Баткенде жеке ишкер чакан ГЭС курду

Баткенде жеке ишкер чакан ГЭС курду. Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, гидроэлектрстанция Баткен районуна караштуу Кыштут айылында жайгашты. Кубаттуулугу 10 МВт болгон ГЭСтин сметалык баасы 7 миллион долларды түздү. Анын алкагында Кыштут айыл өкмөтүнүн Газ, Кыштут, Чарбак, Согмент жана Таян айылдарын электр энергиясы… Кененирээк…

«Тазалыкта» акчаларды чыгарып алуу боюнча коррупциялык схема аныкталды

«Тазалык» муниципалдык ишканасынан акча каражаттарын чыгарып алуу боюнча коррупциялык схема аныкталып, бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди. Иликтөө иштеринин жүрүшүндө «Тазалык» МИнын Бишкек шаардык мэриясынын түзүмдүк бөлүмүнүн кызматкерлери жеке кызыкчылыктары үчүн иш жүзүндө иштебеген же кыскартылган жана өлкөнүн чегинен тышкары жайгашкан адамдарга… Кененирээк…

Мэрия мектептерге 10,2 млн сомго технологиялык жабдууларды сатып алат

Бишкек шаарынын мэриясы эки мектеп жана бир бала бакчага 10 миллион сомдон ашык каражатка технологиялык жабдууларды сатып алат. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар сайтында жазылды. Тендерди мэриянын капиталдык курулуш башкармалыгы жарыялаган. Ага ылайык. Мурас-Ордо жана Алтын-Ордо конуштарында курулуп жаткан орто мектептерге, Кара-Жыгач конушундагы бала бакчага… Кененирээк…

Исламабадда Кыргызстан менен Пакистандын кызматташтыгы талкууланды

Исламабад шаарында Тышкы иштер министринин орун басары Айбек Артыкбаев саясий маселелер боюнча ТИМ аралык консультацияларга катышуунун алкагында Пакистандын тышкы иштер министринин биринчи орун басары С.Махмуд менен жолугушту. Ведомстводон билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен Пакистандын ортосундагы саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташуу маселелерин талкуулап, аймактык жана… Кененирээк…

Эртең колледждерге документтерди кабыл алуунун акыркы күнү

Эртең колледждерге документтерди кабыл алуунун акыркы күнү. Билим берүү министрлигинин маалыматына ылайык, абитуриенттер кечки саат 5ке чейин өтүнмөлөрдү бериши керек. Орто кесиптик окуу жайларына тапшыруу үчүн “Абитуриент online” автоматташтырылган электрондук системасы аркылуу каттоодон өтүү зарыл.

Ош жана Маниса шаарлары таза суу менен камсыздоо жаатында тажрыйба алмашат

Ошко суу менен камсыздоо тармагында тажрыйба алмашуу үчүн боордош Маниса шаарынан делегация келди. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди. Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетовдун чакыруусу менен Түркия Маниса шаарынын делегациясы Ош шаарына таза суу менен камсыздоо жаатында тажрыйба алмашуу максатында иш сапары менен келди.… Кененирээк…

Кыргызстанда элдик курултай өткөрүү жана делегат тандоонун жобосу бекитилди

Кыргызстанда элдик курултай өткөрүү жана делегат тандоонун жобосу бекитилди. Бул тууралуу маалымат президенттин расмий сайтында жарыяланды. Анда бул жобо «Элдик курултайдын укуктук макамы мыйзамдуу жөнгө салынганга чейин кыргыз элинин тарыхый салты болуп саналган элдик курултайды уюштуруу жана ишин жүзөгө ашыруу тартибин аныктайт” деп айтылат. Белгилүү… Кененирээк…

Бишкектеги Шопоков көчөсү түндүк багытты көздөй бир тараптуу болуп өзгөрдү

Бишкекте бүгүнтөн тарта Шопоков көчөсү түндүк багытты көздөй бир тараптуу болуп өзгөрдү. Милициянын кайгуул кызматы билдиргендей, кеп Киев көчөсүнөн Чүй проспектисине чейинки тилке жөнүндө болуп жатат. Жаңы эрежеге айдоочулардын ыңгайлашуусу үчүн инспекторлор алгачкы эки күндө протокол түзбөй, түшүндүрүү иштерин жүргүзүшөт. Эске салсак, 17-августтан тарта Логвиненко… Кененирээк…

Кыргызстанда калктын аялуу катмарына социалдык талондор берилет

Кыргызстанда калктын аялуу катмарына социалдык талондор берилет. Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигинин токтом долбоору коомдук талкууга коюлду. Талондор аз камсыз болгондор, пенсионерлер, инвалиддер жана социалдык камсыздандырууда каттоодо турган жарандар үчүн берилет. Ал аркылуу чач тарачтарда, мончо жана кир жуучу жайларда акысыз кызматтарды колдонсо болот.

Бишкекте УКМКнын ардагерлер кеңешинин мүчөлөрү үчүн жаңы имарат ачылды

Бишкекте УКМКнын жана ардагерлер кеңешинин мүчөлөрү үчүн жаңы имараттын ачылышы болду. Ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашкандай, ачылыш аземге УКМКнын жетекчилиги жана мекеменин өздүк курамы катышты. «Жаңы курулган имарат кызматкерлер үчүн иштөө шарттарына талапка жооп бере турган, керектүү заманбап жабдуулар менен толук камсыздалган», — деп айтылат… Кененирээк…