктады

Кыргызстанда энергетика компанияларын бириктирүү аяктады. «Улуттук энергохолдинг» ишканасы энергетика тармагын реформалоонун алкагында бир катар компаниялар ирилештирилгенин билдирди. Ага ылайык, энергетика тармагындагы бөлүштүрүүчү компаниялар «Кыргызстан Улуттук электр тармагы» акционердик коомуна бириктирилип, абоненттерди тейлеген бир мекеме түзүлдү. Ошондой эле «Бишкекжылуулуктармактары» акционердик коому «Электр станциялары» ишканасына кошулду. Мекемелерди… Кененирээк…