Башкы прокуратура «Кумтөр» ишканасын текшере баштады

Эсептөө палатасынын текшерүүлөрүнүн жыйынтыгы боюнча Башкы прокуратура «Кумтөр» ишканасын текшере баштады. Бул тууралуу  Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынын жетекчиси Сирожиддин Камолидинов билдирди.   «Текшерүү иштери кечээ, 23-августта башталды. Кылмыш ишин козгоо же козгобоо маселеси текшерүүнүн жыйынтыгына жараша болот», — деди Камолидинов. Белгилесек, «Кумтөр» толугу менен Кыргызстандын менчигине өткөндүгүнө… Кененирээк…

Лондондо сууну үнөмдөөгө багытталган эреже күчүнө кирди

Лондондо сууну үнөмдөөгө багытталган эреже күчүнө кирди. Бассейндерди толтурууга, унааларды жууганга жана короолорду сугарууга шланг, түтүктөрдү колдонууга тыюу салынды.   Ошондой эле, бакчаларды, жер тилкелерин дагы сугарууга болбойт. Бул аймактагы кургакчылыкка байланыштуу. Мындай чектөөлөр айдын башынан бери Улуу Британиянын башка аймактарында күчүнө кирди.

15 кыргызстандык спортчуга стипендия алууга сертификаттар тапшырылды

15 кыргызстандык спортчуга стипендия алууга сертификаттар тапшырылды. Бул тууралуу Улуттук олимпиадалык комитеттин башчысы Садыр Мамытов билдирди. Анын айтымында, спортчулар 2024-жылдын 31-августунда Парижде баштала турган Олимпиадага чейин ай сайын 500 доллардан алып турат.   Күтүлгөндөй, каражат аларга оюндарга жакшы даярдык көрүүгө шарт түзөт. Буга чейин олимпиадалык… Кененирээк…

Өлкөдө электрондук пломбаларды колдонуу боюнча долбоор сыноо иретинде кое берилди

Өлкөдө электрондук пломбаларды колдонуу боюнча долбоор сыноо иретинде кое берилди. Ага ылайык, ЕАЭБ мамлекеттеринен жүк ташыган унааларга атайын чиптер орнотулат.   Долбоор Евразиялык Экономикалык Бирикменин алкагында катышуучуларды навигациялык пломбаларды колдонууга даярдоо максатында ишке ашты. Республиканын салык кызматынын маалыматы боюнча, бул товарды чек арадан өткөрүүдөн тарта… Кененирээк…

Кыргызстанда электр энергиясына жаңы тариф киргизилип жатат – чектөөсүз

Кыргызстанда электр энергиясына жаңы тариф киргизилип жатат – чектөөсүз. Министрлер кабинетинин токтом долбоорун Өнөр-жай, энергетика жана кен казуу мамлекеттик комитети жарыялады.   Документке ылайык, электр энергиясынын баасы 1 киловатт-саатка 5 сом 4 тыйынды түзөт. Керектөөчү аны каалаган өлчөмдө жана каалаган максатта колдоно алат. Кышында үйлөрдү… Кененирээк…

Финляндияда бактарды кучактоо боюнча үчүнчү чемпионат өттү

Финляндияда бактарды кучактоо боюнча үчүнчү чемпионат өттү. Катышуучулар өз ара 3 номинация боюнча күч сынашты. Биринчиси – ылдамдык, бир мүнөттүн ичинде болушунча көп карагай жана ак кайыңдарды кучакташ керек.   Экинчиси – берилгендик, бир бак менен жылуу кучакташуу жана үчүнчүсү – фристайл – креативдүү жана… Кененирээк…

Бишкектин Эне-Сай конушунда Гидростроитель көчөсүнүн курулушу аягына чыгып калды

Бишкектин Эне-Сай конушунда Гидростроитель көчөсүнүн курулушу аягына чыгып калды.   Мэрия маалыматына ылайык, иштер анын Курманжан Датка көчөсүнөн Аул көчөсүнө чейинки тилкесинде жүрүп жатат.   Бул жерде ошондой эле “Аламүдүн” дарыясы аркылуу көпүрө курулууда. Жол колдонууга берилсе, базарды көздөй агылган тыгындар жоюлат. Калыбына келтирүү иштери… Кененирээк…

Кыргызстанда августта дизелдик отундун баасы 71 сомдон ашты

Кыргызстанда августта дизелдик отундун баасы 71 сомдон ашты. Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, айдын башынан бери солярка 3 пайызга кымбаттады.   Эгер августтун башында отундун бир литринин наркы 70 сом 53 тыйынга барабар болсо, 19-августта баалар 72 сом 87 тыйынга жетти.  Учурда эң кымбат дизель… Кененирээк…

Авариялык абалдагы мектептерде балдар окубайт

Авариялык абалдагы мектептерде балдар окубайт.   Буга мектеп билим берүү саясаты башкармалыгынын начальниги Самаркүл Умралиева ишендирди. Анын айтымында, кылдат текшерүүлөр жүргүзүлүп, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин корутундусу чыкты. Жалпысынан өлкөдө 245 мектеп авариялык абалда. Каражат бөлүндү, бир жылдын ичинде аларда оңдоо иштери жүргүзүлөт.   Ага чейин, айрым… Кененирээк…

Россиядагы жол кырсыкка жүк ташуучу автоунаанын айдоочусунун жүрөк оорусу себеп болгону айтылды

Россиядагы жол кырсыгына оор жүк тарткан машиненин айдоочусунун каргашага чейин каза болгону себепкер болгон. Бул тууралуу Кыргызстандын өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев маркумдардын сөөгүн жакындарына тапшырып жатып билдирди.   Министрдин айтымында маркумдардын сөөгүн алып келүү үчүн барган топ жеринде Россиянын ӨКМнин Ульяновск облустук башкармалыгынын башчысы… Кененирээк…