Нурдан Орунтаев Бишкектин вице-мэри болуп дайындалды

Бишкек шаарынын вице-мэри Нурлан Шаршеналиев ээлеген кызматынан бошотулду. Тиешелүү документке Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров кол койду. Калаа башчынын башка бир буйругу менен Бишкек шаарынын муниципалдык мүлк жана жер пайдалануу маселелери боюнча вице-мэри болуп Нурдан Орунтаев дайындалды. Ал буга чейин мэриянын Муниципалдык мүлктү башкаруу боюнча департаментинин… Кененирээк…

АКШнын тургуну чачын 33,5 метрге чейин өстүрдү

АКШнын тургуну чачын 33,5 метрге чейин өстүрдү. Аял бул чачын 40 жылдан ашык убакыттан бери өстүрүп келет. Мындай чачты жууганга алты бөтөлкө шампунь керектелет, кургатууга эки күн кетет. Көбүнчө аял чачын жерге сүйрөлбөшү жана мойнуна күч келтирбеши үчүн чүпүрөк менен ороп жүрөт. Анын мындай жетишкендиги… Кененирээк…

Бийлик накталай эмес төлөмдөргө өтүү процессин тездетүүнү тапшырды

Бийлик накталай эмес төлөмдөргө өтүү процессин тездетүүнү тапшырды. Министрлер кабинетинин башчысынын орун басары Адылбек Касымалиевдин айтымында, тиешелүү жабдуулар ири соода түйүндөрүндө гана эмес, кафелерде, медициналык клиникаларда жана мамлекеттик мекемелерде да болушу керек. Банктарга аппараттарды орнотуу боюнча иштерди уюштуруу сунушталып, Санариптик өнүктүрүү министрлигине жогорку сапаттагы интернет… Кененирээк…

Тоң районунда 100 орундуу бала бакча курулуп жатат

Тоң районунун Ак-Өлөң айылына 100 орундуу бала бакча курулуп жатат. Бул тууралуу Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондунан билдирди. Маалыматка ылайык, курулуш иштери толугу менен аталган фонддон каржыланууда. «Имараттын курулушунун жалпы тендерлик баасы 43 млн сомду түзөт. Курулуш 2020-жылы башталган, учурда экинчи кабатынын пайдубалы көтөрүлүп калды. Бала… Кененирээк…

Түркмөнстанда 1-сентябрга карата окуучуларга ноутбук белекке берилет

Түркмөнстанда 1-сентябрга карата 1-класстын окуучуларына ноутбук белекке берилет. Атайын модель 200гө жакын окутуу функцияларын камтыйт. Гаджеттер 2011-жылдан бери 1-класстын окуучуларына таратылып келет. Жалпысынан быйыл 160 миң бала ноутбук алат.

Ошто октябрь айында заманбап калкты тейлөө борбору ачылат

Ошто октябрь айында заманбап калкты тейлөө борбору ачылат. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министринин орун басары Айдарбек Мамбеткадыров билдирди. Анын айтымында, бүгүнкү күндө калаадагы калкты тейлөө борбору Араван жана Кара-Суу райондорунун тургундарын да тейлеп жаткандыктан узун кезек жаралууда. Белгилеп кетсек, жаңы калкты тейлөө борборундагы кызматтарга онлайн… Кененирээк…

Күзүндө Түркияда Кыргызстандын маданият күндөрү өтөт

Күзүндө Түркияда Кыргызстандын маданият күндөрү өтөт. Бул тууралуу маалымат Стамбул шаарында Кыргызстандын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин түркиялык кесиптеши Мевлюд Чавушоглу менен жолугушуусда белгилүү болду. ТИМден билдиргендей, жолугушууда Кыргызстан менен Түркиянын экономика жана соода, коопсуздук жана коргонуу, билим берүү жана саламаттыкты сактоо, транспорт жана энергетика,… Кененирээк…

Ошто кышка камылга көрүү иштери башталды

Оштогу «Жылуулук камсыздоо» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери кыш мезгилине камылга көрүү иштерин жүргүзүп жатат. Бул тууралуу аталган ишканадан билдиришти. Маалыматка ылайык, 88 отказандын баарында оңдоп-түзөө иштери жүрүп, кошумча ремонттоо иштери аткарылууда. Ошондой эле эскилиги жеткен түтүктөр толугу менен жаңыланып, ороп чулгоо иштери да аткарылып жатат. «Кыш… Кененирээк…

Бишкектеги ири өрт өчүрүлдү

Бишкек шаарындагы Ташкент көчөсүндөгү турак-жайдан чыккан өрт өчүрүлдү. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин билдиришинче, кырсык болгон жерде төрт бригада иштеди. «Алдын ала маалыматтарга караганда, ал үйдө жеке бала бакча болгон. Өрт ага жеткен эмес, жалпысынан 200 чарчы метр күйдү. Кырсыкта жабыркагандар жок жана анын кесепетин жоюу иштери… Кененирээк…

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тик учак башкара билген жарандарды издейт

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тик учак башкара билген жарандарды издейт. Мекеменин орун басары Урматбек Шамырканов билдиргендей, анын айлыгы кеминде үч миң доллар болот. Маалыматка ылайык, адис Кыргызстандын же башка өлкөнүн жараны болсо деле министрликке ишке орношо алат. Эске салсак, 13-августта Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жаңы атайын техникаларга… Кененирээк…